"Эксперименттер үчүн эрк керек". Кыргызстандык журналисттерге арналган SputnikPro

© Фото / Россия сегодня / Нина ЗотинаКыргызстандык журналисттерге арналган SputnikPro
Кыргызстандык журналисттерге арналган SputnikPro - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2023
Жазылуу
Бишкектен аталган иш-чарага Dostuk.media агенттигинин кабарчысы Ольга Долженкова менен Кыргыз-Россия славян университетинин (КРСУ) жаштар жана чыгармачылык борборунун директору, КР эмгек сиңирген артисти Галина Кетова барган.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik, Михаил Воробьев. Кыргызстандык маалымат каражаттарынын кызматкерлери узаган аптада "Россия сегодня" медиа тобунун Эл аралык мультимедиалык борборундагы мастер-класстардын алгачкыларына суктанып турушту.
Башында SputnikPro программасынын алкагындагы мастер-класстар Sputnik мультимедиа борборлорунда өтүп келген. Ал жактагы дарс окуп, семинар өтүү үчүн "Россия сегодня" медиа тобунун алдыңкы адистери каттап турушкан.
Эл аралык мультимедиалык маалымат борборундагы SputnikPro долбоорунун мастер-класстарынын артыкчылыгы – катышуучулар аталган медиа топтун аянтчасына келип, жеринде маалымат айдыңындагы акыркы жетишкендиктерге өз көздөрү менен күбө боло алышат. Мастер-класстардын биринчи топтомуна Абхазия, Армения, Беларусь, Кыргызстан жана Түштүк Осетиядан 12 журналист жана коомдук ишмер катышты.
Бишкектен аталган иш-чарага Dostuk.media агенттигинин кабарчысы Ольга Долженкова менен Кыргыз-Россия славян университетинин (КРСУ) жаштар жана чыгармачылык борборунун директору, КР эмгек сиңирген артисти Галина Кетова барган. Беш күн аралыгында кесиптештер мультимедиа контентин жаратуу жаатындагы билимин кеңейтип, ресурстарга трафикти тартуу, ошондой эле журналистикада нейросеть жана учкучсуз аппараттарды колдонуу боюнча маалымат алышты.
"Спикерлер жана сиздердин алдыңыздарга чыгып, кесипке тиешелүү кайсы бир темалардан кеп сала турган адамдар агенттиктеги тигил же бул багытта иш алып барган күчтүүлөрдөн экенин айткым келет. Ошондуктан сиздерге кызыктуу жана пайдалуу болоруна ынанып, бул жерде алган маалымат, өздөштүргөн жөндөмдөрдү өз ишиңиздерде колдоно аласыздар деп ойлойм", – деп кайрылган эле семинардын алгачкы күнү "Россия сегодня" медиа тобунун башкы редакторунун орун басары Андрей Благодыренко.
© Фото / Россия сегодня / Нина ЗотинаМастер-класс "SputnikPro на Зубовском" в Москве
Мастер-класс SputnikPro на Зубовском в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2023
Кесиптештерге агенттиктин басма сөз борборлорунун, ал тургай 1991-жылы журналисттер менен ГКЧПнын мүчөлөрү баарлашкан залдары кошо көрсөтүлдү. Эски көрүнүшүнөн из да жок, азыр баары жаңыртылып, акыркы үлгүдөгү техника менен жабдылган. Ошону менен бирге эле мастер-класстын катышуучулары RT телеканалынын студиясын да аралап чыгышты.
Сабактардын биринде меймандар VR туулгаларды кийип, агенттиктин кызматкерлери иштеп чыккан виртуалдык реалдуулукта да болушту. "Россия сегодня" медиа тобунун Инновациялык журналистика борборунун атайын долбоорунун шеф-редактору Артем Буфтяк кесиптештерине келечекте мындай технология журналистикада пайдаланыларын, ал эми программа жаратуу ал үчүн анчалык деле кыйынчылыкка туруп, кымбатка түшпөй каларын айтып берди.
