Жер көчө турган аймакта жашаган 2 110 бүлө жардам алса да көчпөй жатат. Маек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүТоо этегиндеги турак үй. Архив
Тоо этегиндеги турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2023
Жазылуу
Быйыл республиканын түштүгүндө көчкү жүрүп, калктуу конушка коркунуч жаратты. Андан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер көчкү кооптуулугу тууралуу карта түзүү ишин колго алган.
Sputnik Кыргызстан редакциясында Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев болду.
© Sputnik / Асель СыдыковаӨзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев
Начальник департамента мониторинга и прогнозирования МЧС Даурбек Сакыев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2023
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев
— Кайсы аймактарда жер көчкү жүрүү кооптуулугу бар? Канчасы калктуу конушка жакын?
— Учурда аймактарда бардыгы жер көчүшү мүмкүн делген 4 554 учур болсо, анын 1186сы калктуу конуштарга жана инфраструктуралык объектилерге коркунуч жаратууда. Негизинен жер көчкү процесси республиканын түштүгүндө кездешип, кырсыктын 93 пайызы Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында өрчүгөн. Жаздын келиши менен жыл сайын нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам жаратылыш кырсыктары активдешет. Бул багытта министрлик тарабынан атайын комплекстүү иш-чаралар өткөрүлдү. Биринчиден, бул талаа изилдөө иштери. Жер көчөрү боолголонгон ар бир аймак март айынан июнга чейин байкоого алынат. Бүгүнкү күндө атайын адистердин жардамы менен жаңы технологиялар колдонулууда. Алар жер көчкү процесстеринин динамикалык жылышуусун, ошол жердеги жаңы пайда болгон жаракаларды каттоо боюнча жумуштарды жасайт. Анын жыйынтыгы менен жыл сайын биздин департамент тарабынан атайын жер көчкүнү божомолдоо китеби таратылат. Бул жылы да бардык жергиликтүү бийлик органдарына жана башка кызыкдар тараптарга бердик. Жылына облустарга 200 даана, ал эми айыл өкмөт башчыларына электрондук версиясы жиберилет. Бул китептин негизинде министрлик да, жергиликтүү бийлик да алдын алуу иштерин көрүшү керек. Анын ичинде ар бир кооптуу тилке көрсөтүлүп, картасы чийилген. Жердин санариптик моделин чийүү иштери да жасалып жатат. Жердин ортофотопланы атайын учкучсуз аппараттын жардамы менен тартылып, сүрөттөрдүн 3D моделдери түзүлүп, жер көчкү ыктымалдуулугу катталса, анын кооптуулук деңгээлин эсептеп чыгабыз. Ушунун негизинде департаментке сунуштар берилет. Жыл башынан эле жергиликтүү бийликке кооптуу аймактар боюнча 2 900 эскертме бергенбиз. Жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашап жаткан үй-бүлөлөргө чара көрүү керек.
— Кооптуу аймакта жашагандарды көчүрүү боюнча үгүттөө, түшүндүрүү иштери жасалууда. Учурда канча үй-бүлө шартынын жогунан көчпөй жатат?
— Коопсуз аймактарга көчүрүлүүгө тийиш жалпы 3 780 үй-бүлө бар. Анын ичинен 3300ү жер көчүшү мүмкүн деген жерде жашайт. Булардын 1190у — мамлекеттен жардам же жер тилкесин албагандар. Ал эми 2 110 үй-бүлө — жардам, жер тилкесин алса да көчпөй жашап жаткандар. Жакында эле Өзгөндөгү кырсыктан кийин Жалпак–Таш айыл өкмөтүндөгү 18 үй-бүлө тез арада коопсуз аймакка көчүрүрүлдү.
Мындан тышкары, биздин министрликтин жер көчкүлөрдү алдын алуу боюнча атайын долбоору белгиленген. Анын алкагында Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен иш башталып, эми республиканын 46 кооптуу аймагында атайын иш-чаралар өткөрүлөт. Тактап айтканда, анын 26 тилкесинде тектирлөө, жердин критикалык массасын төмөндөтүп, коркунучту басаңдатуу үчүн топурак төгүлөт. Экинчи компонентинде 26 тилкенин 20сына атайын байкоо системалары орнотулат. Жер көчкүнүн жылышын байкап туруучу атайын шаймандар бар.
