Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Атайын аскердик операция: Украина Аскер-деңиз күчтөрүнүн соңку кемеси чөктүбү?

© Sputnik / Игорь Маслов"Юрий Олефиренко" орточо десанттык кемеси. Архив
Юрий Олефиренко орточо десанттык кемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2023
Жазылуу
Украиналык согуштук аракеттер театрынын реалдуулугу Батыштын акылга сыйбаган "инвестицияларына", элге айткан кептерине жана Россияны тез арада жеңүү боюнча купуя үмүттөрүнө түк төп келбестиги туурасында Sputnik агенттигинин аскерий баяндамачысы Александр Хроленко ой жүгүрткөн.
Россиялык аскердик бөлүктөр Украина Куралдуу күчтөрүн жана НАТОнун согуштук потенциалын, Киевдеги аскердик башкаруу борборлорун, Хмельницкийде сакталган акталган уран кошулган арсеналдарды, Одессадагы украиналык флотту ырааттуу түрдө жок кылууда.
Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо – тынчтыкка, Европадагы теңата жана бөлүнгүс коопсуздукка карай айкын жана алмашкыс жол. Атайын аскердик операция зонасында Россия дал ушу менен алек. Россиянын Аба-космостук күчтөрү 29-майда украиналык Аскер-деңиз күчтөрүнүн Одесса портундагы соңку согуштук кемесин ("Юрий Олефиренко" орточо десанттык кемесин) таамай сокку менен жок кылды. Украина Куралдуу күчтөрү жана НАТО үчүн бул чоң жоготуу. Украинанын колундагы дайра классындагы күзөтүү катерлери, тылдык камсыздоо кемелери, үйлөмө кайыктар олуттуу аскердик милдеттерди аткарып, десанттык операцияларды жүргүзүп же акватория менен жээкти күзөтө албайт.
Пентагон 31-майда Киевге 300 миллион долларлык аскердик көмөктүн жаңы 39 "топтомун" берерин жар салды. Бул сумманы ок-дары менен эсептесек, болгону 155 миллиметрлик калибрдеги 60 миң артиллериялык дүрмөт келет. Бул – эгер фронттун алдыңкы катарына чейин тынч жеткире алышса, украиналык артиллериянын беш күндүк нормасы. Россиянын аскердик бөлүктөрү Украина Куралдуу күчтөрүнун арсеналын, аскердик техникасын, резерв жана башкаруу борборлорун ырааттуулук менен жок кылууда.
Ал ортодо Польшада 1970-жылдары сууга кое берилген 773-долбоорго таандык "Юрий Олефиренко" орточо десанттык кемесинин (бул ошол эле 137-ОДК (орточо десанттык кемеси) жана "Кировоград") катаал тагдыры "көз карандысыз" Украинанын тарыхын чагылдырат. 773-долбоордогу сыйымдуулугу 1 150 тонналык орточо десанттык кемелерди Польшанын верфтеринде 1970-жылдардын башында кура башташкан. Алар жабдылбаган жээктерге аскердик техника артынган десантты деңиз аркылуу жеткирүүгө, аларды түшүрөрдүн алдында душмандын жээктеги күчтөрүн жок кылууга ылайыкталган.
Экипаж 41 кишиден туруп, ичине 6 танк жана 180 десантчы (же башка жүктөрдөн 350 тонна) батат. Кеменин узундугу – 81,3 м, туурасы – 9,3 м, сууга баткан бөлүгү – 3,6 м. Толук сүзгөндөгү ылдамдыгы – 18 узел, 12 узелде 3 000 миллге чейин сүзөт. 773-долбоордун кемелеринин түзүлүшү жөнөкөйлүгү, ынанымдуу жана үнөмдүүлүгү үчүн аскердик моряктар жогору баалайт. Анын артыкчылыгы катарында курал курамынын 9 800 метрге чейинки аралыкка ылайыкталган залптык октун реактивдүү тутуму (2х18 140 миллиметрлик WM-18 НУРС), аба чабуулунан коргоочу тутуму – 30 миллиметрлик АК-230 артиллериялык түзүлүш жана "Стрела" көчмө зениттик-ракеталык комплексинин ок атуу түзүлүштөрүнөн турганында.
