Россия менен абадан коргонуу системасын түзүүнүн мааниси канчалык? Маек

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүРоссиянын абадан коргонуу системасы. Архивдик сүрөт
Россиянын абадан коргонуу системасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Жазылуу
Кыргызстан менен Россия түштүк стратегиялык багыттагы коркунучтарды алдын алуу максатында улуттук аба космостук мейкиндигин бекемдөө үчүн аба чабуулунан коргонуунун бирдиктүү регионалдык системасын түзүүгө белсенди.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде атайын кызматтын ардагери Нурлан Досалиев болду. Биз Россия менен Кыргызстандын абадан коргонуу жаатында бирдиктүү система түзүү аракети тууралуу сүйлөштүк.
© SputnikАтайын кызматтын ардагери Нурлан Досалиев
Эксперт по безопасности, ветеран спецподразделений Нурлан Досалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Атайын кызматтын ардагери Нурлан Досалиев
— Кыргызстандын абадан коргонууга муктаждыгы бар беле?
— Негизи бар. Акыркы 30 жылдын аралыгында дүйнөдө кандай гана окуялар болгон жок. Югославия, Ирак, Иран, Сирия, Ливия жана Афганстан өңдүү мамлекеттерде согуш алгач абадан жасалган соккудан башталган. Аба аркылуу армияны да, ар кандай объектилерди да талкалашат. Азыр аскердик техниканын өнүккөн заманы, укмуш деңгээлге чыкты. Канаттуу ракеталар эң биринчи Америкадан чыккан. Эми ошол ракеталар модернизацияланып, ылдамдыгы саатына 1000-1500 чакырымга жүрө алат. Мындан тышкары, аба мейкиндигинин коопсуздугуна истребителдик авиация, бомбалоочу авиация, дрондор коркунуч жаратат. Азыр дронду абдан көп колдонуп жатышат. Террордук максатта пайдаланылган учурлар арбыды. Буларды алдын ала таап, көргөзүп, атып түшүрүүгө биздин мүмкүнчүлүгүбүз барбы деген суроо туулат. Демек, коргонуу системасы керек.
— Бирдиктүү система дегенде эмнени түшүнөбүз?
— Союз убагында алыскы Чоң Алай, Алай, Суусамыр, Нарын, Ысык-Көлдү мурда абадан коргонуунун чекиттери деп атап коюшчу. Элдин эсинде болсо аймактарда ак тоголок имараттар турчу эле. Так ошолор радиолокациялык чалгындоо жүргүзчү. Союз ураганда анын баары калды. Көп эле объектилер таланып, талкаланган. Кыргызстандын өз күчү бар, эмнеге өзүбүз коргой албайбыз дегендер чыгууда. Мурункудай система жок, былтыр Беларустан жаңы Печора – 2 БМ комплексин сатып алдык. Бирок бир-эки комплекс абалды оңдобойт. Андай комплекстен 40-50нү алуу керек. Андан өткөн укмуш, мүмкүнчүлүгү өнүгүп-өскөн С-300, С-400, С-500 деген россиялык комплекстер бар. Эми С-600дү чыгарып жатышат. Булардын мүмкүнчүлүгү укмуш. Мисалы, С-600 комплекси абадан урулган соккуну 2000 чакырым аралыктан таап көрсөтүп берет. Ал эми С-500 учакты болобу, ракетаныбы, 600 чакырымдан атып түшүрөт. Бизге аба мейкиндигибизге байкоо жүргүзүп, 2000 чакырымдан көз салып турган система керек. Бир комплекс эле 20-30 миллион доллар турат. Буга каражатыбыз жетеби? Азыркы бомбалоочу учактар саатына 1-1,5 миң чакырым жүрөт. Ал эми канаттуу ракеталар менен Сирияда колдонулган ракеталар саатына 1000 чакырымга чейин жетет. Гиперүндүү ракеталардын ылдамдыгы саатына 6000 чакырымды түзөт. Ал өлкөнүн бир учунан экинчи учуна 12 мүнөттө эле учуп жетет экен. Ошондо жөнөкөй истребителдер Кыргызстандын аймагын көп болсо 25 мүнөттө басып өтүп коёт. Биз ал убакыт ичинде эшикке чыкканга да жетишпейбиз. Ошол себептен чара көрүү керек. Бизге коргонууга кымбат комплекстер зарыл. Мурда Кыргызстанда "экинчи Швейцария болобуз" деген саясат жүргөн. Швейцариянын коңшулары Франция, Германия, Италия өңдүү өнүккөн өлкөлөр. Биздикичи?