"Бардык эле технологиялардай эле ал улам арзандап отуруп, адистер да көбүрөөк пайда болот. Ошондуктан он жылдан соң кайсы бир жергиликтүү окуу жайдын IT факультетинин студенти бүгүн биз жасап жаткан деңгээлдеги долбоорду сизге бир "Сникерс" жана 5 долларга жасап коёру ажеп эмес", – деп боолголоду ал. Ал эми акыркы сабакта катышуучулар тапшырма аткарып, сертификат алышты.
© Фото / Россия сегодня / Нина ЗотинаМастер-класс "SputnikPro на Зубовском" в Москве
Мастер-класс SputnikPro на Зубовском в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2023
"Чакырууну алганда сүйүндүм, себеби студенттер, жаштардын аудиториясына кандайдыр бир ойду жеткирип турган жаштар үчүн медиа мектебин ачуу качантан бери көңүлүбүздө багып келген ой эле", – деп айтып берди Sputnik агенттигине Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ) жаштар жана чыгармачылык борборунун директору, КР эмгек сиңирген артисти Галина Кетова. Анын пикиринде, жаш балдар кызыктуу форматты көрсө, медиа айдыңындагы кырдаалды өзгөртүп, маалыматтык күрөштө жеңишке жетүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар.
Dostuk.media агенттигинин кабарчысы Ольга Долженкова "Россия сегодня" эл аралык медиа тобунун сүрөтчүсү Алексей Майшев менен болгон баарлашууга катуу таасирленгенин жашырбайт. "Анын адамды тартып турган касиетине таң бердим. Өз ишине катуу берилгени алыстан эле байкалат. Адам өз ордун тапкан дегенге ал таасын мисал болсо керек. Алектенген иши жөнүндө ушундай берилип баяндады", – деп айтып берди ал Sputnik агенттигине. Ошондой эле Ольгага виртуалдык реалдуулук боюнча интерактивдик сабак аябай жаккан.
"Иммерсивдик журналистиканын келечеги бар", – деп эсептейт ал. Кесиптештердин пикиринде, кыргыз журналистикасында эки негизги көйгөй бар. "Биринчиден, кадрлар тартыш. Өз ишинин чыныгы адискөйлөрү азайып барат. Айрымдары сыртка чыгып, кай бирлери кесип алмаштырып кетишти. Анткени биздин тармак – эң туруксуз майдан. Көп маалымат каражаттары ачылып, кайра жабыла берет", – деп кейийт ал. Журналист айымдын айтымында, эксперименттер үчүн эрк жетишсиз.
© Фото / Россия сегодня / Нина ЗотинаМастер-класс "SputnikPro на Зубовском" в Москве
Мастер-класс SputnikPro на Зубовском в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2023
"Себеби жаңы форматтар, жаңы тренддерди азыраак ресурстар менен деле колдоно берүүгө болот", – деп белгилейт Ольга. Бирок Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин бир топ өлкөлөрдө жок артыкчылыктары бар. "Биз дайым бири-бирибизге кол сунуп, жардамга ашыгып турабыз", – дейт ал.
Долженкова оор кырдаалда "дайым кайсы бир тууган, дос, курбу-курдаштардын тууган-туушкандарын табууга болорун" түшүндүрөт. "Кайда болбосун, "операторуңдун алыс бир тууганы" болуп чыгып калат, ошол себептен, мүмкүн болбогон учурда да баарын тарта алабыз. Бул биздин бүтүндөй кыргыз калкына таандык көрүнүш", – дейт Dostuk.media агенттигинин кабарчысы Ольга Долженкова.
Орус жайынын ПоэZиясы ырлар жыйнагынын бет ачары өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Биздин саптар калсын... "Орус жайынын ПоэZиясы" ырлар жыйнагынын бет ачары өттү
Жаңылыктар түрмөгү
0