Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Өч алам деп баш оорутпайм, андан маанилүү нерсе бар. Захар Прилепиндин маеги

© Фото / Telegram / Захар ПрилепинРоссгвардиянын учурдагы офицери Захар Прилепин. Архив
Россгвардиянын учурдагы офицери Захар Прилепин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2023
Жазылуу
Россгвардиянын учурдагы офицери Захар Прилепин Sputnik Ближнее Зарубежье каналынын суроолоруна жооп берди.
Прилепин Донбасста жаңжал башталгандан кийин аскердик кабарчы катары барып, андан соң ДЭР башчысынын кеңешчиси болуп дайындалган. 2016-2018-жылдары ДЭР армиясынын өздүк курамынын иштери боюнча спецназ батальонунун командиринин орун басары болгон. Январда ЖМКлар ал атайын операцияга ыктыярчы катары кеткенин жазган.
Үстүбүздөгү жылдын 6-майында Прилепиндин автоунаасы Россиянын Нижегород облусунун Боркский районундагы трассада жардырылган.
— Сизге жана Владлен Татарскийге каршы теракт уюштургандар жана аны ишке ашыргандарды кандай жазалоо туура деп эсептейсиз?
— Өч алуу менен башымды оорутпайм. Аман калган полктошторум менен Крещатикте, орустун шаары Киевде отуруп Крещатикке жетпей калгандарды эскерсек дейм. Дүйнөдө жеке кызыкчылыгын көздөгөн акылсыздар көп экени, "саясий украиначылык" христиан динине каршы келген жана көп курмандыкты талап кылган долбоор экени башынан эле белгилүү болчу.
Жашоодо азыр ыпластык көп, демек, азыр жеңиш гана маанилүү. Ушунун баарынын фонунда алсыз адамдардын аты-жөнүн эстеп мага эмне азап?
— Оор кылмыш, теракт жасагандар үчүн өлүм жазасын кайтарууга кандай карайсыз?
— Согуш жүрүп жатат. Согуш талаасында душман менен күрөшүүгө жол берилет. Бул тууралуу ыйыктар да айтып келген. Ыйык китепте атаңды кордогон киши өлүмгө татыктуу делет. Киев атасынан да ыйык нерсеге чеңгелин матырып, Ата Журтту сатып кетти. Атасы жана Ата Журту ыйгарган ысымынан баш тартты. Согуштан башка нерсе менен муну оңдоп-түзөөгө болбойт, анын үстүнө бир тараптан душмандашуудан башка ыкманын баары сунушталып иш жүзүндө сыналган.
Согуштун өзүнүн мыйзамдары, трибуналы бар. Террорчулар кандай болгон күндө да жазаланышы керек, жок кылынса андан бетер жакшы.
Бирок согуш жүрүп жаткан гана маалда. Согуштан кийин мунун баары кан буугандай токтоп, күнөөдөн арылуу жүрүшү керек.
Менин Россиямда "баш кесердин" расмий кызматы кимге эмне үчүн ыйгарылары мага түшүнүксүз. Согуш — азыркы көйгөйдүн баарын аскер кызматкерлеринин жардамы менен чечүү үчүн жетиштүү убакыт. Ошондон кийин орус дүйнөсүндө Василий Блаженныйдын собору, Блоктун ырлары, Свиридовдун музыкасы жана Левитандын живописи калыш керек, бүттү, башка нерсе биротоло жоголушу зарыл.
Бир ирет "Гайлер" тасмасына тартылып жүргөндө өмүр бою эркинен ажыратылгандардын жанында бир сутка жүрүүгө уруксат беришти. Бир күн бою ошолор дем алган аба менен дем алып, сөзүн угуп, көздөрүн көрдүм. Өлүм жазасын сунуштап жаткандардын баарына ушул жерге бир суткага барып көрүүнү сунуштаар элем. Көп нерсе өзгөрөт, анткени ал жердин өзү тозок.
Ооба, мен пацифист эмесмин, 10 жыл күч түзүмдөрүндө кызмат кылдым. Адамдардын өлүмүнө согуш учурунда гана жол берилиши мүмкүн. Ойлонуп көрсөңүздөр. Бизде көп учурда Сталинди мисал келтиришет. Ал 1947-жылы өлүм жазасын алып салган. Мени Сталин эмнеге мындай кадамга барды болду экен, эмнени ойлонду экен деген суроо көбүрөөк түйшөлтөт.
