Газ жаатындагы аргасыздык. Европанын өнөр жай тармагы кандай нук алат?

© AP Photo / Frank AugsteinГерманиядагы каз сактоочу кампа. Архив
Германиядагы каз сактоочу кампа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2023
Жазылуу
Европада көгүлтүр оттун баасы кымбаттап, миң куб метри 500 доллардан ашты. Саратандан улам электр кубатын керектөө да кескин өстү. Ушундай кырдаалда күтүлбөгөн жерден континенттеги эң ири Гронинген газ кени биротоло жабылууда.
Россияга каршы санкциялардын айынан жүздөгөн европалык ишканалар иштебей турат... Европа деиндустриализациядан кеп козгой баштаганын белгилейт Наталья Дембинская. Серепчинин ушул туурасындагы материалын РИА Новости сайты жарыялаган.

Азайган мунай көлөмү

Bloomberg агенттиги Гронингендеги кен казуу кайра ачылбай турганын маалымдады. Нидерланд өкмөтү ушундай чечимге келди. Мындай жагдай рынокко дароо таасирин тийгизип, көгүлтүр оттун 1000 кубу 560 долларга чейин көтөрүлүп кетти. Бул марттын аягындагы деңгээл, ал эми кен казуу төрт айга — 1-октябрга чейин жабылат. Аталган кен чөлкөмгө экологиялык залалын бир топ тийгизген. 2012-жылдан бери Гронингендин жака-белиндеги үч миңден ашуун үйдү түрттүрүшкөн, себеби ал жакта жашоо кооптуу болуп калган эле.
Өкмөт жабыр тарткандарга 30 жыл аралыгында 22 миллиард евро компенсация төлөп берүүгө убада берген. Гронинген кени 1963-жылдан бери казылып келди. Батыш Европа үчүн маанилүү ресурс эле. Бирок кендин көлөмү барган сайын азайгандан азайып отурган.
2013-жылы 53,9 миллиард куб метр казылганын эскерет каржылык талдоочу Марк Гойхман. 2021-жылы Nederlandse Aardolie Maatschappii агенттиги өндүрүш 6,5 миллиардды түзгөнүн кабарлаган. Ал эми чөлкөмдө газды жалпы керектөө — 480 миллиард. 15-июнда катуу көтөрүлүп кеткен баа кайра төмөндөдү. Анткен менен соңку жылдары Гронингендин салымы анчейин деле көп эмес, эки пайыздан ашпайт. Албетте, бул деле катуу кыйноого салбайт. Суюлтулган жаратылыш газы, үнөмдөө жана башка чаралар жардамга келет. Анан да европалык сактоочу жайлар 78 пайызга толгон. Ошентсе да рынокто кырдаал чыңалып турат.

Энергетикалык ресурстар менен жабдуудагы көйгөйлөр

Мээ кайнаткан ысыктын айынан Европадагы салкындаткычтар катуу иштеп, электр кубатын пайдалануу кескин өсүп кетти. Ошондой эле суюлтулган табигый газ алуучу ишканаларда сезондук ремонттук иштер, Норвегиянын түндүгүндөгү Hammerfest заводундагы кырсыктын да таасири жок эмес. Ал жакта экспорт июлдун ортосуна дейре чектелген. Бул эртеңки күнгө ишенимди өчүрөрү ырас, себеби Норвегия россиялык импорттун азайышынан кийин маанилүү булак болуп калганын белгилейт Bloomberg агенттиги.
Көз карандысыз өнөр жай эксперти Леонид Хазанов бул жагдай Европага жакшылык алып келбей турганын айтат. "Гронинген Нидерланддагы ички керектөө үчүн маанилүү болчу. Эми ал да башкаларга окшоп импорттон көз каранды болуп калат. Кошмо Штаттардан, Катардан, Нигерия, Азербайжан жана башка мамлекеттерден сатып алчу газдын көлөмүн көбөйтүүгө аргасыз болот", — деп түшүндүрөт ал.
Баасы да, болду-болбоду, кымбаттап, Европадагы энергетикалык каатчылыктын кезектеги эпкинине кептей турганын боолголойт Хазанов.
Европа биримдигинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европа өнөр жайынын кыйроосуна кадам калды. Экономикага сереп

Деиндустриализация көрүнүшү

Эң оболу реалдуу сектор аксайт. Былтыр Европа биримдигинде энергетикалык тармактагы ишканалар ресурстардын кымбаттыгынан улам биринин артынан бири жабылганы маалым. Атап айтканда, Slovalco (алюминий), Budel (цинк) жана ANWIL (жер семирткич), химиялык гигант Chimcomplex ишин токтоткон. Көпчүлүгү өндүрүш кубаттуулугун АКШ жана Кытайга чыгарып, натыйжада масштабдуу индустриялык миграция старт алган. Буга Европа биримдигинин жашыл экономикага нук алышы да себеп экени белгилүү. Электр кубатынын кымбаттыгы сымал эле экологиялык чектөөлөр да же өндүрүш көлөмүн кыскартып, же сыртка чыгарып кетүүгө түртөт.
2022-жылдын октябрында дүйнөдөгү ири химиялык BASF концерни Европадагы иш көлөмүн төмөндөтөрүн жарыялаган.
"Триллион долларга бааланган кен корунун жабылышы Түндүк-Батыш Европадагы өнөр жайга, анын ичинде Германиядагы Рур бассейниндеги ишке терс таасир этери ырас. Көбүнесе Бенилюкс өлкөлөрү, ФРГ жана Польша катуу зыян тартат. Көгүлтүр оттун таңсыктыгын кыйла кымбат баада Норвегия, Катар жана АКШдан импорттоо менен жоюуга туура келет", — дейт Сapital Lab партнеру Евгений Шатов.
Былтыр күздө эле европалык саясатчылар жаңыдан оозана баштаган деиндустриализация дагы ылдамдашы ажеп эмес.
"Жер алдындагы кампалар толук, бирок ресурстардын кору чексиз эмес, алар да түгөнөт. Мында эки жол бар: же газ жаатында Россия менен кадыресе кызматташууну кайра жандантуу керек, же табигый газ көп колдонулган бардык жаңы ишканаларды жабуу зарыл", — дейт Хазанов.
Сapital Lab адистери жашыл экономикадагы пландарында өз баштары айланып, өздөрүн туңгуюкка кептеп алышканын белгилешет. Энергетикалык каатчылык курчуп кете турган болсо Нидерланд бийлиги кайра айнып, Гронингендин ишин кайра жандантышы да ыктымал. Бирок ал үчүн, биринчиден, инфраструктураны жаңыртууга эбегейсиз инвестиция талап кылынат. Экинчиден, андай сценарий Европа биримдигинин көмүртектен баш тартууга багытталган күн тартибине каршы.
Түндүк агымдын жардырылышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Россия "Түндүк агымдардын" жардырылышы боюнча маселени кайрадан БУУда көтөрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0