Биздин саптар калсын... "Орус жайынын ПоэZиясы" ырлар жыйнагынын бет ачары өттү

© Фото / Россия сегодня / Владимир Трефилов"Орус жайынын ПоэZиясы" ырлар жыйнагынын бет ачары өттү
Орус жайынын ПоэZиясы ырлар жыйнагынын бет ачары өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Жазылуу
RT телеканалынын редакциясы менен чыккан китепке 25 автордун ырлары менен поэмалары кирди.
МОСКВА, 18-май — Sputnik, Михаил Воробьев. "Россия сегодня" эл аралык медиатобунун маалымат борборунда "Орус жайынын ПоэZиясы" деп аталган ырлар жыйнагынын бет ачары болуп өттү.
© Фото / Россия сегодня / Владимир ТрефиловПрезентация сборника "ПоэZия русского лета"
Презентация сборника ПоэZия русского лета - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
"Жыйнактагы ырлар Крым, Донбасс, Украинада болуп келген жана болуп жаткан окуяларды чагылдырат. Жан кайгы, үмүт, алсыздык, кайрат-күч тууралуу саптар камтылган", — деди Russia Today телеканалынын башкы редакторунун орун басары Анна Белкина.
Ал согуш жөнүндө жазган акындар тууралуу журналисттер билгени менен алардын эмгеги көпчүлүккө белгисиз бойдон калып келгенин белгиледи. Жетекчинин айтымында, ошентип ал чыгармаларды калың элге жеткирүү идеясы пайда болгон.
"Поэзиянын бул коллекциясы Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу чыгармалардай эле биздин күндөрдүн маданий мурасы болуп каларына ишеним артабыз", — деди Белкина.
Китеп ушу тапта Москва, Санкт-Петербург, Казань, Ростов-на-Дону, Самара, Новосибирск, Екатеринбургдун ири дүкөндөрүндө сатылып жатат, башка шаарларга да жеткирилүүдө. Алматыдан да алууга болот. Мындан тышкары, "Читай город", "Буквоед", "Лабиринт", "Молодая гвардия", "Московский дом книги", "Торговый дом Москва", "Амиталь" түйүндөрүндө, ошондой эле OZON, Wildberries, "Лабиринт" жана "Яндекс" онлайн-платформаларында жеткиликтүү.
Ал эми бүгүндөн баштап бир ай бою "Литрес" платформасынан акысыз жүктөп алууга болот.
© Фото / Россия сегодня / Владимир ТрефиловПрезентация сборника "ПоэZия русского лета"
Презентация сборника ПоэZия русского лета - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
"Жаңы фронт поэзиясы окурман тарабынан кандай кабыл алынары кызык болуп жатат. Биргеликте бул багытты да жолго коёрубузга ишенем", — деди "Эксмо-АСТ" басып чыгаруу тобунун стратегиялык коммуникациялар департаментинин директору Екатерина Кожанова.
Анын айтымында, жыйнак 18-май күнү Санкт-Петербургдун китеп салонунда, 3-июнда "Красная площадь" китеп фестивалында, ошондой эле Москвада августта өтчү эл аралык китеп жарманкесинде да тартууланмакчы. Мындан тышкары, түрдүү китеп дүкөндөрүндө да бет ачары өтөт.
Жыйнактын авторлорунун бири Дмитрий Артис китептин мукабасындагы россиялык жоокердин прототиби бар экенине көңүл бурду.
© Фото / Россия сегодня / Владимир ТрефиловПрезентация сборника "ПоэZия русского лета"
Презентация сборника ПоэZия русского лета - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
"Сүрөттө президенттин жарлыгы менен Россия Баатыры наамы ыйгарылган адам тартылган. Бул бизди коргоп турган, тынч жашообузду камсыздаган жигит", — деди Артис.
Анын айтымында, коомчулук кайсы бир убакта саткынчылыкты даңазалаган доордо жашап, акыры андан чарчады. "Бизге айкөлдүк, аруулук, жарык тартуулаган кадимки сөздүн идеалы керек", — деп сөзүн жыйынтыктады.
Акын Мария Ватутина жыйнакты адабияттагы тарыхый окуя деп баалады.
© Фото / Россия сегодня / Владимир ТрефиловПрезентация сборника "ПоэZия русского лета"
Презентация сборника ПоэZия русского лета - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
"Аскер бөлүктөрүндө, госпиталдарда жолугушууларды өткөрдүк. Фронтко жөнөп, согушту көрүп келгендер менен баарлашып жаттык. Андыктан биз чындыкты билебиз, ошол себептен атайын операция тууралуу биздин саптардын калышын каалайбыз", — деди Ватутина.
Бишкекте биринчи жолу россиялык Нюрнберг тасмасы көрсөтүлгөнүн Россиянын илим жана маданият борбору (Русский дом) кабарлады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2023
Тарых музейинде "Нюрнберг" тасмасы көрсөтүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0