"Фаттах" чөлкөмдөгү күч балансын өзгөртөт. Ирандын гиперүндүү ракетасы

© AP Photo / Hossein Zohrevand"Фаттах" Ирандын гиперүндүү ракетасы
Фаттах Ирандын гиперүндүү ракетасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
Жазылуу
Иран дүйнөдө гиперүндүү ракеталарга ээлик кылган төртүнчү мамлекет макамын расмий тастыктады.
Тегеран көп жылдык санкциялардын маңызсыз экенин далилдеп, жамааттык Батыш өлкөлөрүнүн эч бири гиперүндүүлөр клубуна кирбестигин эскертти. Мындай дагы бир технологиялык басынуу АКШ менен НАТОну көп полярдык дүйнөнүн катаал реалдуулугуна кайтарып жатканын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Тегеран 6-июнда 1400 чакырымга чейинки аралыкка ылайыкталган "Фаттах" гиперүндүү баллистикалык ракетасын расмий түрдө коомчулукка тааныштырды. Аталышы фарсчадан которгондо "жеңиш" дегенди билдирет. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аэрокосмостук күчтөрү аталган куралын 29-майда ийгиликтүү сыноодон өткөргөн. Дегеле ирандык алгачкы гиперүндүү ракетасынын жаралышы жөнүндөгү маалымат 2022-жылдын ноябрында пайда болгон. Пентагон анда буга ынанган да эмес эле.
IRNA агенттиги тарабынан мурдагы күнү жарыяланган тасма 44 жылдан ашуун Батыштын экономикалык кысымында турган өлкөнүн технологиялык лидерлигин, улуттук суверенитетин так айгинелейт. Иран гиперүндүүлөр клубунун Россия, Кытай, Түндүк Кореядан кийинки төртүнчү мүчөсү болуп калды. Бул факты Европа менен Азиядагы кызуу кандууларды акылга келтирип, Тегеранга башка континенттерде геосаясий салмакты кошот. Ирандын коргоо потенциалы Азия аймагында агрессорлор жазасыз калбай турганын көрсөткөн.
Ирандын чек араларына жакын коюлган америкалык Patriot зениттик ракеталык комплексинин негизиндеги аба чабуулунан коргонуу жана ракетага каршы тутумдары буталарын 5 Махка чейинки ылдамдыкта кармоого ылайыкталган. 15 Махка дейре (саатына 17 миң чакырымдан ашуун) ыкчам учушта кармалбас, маневрдүү "Фаттах" ракетасынын 1400 км ылдамдыгы Ислам революциясынын сакчылар корпусуна Израиль, Түркия, Азербайжан, Афганистан, Пакистан, Бириккен Араб Эмирлиги, Сауд Арабиясы жана бир катар өлкөлөрдүн бүтүндөй территориясындагы ракетага каршы тутум жана башка аскердик маанилүү буталарды болгону 6 мүнөт ичинде таамай жок кылууга мүмкүндүк берет. Албетте, Тегерандын негизги максаттары мурдагыда эле чөлкөмдөгү тынчтык жана туруктуулук бойдон калат.
Ирандын президенти аятолла Сейеда Эбрахим Раиси мурдагы күнү улуттук артыкчылыктарды да баса белгиледи. "Ракетаны душмандар бизге кол салбай, душмандарда агрессия жөнүндө ой да болбой тургандай күчүбүз болсун деп жасадык", — деди ал.
Экинчи баскычтагы катуу отундуу кыймылдаткычтын эсебинен "Фаттах" таамай ракетасы болжолдуу душмандын абадан коргонуу жана ракетага каршы тутумдарын жеңүү үчүн 15 Махка чейинки ылдамдыкта атмосферада жана анын чегинде маневр жасайт алат. Корпусун куроодо радиолокациялык толкунду басаңдатып, ракеталык кыймылдаткычтын инфракызыл нурдануусун азайтуучу көмүртектүү була колдонулгандыктан тактикалык мүмкүнчүлүктөрү кеңири.