АКШнын Украинага аскерий жардамы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон Киевге 375 миллион долларлык жардам берилип жатканын айтты
1973-жылы советтик Аскер-деңиз флотунун курамындагы 137-орточо десанттык кемеси араб-израилдик жаңжал зонасындагы душмандын чабуулунун мизин кайтарып, ал тургай Порт-Саида акваториясында израилдик F-4 Phantom истребитель-бомбалоочусун атып түшүргөн. Украиналык желектин алдында 2010-жылы аталышы өзгөртүлгөн ("Кировоград") кемени машыгуу маалында жалын жалмап, ок-дарысы от алып, экипаждын бир нече мүчөсү набыт болгон. Версиялардын биринде украиналык эле Су-25 чабуулчусунун бортко тескелбеген ракета менен сокку уруусунан өрт чыкканы айтылган.
Кийин 2016-жылы аталган орточо десанттык кемеге жаңы ат коюлуп, украиналык "Юрий Олефиренко" кыска кызмат өтөп калды. 2022-жылдын жайында согуштук аракеттер районунан чыгарылып, командачылыктын буйругун аткарып, Днепр лиманын күзөтүүдөн баш тарткан экипаждын "төмөн моралдык-психологиялык" абалынан улам деген себеп менен Очаковдон Одессага которулган.
Тарыхый бир тамашаны караңыз, кезегинде советтик спецназчы Олефиренко Афганстандагы 40-армиянын 459-өзүнчө ротасында кызмат өтөп, көрсөткөн эрдиги үчүн Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. Рязанск командалык окуу жайынын бүтүрүүчүсү кийин Украинада атайын багыттагы бөлүктөрдө, анын ичинде Очаковдогу 73-деңиз борборунда кызмат өтөгөн. НАТОнун эл аралык коалициясынын литвалык контингентинин курамында Афганстанга 2007-жылы кайтып барган. 2010-жылы запаска калып, бирок 2014-жылы жайында өз ыктыяры менен аскердик кызматка кайтып, Кировоград облусундагы территориялык коргоонун 42-батальонун жетектеп калган.
SCMP (Гонконг) басылмасы: "Вашингтон, Лондон менен Брюссель Зеленскийди Россия менен аягы көрүнбөгөн жаңжалында инструмент катары пайдаланууда. Алар жаңылышат, Украина алардын жардамы тийсе да туруштук бере албайт, күндөн-күнгө азая берет. Ал эми америкалыктар Украинаны жакында таштап басып кете берет. Аскердик жана каржылык көмөктөн тышкары батыштык өнөктөштөрү эгемен отуз жыл аралыгында жарандардын ойлорун таптакыр башка нукка буруп койгону үчүн да Киев азыр кармалып турат окшойт", – деп болжоп жазган.
Батыш Россия менен болгон экономикалык согушта утулуп, Украинадагы прокси-согушта жеңилүүдө. Пентагондун башчысынын мурдагы кеңешчиси полковник Дуглас Макгрегор Judging Freedom Youtube каналына берген маегинде АКШ бийлиги Россияга карата катуу жаңылышууда деп билдирген. "Алар 1990-жылдардагы чабал, экономикасы кыйраган, коому козголоң чыгарчудай ийгиликсиз мамлекет менен тирешип жаткандай ой жүгүртүп жатышат. Андай ойлор кеңири тараганы менен чындыкка коошпойт. Россиянын экономикасы азыр абдан күчтүү, ресурстары бар", —- деген полковник.
Reuters агенттигинин маалыматына таянсак, РФте өндүрүш 13-айда да өсүп, ал эми калктын жумуш менен камсыз болуу көрсөткүчү акыркы жыйырма жылда өтө тездик менен жогорулап келет. АКШ менен НАТОнун аскердик артыкчылыгы тууралуу азыр кеп кылуунун деле кажети жок. Батыштын "патриоттору" абада жок кылынып, ал эми НАТОнун "Украина" кемеси да чөгүп баратканы даана байкалып барат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар
Patriot зениттик ракеталык комплекстери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Patriot менен F-16: суу кечпей калган америкалык мифология
Жаңылыктар түрмөгү
0