Алжыбай карыш үчүн үч нерсе зарыл. Туура тамактануу боюнча маек

© Фото / Freepik / senivpetroКыз жашылча менен эт жеп жатат. Иллюстративдик сүрөт
Кыз жашылча менен эт жеп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2023
Жазылуу
Жайдын келиши менен туура тамактануунун актуалдуулугу күч алат. Коронавирустан кийин кыргызстандыктар жашылча-жемишке басым жасап, кыймыл керек экенин түшүнүп калды.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын педиатрия кафедрасынын профессору, туура тамактануу боюнча адис Турсун Мамырбаева болду. Биз туура тамактануунун мааниси жана жол-жобосу тууралуу сүйлөштүк.
— Жай мезгилинде кандай тамактануу керек? Учурда жаңы жемиштер да сатыкка чыгып жатат...
— Жайында эле эмес, адам жыл бою туура тамактанышы керек. Бирок жайында Кыргызстанда өскөн жер-жемиштердин баары бышып, базарга толуп турган маалда туура тамактанунун шарттарын аткарууга бир топ ыңгайлуу. Ар кимдин көнүп калган күнүмдүк рациону бар. Негизинен түрлөп тамактануу керек. Азыктар дагы дан азыктары, жашылчалар, мөмө-жемиш, белоктор, углеводдор жана таттуулар болуп топторго бөлүнөт. Май менен таттууларды колдон келишинче азыраак жеген оң. Эттин да ар кандай түрү бар. Кыргыздар жакшы көргөн уй менен койдун этинен башка канаттуу менен балыктын этин жеген жакшы. Фасоль, буурчак, быштак, жумуртка да адамга белок берет. Ушулардын баары күнүмдүк тамагыбызга керек. Бирок ар бирин колдонуунун өлчөмү бар. Мөмө-жемиштин бир күндүк көлөмү 400-500 грамм болушу керек. Айрымдар "үч алма 400-500 грамм болуп калат, ошону эле жеп койсом болобу" деп сурашат. Бул да туура эмес. Адам күнүнө үч башка жер-жемишти жеши керек. Мындан тышкары, эт азыктарын ар ким өзүнүн алаканына чактап жесе жетиштүү. Ар бир жеген тамактын курамына төрт түрдүү рацион кирет. Мисалы, эт азыгы, дан азыгы жана жашылча-жемиштер. Экинчиден, тамактангандан кийин ошого жараша кыймылдоо керек. Айрым жетишпеген үй-бүлөлөрдө аз тамактанып, бирок керели-кечке иштеген учурлар болот. Бул да туура эмес. Организм алсырап илдетке чалдыгышы мүмкүн. Канча тамак жесек, ошончо энергия сарптоого аракет кылган оң. Дени сак болуу үчүн кыймыл зарыл.
© Sputnik / Асел АкматКыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын педиатрия кафедрасынын профессору, туура тамактануу боюнча адис Турсун Мамырбаева
Профессор кафедры педиатрии КРСУ, специалист по питанию Турсун Мамырбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2023
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын педиатрия кафедрасынын профессору, туура тамактануу боюнча адис Турсун Мамырбаева
Чоң апа, чоң аталарды да ашыкча тамактандырып туруп, сыйлап жатабыз деп төргө отургузуп коёбуз. Бул муундардын оорушуна алып келет, ашыкча салмак коштуруп, оору чакырат. Анан да адам алжыбай жакшы карыш үчүн тамак-аш менен кыймылдан тышкары дайыма жаңы бир нерсе үйрөнүп турушу керек.
— Тамактануу принциби балдарда кандай болот?
— Оюнга же телефонго алаксып тамак жегиси келбеген балдардын жакшы азыктанбаганы ден соолугуна көп көйгөй жаратат. Балдардын ашказаны кичинекей болгону менен алардын калорияга болгон муктаждыгы көп. Анткени алар өсүп жатат, кыймылдуу болушат. Балдарда туура эмес тамактан пайда болгон илдеттер тез өрчүйт. Адистер ымыркайды алты айга чейин эмизип, андан кийин тамак-ашка аралаштыра баштоо зарылдыгын белгилеп келишет. Бала жалгыз эле кашага көнбөстөн ар түрдүү тамактын даамын билиши керек. Учурда ата-энелер таттуу сок берип, натыйжада балдар тамак жебей калууда. Анткени соктун курамындагы шекер канга киргенде курсак тоюп калгандай сезим калтырат. Ошондуктан баланын суусунун кандыруу үчүн жөнөкөй эле суу бериш керек. Мындан тышкары, баланын уйку бези 12 жаштан кийин талаптагыдай иштей баштайт. Ага чейин майды сиңире турган ферментти чыгарбайт. Ошондуктан 12 жашка чейинки балдарга майлуу тамак берип, алардын ичеги-карынын бузбаш керек. Майлуу тамакты баланын организми сиңире албайт. Балдардын уйку бези майды сиңире турган ферментти иштеп чыкпайт. Ошондой эле конфет, печенье өңдүү таттууларды рациондон алып коюу керек. Аябай эле жегиси келип жатса тамагын ичип бүткөндөн кийин гана бир-экини бериш керек.
