Садыр Жапаров: Кыргызстан жакын арада сомду өзү басып чыгара баштайт

Президент Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2023
Жазылуу
Өлкө башчы өз сөзүндө Кыргызстандын каржы системасы, улуттук төлөм, банк системасы дүйнөлүк каржы-экономикалык кризистердин таасирине карабастан, өзүнүн бекемдигин көрсөтүп, өнүгүп келе жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Жакын арада Кыргызстан улуттук валютанын банкнотторун республика ичинде басып чыгара баштайт, тиешелүү иштер жүргүзүлүп, керектүү техника алынды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып билдирди.
Белгилей кетсек, салтанат Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жатат.
Өлкө башчы 1993-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынып, андан көп өтпөй эле улуттук валюта жүгүртүүгө киргизилгенин эске салды.
Советтик мезгилден кийинки өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан биринчилерден болуп улуттук валютаны кабыл алып, жүгүртүүгө чыгарган. Азыр артка кылчайып, ошол окуяларга баа бере турган болсок, бул чечим маанилүү кадам болгонун көрө алабыз. Кыргыз сому 30 жыл ичинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн туруктуулугунун символу жана өлкөнүн көз карандысыз экономикалык саясатынын негизги элементи болуп келди", — деди президент.
Жапаров кыргыз сомун киргизүү процессинде катышкан бардык адамдардын — ошол учурдагы Улуттук банктын төрагасы Кемелбек Нанаев, Улуттук банктын төрагасынын орун басары Эмил Абдуманапов, премьер-министрлер – Насирдин Исанов жана Турсунбек Чынгышев, вице-премьер Турар Койчуевдин эмгегин эскерип, валютаны киргизүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнө, сүрөтчүлөргө, тарыхчыларга жана экономисттерге ыраазычылык билдирди.
Президент өз сөзүндө Кыргызстандын каржы системасы, улуттук төлөм, банк системасы дүйнөлүк каржы-экономикалык кризистердин таасирине карабастан өзүнүн бекемдигин көрсөтүп, өнүгүп келе жатканын белгиледи.
Каржы рыногунун өнүгүүсүнө таасир эткен эң негизги фактор – бул калктын ишеними. Президент эл финансылык продукцияны керектөөчү катары каржылык уюмдардын ишине баа берерин, ошондуктан каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана дүйнөлүк тенденцияларга шайкеш келген каржылык технологияларды киргизүү жолу менен калктын ишенимин мындан ары жогорулатуу зарыл экенине токтолду.
Жапаров 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында каржы рыногун өнүктүрүү маанилүү багыттардын бири катары каралганын эске салды.
Ага жараша банк секторун андан ары өнүктүрүү үчүн төмөнкү багыттар боюнча иш алып баруу зарыл:
калкка жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу;
санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү;
санариптик сомду колдонуунун пилоттук долбоорун ишке ашыруу;
экономиканын реалдуу секторун колдоо үчүн жеңилдетилген каржылоо.
"Азыркы учурда дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуялар маалында тышкы каржы рынокторунда башка өлкөлөрдүн валюталарынын курсунун туруксуздугу байкалууда. Түзүлгөн жагдай Улуттук банктын каржылык институт катары маанилүүлүгүн көрсөтүп турат. Ал улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо, каржылык-банктык системанын туруктуулугун камсыз кылуу, ошондой эле калктын каржылык мекемелерге болгон ишенимин сактоо боюнча иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү улантышы кажет" — деди өлкө башчы.
Президент биргелешкен аракет, ак кызмат жана мекенчилдик жарандардын каржылык бакубаттуулугун, мамлекеттин финансылык туруктуулугун чыңдоодо алдыга коюлган негизги максаттарды ишке ашырарына ишеним артып, кыргыз сомунун 30 жылдык мааракеси шыктанууга, умтулууга, өнүгүүгө жана жаңы жетишкендиктерге себеп болсун деген тилегин айтты.
Ар кандай номиналдагы сомдук купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2023
Сомду киргизүүдө жашыруун комиссия иштеген. Улуттук валюта тууралуу 7 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0