Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сатылканов: экологияны сактабасак 200 жылдан соң муз доору келиши мүмкүн

© Sputnik / Асел АкматУлуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов
Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов май айында аба ырайынын салкын болгондугуна байланыштуу мөңгүлөр эрибей, суу тартыштыгы жаралганын айтты.
Илимий борбор 1948-жылдан бери мөңгүлөргө метеостанцияларды жайгаштырып, байкоо жүргүзүп келет. Метеостанциялар Сары-Төр, Борду, Григорьев, Кара-Баткак мөңгүлөрүндө жайгашкан. Мындан сырткары, Кум-Төрдө метеостанция бар. Бул станциялар Ысык-Көлдүн тегерегинде Тескей Ала-Тоодо, Ак-Шыйрак массиви бул Кум-Төрдүн тегерегинде Нарын бассейни менен Сары-Жазда байкоо жүргүзүүгө шарт түзөт. Мисалы, Сары-Төр мөңгүсүндө 4 миң 80 метрде орнотулган метеостанциянын маалыматын алсак, 2021-жылы май айында абанын температурасы 2,4 градус суук болсо, 2022-жылы 0,4 быйыл 5,1 градус төмөн болгон. Кара-Баткактын маалыматы боюнча, 2020-жылы +1 градус, 2021-жылы +1,3, 2022-жылы +2,2 градус, ал эми быйыл -1,6 градус суук болгон. Бул быйыл ушул айда жылдагыдан күн салкын болуп мөңгүлөр жакшы эрибегендигинен кабар берет. Мындай маалыматты Рысбек Сатылканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Сатылканов: экологияны сактабасак 200 жылдан соң муз доору келиши мүмкүн
Анын айтымында, суу тартыштыгын жараткан дагы бир фактор — бул соңку жылдарда кардын аз жаап жатышы. Мисалы, 2015-2016-жылдары апрель айында кардагы суунун запасы 400 миллиметрди түзсө, 2017-жылдан тарта азайып отуруп, быйыл 180 миллиметрди көрсөткөн.

"Борбор азыркы Кыргызстандын аймагындагы мөңгүлөрдүн 1850-жылдан бери карай өзгөрүшүн иликтеген изилдөө жүргүздү. Ага ылайык, мындан 170 жыл мурда мөңгүлөрдүн көлөмү 11 миң 500 чарчы чакырымга жетсе, 1960-70-жылдары 80 миңди түзгөн. Азыркы учурда 6684 чарчы чакырым чыгат. Ал эми 13 миң жыл илгери биздин өлкөнүн аймагында 60 миң чарчы чакырым мөңгү болгонун илим аныктады. Мөңгүлөрдүн кыскаруу темпи соңку жылдары курчуган. Мисалы, мурда орто эсеп менен 1 метр 70 сантиметрден эрисе, кийинки учурда жылына 3 метрге чейин эрип турат. Бул кубулуш 9 стадияга бөлүнөт. Ар биринин аралыгы 1700 жылды камтыйт. Азыр биз 8-стадиясында турабыз. Эгер мөңгүлөрдүн эриши ушул калыпта уланса, анда 200 жылдан соң азыр айтылып жаткан глобалдык жылуулук токтоп, глобалдык суук же муз доору келиши ыктымал. Мында табияттын өзүнүн мыйзамыбы же адамдардын таасири канчалык деген суроо жаралат. Мен бир гана мисал көрсөткүм келет. БУУнун эл аралык климаттын өзгөрүшүн иликтеген окумуштуу эксперттеринин маалыматы боюнча, 2019-жылы парник газынын эмиссиясы 36,4 миллиард тонна болсо, коронавирус пандемиясы учурунда завод, фабрикалар ишин токтотуп, автомобилдик кыймылдар азайганда 2020-жылы 2,2 миллиард тоннага түшкөн. Мына ушундан эле антропогендик таасирдин канчалык экенин көрсөк болот", — деди Сатылканов.

Ал соңку 11 миң жылдын алкагын алып караганда учурда глобалдык жылуу температура өкүм сүрүүдө деп эсептесе болорун, ал эми жалпысынан алганда учурда глобалдык жылуулук эмес экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0