Баткен: террордук уюмдун желеги табылып, ага бүтүрүүчү кыздардын тиешеси бар дешти

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРОбнаружение флага ИГ на территории средней школы в Кызыл-Кие
Обнаружение флага ИГ на территории средней школы в Кызыл-Кие - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2023
Жазылуу
Кыздардын жашаган жерин тинтүү учурунда "Ислам мамлекетине" тиешелүү болушу мүмкүн болгон ири көлөмдөгү адабияттар жана видеоматериалдар табылган.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. 25-майда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы орто мектептин аймагынан Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Ислам мамлекети" террордук уюмунун желеги табылган. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

25-майда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы орто мектептин аймагынан Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Ислам мамлекети" террордук уюмунун желеги табылган

25-майда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы орто мектептин аймагынан Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Ислам мамлекети" террордук уюмунун желеги табылган - Sputnik Кыргызстан
1/2

25-майда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы орто мектептин аймагынан Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Ислам мамлекети" террордук уюмунун желеги табылган

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

УКМКдан учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатканын айтышты.

УКМКдан учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатканын айтышты. - Sputnik Кыргызстан
2/2

УКМКдан учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатканын айтышты.

1/2

25-майда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы орто мектептин аймагынан Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Ислам мамлекети" террордук уюмунун желеги табылган

2/2

УКМКдан учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатканын айтышты.

"Кызыл-Кыя шаарындагы Айтматов атындагы орто мектептин аянтынан бүтүрүүчүлөрдүн урматына арналган тактанын жанынан тыюу салынган "Ислам мамлекети" уюмунун желеги табылган. Тосмонун дубалдарына "Сени кыйратканды жок кыл", "Сенин камераң сага жардам бербейт", "Аллах ыраазычылыгы үчүн музыка койбо" деген жазуулар калтырылган. УКМК менен Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө окуяга аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү А.М.У., И.З.З. жана М.М.Г. аныкталган", — деп билдирген аталган комитет.
2023-жылдын 2-июнунда соттун уруксаты менен аталган адамдардын жашаган жайлары тинтүүгө алынып, тыюу салынган мыйзамсыз, диний агымдарга жана "Ислам мамлекетине" тиешелүү болушу мүмкүн болгон ири көлөмдөгү адабияттар жана видеоматериалдар табылган. Аларды тартип коргоо органдар экспертизага жөнөткөн.
Кармалгандардын биринин уюлдук телефонунан 2023-жылдын 25-майында орто мектептин аймагына илинген "Ислам мамлекетинин" кара желеги даярдалып жатканы тууралуу видео табылган.
УКМКдан учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатканын айтышты.
Снаряддар менен гранатомет. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2023
Жалал-Абадда террордук топторго автомат, гранатомет саткан киши кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0