Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстандык аритмолог Орто Азияда жасала элек операция жасады

© Sputnik / Асель СыдыковаМиррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунун Электрофизиологиялык изилдөөлөр лабораториясынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, хирург-аритмолог Курбанбек Калысов
Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунун Электрофизиологиялык изилдөөлөр лабораториясынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, хирург-аритмолог Курбанбек Калысов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Жазылуу
Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунун Электрофизиологиялык изилдөөлөр лабораториясынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, хирург-аритмолог Курбанбек Калысов операция учурда 20дай бейтапка жасалганын айтты.
2017-жылдан тарта Кыргызстанда иштей баштаган Курбанбек Калысов буга чейин жергиликтүү врачтар электрофизиологиялык изилдөөчү аппараттын жардамы менен аритмиядан операция жасаша электигин Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстандык аритмолог Орто Азияда жасала элек операция жасады
Анын айтымында, аритмиянын түрлөрүнөн жабыркаган бейтаптарга аталган аппараттын жардамы менен бычак тийгизбей, наркоз сайбай операция жасалат.
"Электрофизиологиялык аппарат негизи Кыргызстанда бар болчу. Бирок аны иштетүүнүн татаалдыгынан, адистердин жоктугунан бир аз иштеп эле токтоп калган экен. Аритмиядан операция жергиликтүү дарыгерлер тарабынан жасалбай, сырттан чакырылып турган. Ошондуктан башка мамлекеттерде кадимки операция катары эсептелсе, бизде алгачкы ирет жасалууда. Мындай опреациялардын 6-7 түрүн жасадык. Алардын бири кош бойлуу кездеги аритмия болду. Бойго бүткөндө гормондук өзгөрүүлөр жана башка себептерден улам аритмия пайда болушу ыктымал. Мындай учурда дары ичүүгө да болбойт эмеспи. Биз кош бойлуулуктун 22-23-жумасына чейинки мөөнөттө операция жасайбыз. Мындан сырткары, үч өлчөмдүү (трехмерная) операция деген бар. Анда бейтаптын жүрөгү модель катары компьютерге түшөт. Андан аритмия кайсыл жактан чыгып, каерден бүтүп жатат, бир жерде айланып калган жокпу, баары көрүнөт. Андан соң операция жасалат. Буга катар жүрөктүн гис тутумуна электрот койгонду биз Орто Азияда алгачкылардан болуп киргизгенбиз. Гис тутумунун жолчолору аркылуу импульс жүрүп, жүрөк согот. Эгер анын согуу темпи чабал болсо, кадимки стимулятор койгондо жүрөк кыйналып калат. Бизден 2-3 жылдан соң бул операцияны Казакстан жасай баштады. Мындан сырткары, кардионейроаблация операциясын кылып келебиз. Мында жүрөктүн согуусу начар болсо стимулятор койбой, тамыр аркылуу келип аны көтөрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул операция да кошуна мамлекеттерде жасала элек. Биз кардионейроаблация жасалган өлкөлөрдөн окуп-үйрөнүп, бирок алардын ыкмаларын бириктирип, алчусун алып, өзүбүзгө ылайыкташтырып жөнөкөй ыкма иштеп чыктык. Бул операция учурда 20дай бейтапка жасалды", — деди Калысов.
Ал эгер дарыгер өзү жасап жаткан ишин так билсе эч кандай кооптуулук жаралбай тургандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0