Бүгүнкү террорчуларды коркута да, өлтүрө да албайсың.
Террорчулардын баарын бир учурда жок кылуу — бул Киевдин үстүнөн желбиреген кызыл желек.
Белгородду аткылоонун кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина аскерлери Белгороддо убактылуу жайгашкан элди аткылады. Каза болгондор бар
— Украина Москвага дрон менен чабуул жасады. Айрым адистер аны Россиянын аймагында "уктап жаткан" украин согушкерлери жасашы мүмкүн экенин айтып жатышат. Украина 2014-жылдан бери Россияда жакшы конспирацияланган террордук ячейкаларды түзүп койгон дегенге пикириңиз кандай? Биздин аймакта мыйзамдашып алган ал согушкерлерди кантип аныктайбыз?
— Атайын кызмат териштирип алат, мен бул жаатта адис эмесмин. Маселе эгер алар биздин аймакта туруп теракт жасай алса, биз алардын территориясынан мындан он эсе күчтүү акцияларды өткөрө аларыбызда.
Ковпак тууралуу китепти экрандаштырып көрөлүчү. Баарын тиги тарап үчүн реалдуулукка айланткыла. Эмне себептен 100 кишини атып салсак маселе чечилет деген ой сиңип калган? Алдыбызда алда канча масштабдуу тапшырмалар турса биз беш кишини жок кылып салбайлыбы, жардам берип калгысы бардыр деп отурабыз.
Маселе эмнеде экенин билесизби?
Бизде өлүм жазасын антисоветтик көз караштагы адамдар, башаламандыкты жеңүүнүн символу болгон Дзержинскийди Лубянкага кайтарууга жол бербегендер жактап келишет.
1918-жылы большевиктер Жарандык согушту да, террорду да каалашкан эмес. Анткени бийликти алып коюшкан эле. Өз мамлекетин курууну каалашкан. Анан эле террорчулук каршы чыкты. Большевиктер буга жооп иретинде баарын кырууга киришти.
Натыйжада мунун баары кандуу булоонго айланып, большевиктер акыры жеңди, бирок 1939-жылга чейин өлтрүүгө туура келди да.
Кээде бир нерсени баштабай койгон туура болот.
Бүгүнкү күндө мага 1918-жылдагы экинчи "чечен" кампаниясы оңдой сезилип турат. Мында кеп терррорго массалык террор менен жооп бербегенибизде деле эмес. Армиябыздын да даярдыгы мыкты болчу. Маселе мунун баарына бүтүндөй өлкөнү — Россияны жапырт аралаштырууда.
Россияга "оорум бар, чогуу шыпаа издейли" дешти.
Азыркы болуп жаткан нерсеге сереп салып карасак, өлкөнүн атайын операцияга тартылышына караганда коронавируска көбүрөөк көңүл бөлүнгөндөй. Атайын аскердик операция дээрлик орус жашоосунан тыш болуп жатат.
Демек, өлүм жазасынан кооптуу да, маанилүү да маселелер бар.
— Атайын операция кандай аяктайт деп ойлойсуз? Украин бийлиги менен элдешүү болушу мүмкүнбү? Операция соңуна чыккандан кийин Украинанын тагдыры кандай болот?
— Россиянын бир бөлүгүнүн экинчи бөлүгү менен келишим түзүүсүнүн эмне кажети бар? Мисалы, Львовдун макамы тууралуу ойлонуп көрсө болот болуш керек... Ушундай деңгээлде.
Мурункудай эле мен жакшы көргөн украин тилинин макамы тууралуу, советтик украин живописинин көргөзмөсү тууралуу жана башка маданий алакалар тууралуу бир пикирге келүүгө болсо керек. Бул деңгээлден ары кетпеш керек.
— Ден соолугуңузга аябай кабатыр болуп жатабыз...
— Рахмат, акырындап оңолуп келе жатабыз. Көп нерсеге көз карашым өзгөрдү. Курман болгон досторумду сагындым. Бирок эч нерседен баш тарткан жокмун.
Токтоого укугубуз жок. Же багынып берүүбүз керек. Ушул эки эле жолубуз бар.
Россиянын Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Медведев Украинадагы чатак ондогон жылдарга созулушу ыктымалдыгын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0