Куруучу иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2023
Иш учурунда кырсыктаган бардык кызматкерге компенсация төлөнүшү керек. Маек
— Жер көчкүнү алдын ала аныктоочу технологиялар барбы?
— Жер көчкүнүн себептери көп болушу мүмкүн. Жаан-чачындын күчөшү, кышында кар көбүрөөк жаап, жазында тез эрип кетип, ошол аймакта нымдуулуктун жогору болушу таасир этет. Бул — климаттык факторлор. Мындан тышкары, геологиялык факторлорго жер кыртышынын түзүлүшү кирет. Түштүктө сары топурак болгондуктан тез нымдашып, жылышууга ыңгайлуу болот. Жер көчкүнү тез арада текши изилдөө мүмкүнчүлүгү жок, бирок аныктоо үчүн түрдүү ыкмаларды колдонобуз. Космостон алынган сүрөттөр менен жерине барып анализдеп, жарака кеткен жерлер каралат. Азыр жердин жылышын миллиметрге чейин так көрсөткөн шаймандар бар. Мурда калем менен блокнотту алып барып эле визуалдуу аныктоо жүргүзсөк, азыр кыска мөөнөттө атайын шаймандарды алдык.
— Жер көчкүнү канча убакытта изилдеп койсо болот?
— Биз март айынан баштап тынымсыз эле изилдей беребиз. Жаан-чачын көп жааса жылышуу процесси бар экени анык болот. Демек, жер көчөт. Республика боюнча иликтенет. Эң кооптуу аймактар Жалал-Абад облусунун Сузак жана Базар-Коргон райондорунда жайгашкан. Майлы-Суу шаарынын тегерегинде, Сүлүктү шаарында да жер көчө турган кооптуу тилкелер бар. Муну да дайыма тынымсыз изилдеп турабыз.
Учурда жергиликтүү бийлик менен кошо сел жууп кете турган жерлерди бекемдөө иштери жасалат. Бул үчүн бак-дарактарды отургуздук. Бирок бардык эле кооптуу жерлерге бак эккенге болбойт. Анткени айрымдары сугарганда, тескерисинче, жердин нымдуулугун арттырып, кооптуулукту күчөтөт. Илимдер академиясынын алдындагы Токой институтунун окумуштуулары менен биргеликте изилдөө жүргүзүп, алардын бүтүмү менен гана отургузабыз.
— Соңку учурларда мамлекетке, жашоочуларга ири зыян алып келүүчү жер көчкү катталдыбы?
— Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү жер көчкүдө адам өмүрүнө зыян келбесе да үйдүн короолорун басып калды. Аксы районунда да март-апрель айларында жер көчкөн. 2017-жылы 167 жер көчкү жүрүп, анын 69у өзгөчө кырдаал жаратып, Өзгөндө 24 үйдү басып калган. Жер көчкү процесси 5-10 жылда бир кайталанып турат.
— Былтыр Кара-Кече көмүр кенинин аймагында да жер көчтү эле...
— Жумгал районунун Кара-Кече көмүр кениндеги жер көчкү техногендик себептерден чыккан. Ага чейин тоонун аркы четинде жардыруу иштери жүрүптүр. 2008-жылы Боом капчыгайында жер көчүп, жолду бууп калган. Көрсө, жолду кеңейтип жатканда астыңкы массасын алып салгандыктан ал жер туруктуу болбой калган экен. Мындай техногендик учурлар көп каталат.
Эгер жер көчкүгө күбө болсоңуздар, жергиликтүү бийликке же Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тезинен кабарлоо керек. Ал эми бул учурда кандай аракеттерди жасоо боюнча бизде атайын окуулар бар. Негизинен кооптуу жайлардан көчпөй жаткандардын коопсуз жакка көчкөнү оң. Анткени адам өмүрү баарынан кымбат. Жаз келгенде арыктарды, каналдарды тазалоо да жаратылыш кырсыктарын алдын алат.
Арашан койлору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2023
Лизингге асыл тукум мал алуу жеңилдеди. Айыл чарба адисинин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0