Сомду киргизүүдө жашыруун комиссия иштеген. Улуттук валюта тууралуу 7 факт

© Sputnik / Табылды КадырбековАр кандай номиналдагы сомдук купюралар. Архив
Ар кандай номиналдагы сомдук купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2023
Жазылуу
Мындан 30 жыл мурун 10-майда республика аймагында улуттук валюта колдонууга киргизилген. Саясий жараян оңой-олтоң эле ишке ашкан эмес, жогору жактагыларга кошумча жоопкерчиликти жүктөгөн.
Sputnik Кыргызстан агенттиги сом тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Жашыруун комиссия. Советтер Союзунун ыдырашы менен 90-жылдардын башында мурдагы советтик республикалар өз алдынча кетип, ар бири өзүнүн экономикасын, чарбасын алдыга сүйрөгөн. Инфляцияга карабай СССРден калган рубль валюта катары колдонгон. Көп өтпөй 1992-жылдын башында Кыргызстан биринчилерден болуп өлкө аймагында улуттук валютаны киргизүүгө далалат кылып, ал иштер менен атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия иш алып барган. Курамына тарыхчы, сүрөтчү, экономист, финансисттер кирген бул топ жашыруун иштеп, башка республикалар да билген эмес. Комиссия жаңы банкнотанын жасалгасын, сүрөтү түшүрүлчү инсандарды, тарыхый жайларды тандаган. Андан сырткары, эл аралык каржылык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жогору жакта зарыл болгон чечимдерди кабыл алуу үчүн сунуштарды берген. Эл колдонуп жүргөн рублди сомго алмаштыруу, жаңы валютаны чет жактан бастырып чыгаруу өңдүү бир топ иштер менен алектенген.
© Sputnik / РИА НовостиНовая национальная валюта в Киргизии – сом
Новая национальная валюта в Киргизии – сом - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2023
Кыргызстан биринчи болгон. Кийинки жылы 3-майда Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн улуттук валютаны киргизүү сунушун колдоп, ага үч адамдан турган жооптуу комитет түзгөн. Төрагалыкка премьер-министр Турсунбек Чыңгышев бекитилип, Улуттук банктын төрагасы Кемел Нанаев менен Улуттук илимдер академиясынын президенти Турар Койчиев мүчө болгон. Үчөөнө кеңири укук берилип, ошол эле маалда чоң жоопкерчилик да жүктөлгөн. Алар облус, район, ири базарлардын жетекчилерин, тиешелүү мекемелердин башчыларын топтоп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, 9-майда гана мурдагы советтик республикаларга Кыргызстан улуттук валютасын колдонууга киргизерин телеграмма аркылуу кабарлап, 10-май күнү таңкы саат 4төн баштап сом жүгүртүүгө чыгарылган. Ошентип, Кыргызстан КМШда биринчилерден болуп рублден четтеп, өз валютасын колдоно баштаган. Кыргызстандан соң башка союздук республикалар да өз валютасын киргизүүгө аракет кылган.
© Sputnik / Табылды КадырбековМиллион сомдон ашык салыкты жашырып койгон ишкер жана ишкана аныкталды
Миллион сомдон ашык салыкты жашырып койгон ишкер жана ишкана аныкталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2023
Өкмөт чет өлкөдөн насыя алган. Экономикалык оор учурда республика башында тургандар ал кадамга эртели-кечпи бара турганын сезген жана чоң тобокелчиликтерге даяр болгон. Өкмөт суроо-талап жогору болгон азык-түлүктү чет өлкөдөн алган насыянын акчасына алдын ала арзан баада ири көлөмдө алып келип койгон. Муну менен өкмөт базардагы бааны кармап турууга аракет кылган.
14 миллиард рубль алмаштырган. Жаңы валютанын колдонууга кириши менен Кыргызстан экономикалык, каржылык, банктык, насыялык саясатын өз алдынча жүргүзүүгө жетишкен. Эл колундагы рублин банктарга өткөрүп, анын ордуна жаңы сомдорду алган. 10-майдан 14-майга чейин банктардан 14 миллиард рубль алмаштырылган. 200 рублге бир сом берилген. Мындай жараян кийин бир нече жолу кайталанган эле.
Англиядан чыккан банкноталар. Эң биринчи банкноталар кыргыз тараптын буюртмасы менен Англиядан басылып чыккан. Ал эми темир тыйындар борбор калаадагы Ленин заводунан даярдалган. Анда бир, 10 жана 50 тыйын менен бир, беш, он, жыйырма сомдук банкноталар чыккан. Алардын дизайны өтө жөнөкөй жана коргоочу элементтери аз болгондуктан бир жылдан кийин жаңы сериядагы акчалар басылып чыгып, ага 50 жана 100 сомдук купюралар кошулган.
© Sputnik / Табылды КадырбековОбращение сома в КР
Обращение сома в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2023
Сынактарды багындырган сомдор. Кыргызстандын улуттук валютасы кабыл алынгандан бери жаңы коргоо белгилери, өзгөчө дизайн менен жалпы беш жолу басылып чыкты. Акчалардын бир бетине кыргыздын көрүнүктүү маданият, коомдук ишмерлери тартылса, экинчи бетине тарыхый-архитектуралык жайлардын сүрөтү түшүрүлгөн. Ал эми 2010-жылы чыгарылган 5000 сомдук эл аралык “Жыл банкнотасы” сынагында финалга чыкса, 2018-жылы АКШда өткөн эл аралык конференцияда 2000 сомдук "Банкнота индустриясындагы мыкты инновация" номинациясынын жеңүүчүсү аталган.
КМШда туруктуу валюта. Сом жаңы колдонууга киргенде төрт сомго бир доллар сатып алууга мүмкүн эле. Азыр бир доллар 87 сомдун айланасында турат. Адистер КРдин улуттук сому КМШдагы туруктуу валюталардын бири болуп 30 жылдан бери колдонулуп, далай экономикалык каатчылыктарды башынан өткөргөнүн айтып келишет.
Ввод новой национальной валюты в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2023
Май айында 200, 500 жана 1000 сомдук акчалар жаңы үлгүдө чыгарылат. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0