Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Айыл чарбаны табиятка зыян келтирбей жүргүзсө болот. Пермакультура деген эмне

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Бай Дыйкан" айыл чарбаны колдоо борборунун органикалык айыл чарбаны жана агробиотехнологияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жанара Бакирова
Бай Дыйкан айыл чарбаны колдоо борборунун органикалык айыл чарбаны жана агробиотехнологияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жанара Бакирова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Жазылуу
"Бай Дыйкан" айыл чарбаны колдоо борборунун органикалык айыл чарбаны жана агробиотехнологияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жанара Бакирова "пермакультура" түшүнүгүн чечмелеп берди.
Айыл чарбаны туруктуу жүргүзүүгө (пермакультурага) өтүү үчүн убакыт талап кылынат. Бул тууралуу Жанара Бакирова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Айыл чарбаны табиятка зыян келтирбей жүргүзсө болот. Пермокультура деген эмне
Анын айтымында, бул ыкма учурдагы салттуу айыл чарбасына альтернатива боло алат.

"Соңку жылдарда "пермакультура" деген түшүнүк кулачын жаюуда. Ал айыл чарбасын туруктуу жүргүзүү дегенди билдирет. Бул түшүнүктү алгач Жозеф Рассел Смит киргизип, айыл чарбаны табияттын балансын бузбай жүргүзүү керектигин айткан. 1970-жылдарда Европа, Япония, Австралияда аябай актуалдуу болгон. Себеби ошол учурларда адамзат азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, ресурстардын түгөнүүсү сыяктуу көптөгөн экологиялык көйгөйлөргө туш болгон. Пермакультура: жаратылышка байкоо жүргүзүү, ресурстарды үнөмдүү пайдалануу, калдыктарды аз чыгаруу жана табигый энергияны тиричиликке киргизип жайылтуу болуп, негизинен төрт принципке багытталат. Айыл чарбасын туруктуу жүргүзүүдө экосистеманы бузбай, балансты сактоо менен азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого шарт түзөт. Учурдагы интенсивдүү айыл чарба табиятка эбегейсиз терс таасирин тийгизип, жерлерди эрозияга учуратты. Мына ушуга дал ушул пермакультура альтернатива боло алат. Анткени анда жерди бир нечеге бөлүп, багбанчылык, жер-жемиш, дан эгиндери эгилет. Мындан тышкары, ошол эле фермада мал багуу дагы каралган. Түшүмдү адамга азык-түлүк, малга тоют катары колдонот. Ал эми калдыктарды компост, жер семирткич кылып кайра жерге себет. Башкача айтканда, айлампа системасы түзүлүп, үзгүлтүксүз түшүм алууга аракет жасалат. Ага өтүү жамааттык деңгээлде ишке ашса экономикалык пайда алууга дагы мүмкүндүк түзөт. Эң башкысы, буга өтүп жакшы түшүм ала башташ үчүн 3-5 жылдай убакыт талап кылынат", — деди Бакирова.

Ошондой эле ал пермакультура органикалык айыл чарба болуп эсептелерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0