Ирандык адистер кадыресе буталарды кыйратуу үчүн "Фаттахты" пайдалануунун кажети жоктугун, гиперүндүү ракеталар коргоо жана башкаруу тутумдарын жарактан чыгарып, жок кылуу үчүн ылайык экенин айтышууда. Калган ишти кадимки баллистикалык ракеталар жана сокку уруучу учкучсуздар аткарат.
Артемовскто жардырылган Украиналык танк - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украиналык контрчабуулдун жагдайы. Немец танктары кайрадан өрттөнүүдө
Ирандын коргоо өнөр жай комплексинин өкүлдөрү ракеталык куралдын тынымсыз технологиялык өнүгүшү жана заманга улам бапташтырыларын белгилешет. Гиперүндүү "Фаттах" (Fattah) – соңку айларда Иран Ислам Республикасы тарабынан тааныштырылган экинчи жаңы ракета. Мурдараак эле 2000 чакырымга ылайык, 1500 кг салмактагы Khorramshahr-4 баллистикалык ракетасы сыноодон ийгиликтүү өткөн. Khorramshahr-4төгү суюк ракеталык отун кыска убакыт аралыгында атылышын шарттайт.
Иран дрон жана ракеталарды чыгарууга атайын бүт дитин коюп жаткан убак, анткени согуш талаасында "акылдуу" (учкучсуз) курал тутумдарынын мааниси артууда. Ошондой эле кубаттуу ракеталар төртүнчү жана бешинчи муундагы истребителдерден алда канча арзан.
Ирандык "Фатех-110" (Fatih-110) 500 км, "Зольфагар" (Zulfiqar) – 700 км, "Дизфуль" (Dezful) – 1000 км, "Хорремшехр" – 2000 километрге чейинки чейинки аралыкка ылайыкталган ракеталары да ар кыл мамлекеттердин ракеталык тармагындагы адистердин бүйүрүн кызытат. 8000 км аралыкты багындыра турган, 750 кг салмактагы ирандык өндүрүштөгү дагы бир өзгөчө бирдик – "Киям-1" (Qiam-1) ракетасы. Анын мээлөөчү "акылдуу" тутумунун дүйнөдө теңдеши жок, ок атуучу түзүлүшү шахталык, мобилдик, ал түгүл кеме жана субмариналарга орнотууга болот.
Америкалыктар он жыл мурун эле Иран Аскер-деңиз күчтөрүнүн кемеге каршы ракеталар топтомунун, атап айтканда, 20-300 чакырымга чейинки аралыкка ылайык С-601, C-701, C-704, С-802, Nasr-1, Noor, ошондой эле Khalij Fars ракеталарынын майнаптуу экенин моюнга алган эле.
Ирандык ракеталар ыраактык, таамайлык жана кубаттуулугу жагынан тынымсыз өрчүп барат. 2020-жылдын 8-январында андай курал менен реалдуу бет келишкенде (америкалыктар тарабынан Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жетекчиси Касем Сулейманинин өлтүрүлүшүнөн кийин Иран Пентагондун Ирактагы базасына сокку урушунда) Вашингтон Тегеран менен жаңжалда артка чегинген.
Ирандын аскердик кубаттуулугу Азияда аскерий-саясий кырдаалга сөзсүз, жакшы жана дайым таасир этери турулуу. Март айында Тегеран менен Эр-Рияддын алакасынын "болуп көрбөгөндөй" жакшырышын эстеп коюу эле жетиштүүдүр.
Калыс баа берүү үчүн ирандык экономика (коргоо өнөр жай комплекси) Россия менен Кытайга таянарын эске алуу керек. РФ менен КЭРге каршы киргизилген санкцияларды эске алганда өз ара көз карандылык күчөйт. Анан да Иранда 42 өлкөдөн студенттерди тартып турган билим берүү тутуму, өнүккөн IT тармагы бар. Туруктуу илимий-өнөр жай базасы – гиперүндүү жарышта ийгиликтин негизи.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Калашников компаниянын ППК-20 тапанча-пулемету. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн ынанымдуу куралы. Мүнөздөмө
Жаңылыктар түрмөгү
0