© Sputnik / Табылды КадырбековНурлан Досалиев: былтыр Түркия Россиядан мыкты, заманбап коргонуучу комплекстен беш-алтыны сатып алды. Түркиянын абадан коргонуу жагынан эч кандай коркунучу жок. Бул жагынан дүйнөдө эң эле алдыга кеткен техника Россияныкы болуп жатат. Муну билишибиз керек.
Эксперт по безопасности, ветеран спецподразделений Нурлан Досалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Нурлан Досалиев: былтыр Түркия Россиядан мыкты, заманбап коргонуучу комплекстен беш-алтыны сатып алды. Түркиянын абадан коргонуу жагынан эч кандай коркунучу жок. Бул жагынан дүйнөдө эң эле алдыга кеткен техника Россияныкы болуп жатат. Муну билишибиз керек.
— Ошол эле учурда Кыргызстан кичинекей, эч кимге зыяны жок өлкө экенин айтып, абадан коргонуу системасын түзүүгө каршы чыккандар да болуп жатпайбы?
— Бекеринен Швейцарияны айткан жокмун. Акаевдин саясаты менен бейтараптуулукту карманып, армияны карабай койдук. 1999-2000-жылдары өлкөгө Баткенден моджахеддер басып кирди. Биринчи жылы автоматчан кирип келген 12 сакалчан эле элдин айласын кетирди. Андан кийинки жылы да бир ууч сакалчандар менен дүрбөлөң түшүп согуштук. Мамлекет болгондон кийин эл-жерди, чек араны коргоо керек. "Биз бейтараппыз, эч ким бизге тийишпейт" деп жатып алууга болбойт. Тарых көрсөтпөдүбү. Түркмөнстанды алсак, 30 жылдан бери "мамлекеттик нейтралитет" деген саясат менен келе жатат. Бирок, тилекке каршы, 2014-жылдан баштап Афганстан тараптан сакалчандардан көп эле кол салуулар болду. Ислам мамлекетиби, моджахетиби, айтор, кирип эле аскерлерин жайлап кетип жатты. Чек арада 100дөн ашык жоокери каза болгон. 2018-2019-жылы да окуялар кайталанды. Ошондо Гурбангулы Бердымухамедов Россия менен эки жактуу келишим түзүп, россиялык чек ара базасын ачкан. Ал жакта азыр аскерлерди окутат. Башкача айтканда, россиялык адистер чек арасын кайтарып берип жатат. Жакында эле өзүбүз деле Баткендеги окуяны деле көрбөдүкпү.
— "Эмне үчүн Россия? Түркия менен деле мамилебиз жакшы го" дегендер болуп жатат...
— Былтыр Түркия Россиядан мыкты, заманбап коргонуучу комплекстен беш-алтыны сатып алды. Түркиянын абадан коргонуу жагынан эч кандай коркунучу жок. Бул жагынан дүйнөдө эң эле алдыга кеткен техника Россияныкы болуп жатат. Муну билишибиз керек. Американын эң мыкты коргонуучу комплекстери Россияныкынан эки эсе алсыз. Мисалы, Россияныкы душманды 2000 чакырымдан, АКШныкы 1000 чакырымдан таап чыгат. Россия Федерациясы темир кол чатырын бизге тосуп берип жатканда, эмне үчүн андан баш тартышыбыз керек?
— Адистер барбы, системаны колдоно алабызбы?
— Келишим даяр боло элек. Бул системага Кыргызстан эле эмес, Казакстан, Армения, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусь да кирет. Эл аралык практикадан алсак, мисалы, Беларуска Россиянын техникасы алынганда беларусь офицерлери барып окуп келишет. Бул абдан чоң техника, муну физика-математиканы жакшы билген балдар өздөштүрүшү керек. Ошол себептен мылтык көтөрүп эле жүрө бербей балдарды заманбап ыкмаларга үйрөтүшүбүз зарыл. Муну бийлик келишимге сунуштаганы оң. Коопсуздук түбөлүктүү.
Акталган уран кошулган ок-дарылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Россия — Украина чырын курал сыноочу полигон катары пайдаланууда. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0