Майлуу тамакты 12 жашка чейинки балдар сиңире албайт. Адистин түшүндүрмөсү
— Кышында жашылча-жемиш жебей калабыз. Ал эми жай мезгилинде организмдеги жетишпестикти толуктоого кам урабыз. Бул туурабы?
— А витамини көздүн жакшы көрүүсүн, теринин жакшырышын камсыздап, ар кандай жугуштуу оорулардан сактайт. Ал кызыл, сары жемиштерде көп. Этте жана сүттө да бар. Ал эми Д витаминин күндөн алабыз. Булар запас катары организмде сакталып турат. Мындан башка витаминдерди адам күнүнө алып турушу керек. С жана В витаминдери организмде сакталып турбайт. Аны күндө жеш керек. Кеч күзгө чейин жашылчалардын баары болот. Ал эми баасы анча кымбат эмес, укроп, кинза, сабиз, алманы кышында да жеш керек. Азыр тоңдуруп муздаткычта сактап жатышат. Бирок кыргыздар жашылчага көп көңүл бурушпайт, тамак катары көрбөйт. Жалкоолук да кылабыз. Ошол угутту тамакка кошуп койсо абдан пайдалуу. Анткени анда көп витамин бар. Кыргызстандыктардын көбү туура эмес тамактанат. Анемия болгон аялдардын саны жыл сайын көбөйүп жатат. Фолий кычкылы жетишпеген кыздардын, аялдардын саны 80 пайызга жетиптир. Балдар арасында А жана В витамини жетишпейт.
— Учурда организмде В12нин да тартыштыгы байкалып жатыптыр…
— Мурда мындай жетишпестик жашы өткөндөрдө жана ашказаны ооругандарда гана болот деген түшүнүк менен көп көңүл бурчу эмеспиз. В12 витаминин дарыканадан алып ичкен күндө деле ашказаны ооругандарга сиңбейт. Ошол себептен 50 жаштан өткөндөргө ийне саюуну министрлик протоколго киргизди. Кары-картаңдардын "бутум, тизем" деп баса албай кыйналып жатканынын дагы бир себеби ушул витаминдин жетишсиздигинен.
— Нарында эт менен камырга, ал эми түштүктө жемиштерге басым жасалат. Мунун баары климатка байланыштуу болсо керек?
— Албетте, климатка байланыштуу. Нарында суук болгондуктан керектүү энергияны тамактан эле алышат. Ошондуктан башка аймакка караганда калориялуу тамак-ашка басым жасалат. Атайын иликтөө жүргүзгөнүбүздө аз кандуулук Көл менен Нарында көбүрөөк болчу. Булар жер-жемишке, чөп-чарга алымсынбайт. Ал эми жашылчага көнгөн организм суук климатта жашагандардын тамагын көтөрө албайт. Калориялуу тамак жегенден кийин ошого жараша кыймылдоо зарыл.
— Керектүү витаминдерди жеп жаткан тамагыбыздан эле ала алабызбы?
— Кичинекей балдардын витаминге муктаждыгы көбүрөөк. Алты айынан эки жашына чейин темирди кошумча берүү керек. Мындан тышкары, кош бойлуу аялдарга да берилет. Ал эми эркек кишилер туура тамактанса эле аларга тамактын курамындагы микроэлементтер жетиштүү. Негизи 50 жаштан өтүп калганда фолий кычкылы, В12 витамини керектелет. Саламаттык сактоо министрлигинин бул жаатта стратегиялык планы болушу керек. Азыр турмушка чыга элек жаш кыздардын 85 пайызында фолий кычкылы жетишпейт, мындай жагдай кийин төрөлө турган баласынын саламаттыгына залал келтирет. Бул олуттуу маселе.
— Азыр интернетте ашыкча майлардан арылууга, дене мүчөсүн келишимдүү кылып жүрүүгө чакырыктар көп. Май организмде кандай функция аткарат?
— Организмде бир да грамм май болбосо жашоо бүтөт да. Себеби майдын көп функциялары бар. Мээде май көбүрөөк болот. Теринин алдындагы май болбосо ооруйбуз, үшүйбүз. Ички органдарды, бөйрөктү бир жерде кармап турган да май, ар бир клеткада бар. Майды такыр эле жоготуу туура эмес. Кара кесек эттин да 60 пайызы май. Ошол себептен кичине баланы кыйнап майлуу эт бербей эле койгон оң. Ашыкча салмактын да кереги жок. Анда ички органдардын баарын май каптап кетет. Сырткы келбетке көңүл буруу туура. Толук болуу да, өтө арык болуу да — оору.
Баланын талмага кабылганын алгач ата-эне байкабайт. Эпилептологдун видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2023
Баланын талмага кабылганын алгач ата-эне байкабайт. Эпилептологдун видеомаеги
Жаңылыктар түрмөгү
0