Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Балдарга канча жаштан иштөөгө уруксат берилет?

© Sputnik / Асель СыдыковаЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлөгө жана балдарга кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Тодогелдиев
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлөгө жана балдарга кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Тодогелдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2023
Жазылуу
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлөгө жана балдарга кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Тодогелдиев 2022-жылы 111, ал эми 2023-жылдын I кварталында 36 бала эмгекке тартылганын айтты.
Кыргызстандагы балдардын көбү экономикалык жана үй-бүлөлүк себептерден улам иштөөгө аргасыз. Бирок алардын арасында өз каалоолорун ишке ашыруу үчүн ата-энесине билгизбей иштеп жүргөн бардар үй-бүлөнүн да балдары кездешет. Бул тууралуу Бакыт Тодогелдиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Балдарга канча жаштан иштөөгө уруксат берилет?
Анын айтымында, бала үйдө чоӊдорго жардам берип, алына жараша жумуш кылса бул эмгекке тарбиялоо деп аталат. Эгер ата-энеси менен кошо бирөөгө жалданып иштесе эмгекке тартылды деп эсептелет.
"Балдар эмгеги — баланы балалыктан, потенциалын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан жана алардын физикалык, психикалык өнүгүүсүнө зыян келтирген жумуш. Өлкөнүн Балдар жана Үй-бүлө кодексине ылайык, ар бир ата-эне бала 18 жашка чыкканга чейин керектүү нерсе менен камсыздап, билим берип, тарбиялап өстүрүүгө милдеттүү. Бирок ошол эле учурда ар бир ата-эне өзүнүн билгенине, шартына жараша багат экен. Ошондуктан Конституцияда баланы эмгекке тартууга болбойт деген ченем көрсөтүлгөн. Эл аралык келишим, конвенцияларга жараша да иш жүргүзүлөт. Эмгек кодексине ылайык, 14 жаштагы балдар мектептен бош убактысында ден соолукка зыян келтирбеген жана окуу процессин үзгүлтүккө учуратпаган жеңил жумуштарды аткаруу үчүн ата-энесинин биринин жазуу түрүндөгү макулдугу менен эмгек келишимин түзө алат. Мисалы, окууну эмгек менен айкалыштырган мектеп окуучулары үчүн 14 жаштан 16 жашка чейин күнүнө 3 саат, 16 жаштан 18 жашка чейин 5 саат иштесе болот. Балдар кодексинде балдар эмгегинин эң начар түрлөрүнө кулчулукта иштөө, баӊгизаттарын жүгүртүү, ден соолугуна зыян келтирген жайда (химиялык заттар бар жер, оор жүктөр, талаа жумушу) иштөө кирет. Мындай оор жумушка тартылган балдар 2021-жылы катталган эле. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2021-жылы 18 жашка чейин балдар иштөөгө болбой турган 700гө чукул жумушту аныктап чыккан. Мыйзамда иштеген балдар деген өзүнчө түшүнүк жок. Мындай балдар оор турмуштук кырдаалдагы балдар категориясына кирет. Кыргызстандагы балдардын көбү экономикалык жана үй-бүлөлүк себептерден улам иштөөгө аргасыз. Бирок алардын арасында өз каалоолорун ишке ашыруу үчүн ата-энесине билдирбей иштеп жүргөн бардар үй-бүлөнүн да балдары кездешет. Андыктан ата-энелер балдарынын эмне кылып жүргөнүн көзөмөлдөп турушу зарыл", — деди Тодогелдиев.
Ал Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактардагы башкармалыктары ар кандай турмуштук оор кырдаалда калган балдарды аныктап, мыйзам чегинде чара көрүп, жардам көрсөтүшөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0