https://sputnik.kg/20230524/kyrgyzstan-madaniyat-kinochular-tobokel-tasmasy-taberik-surot-1075607173.html
СССРде тартылган эң акыркы кыргыз тасмасы. "Тобокелдеги" таберик сүрөт
СССРде тартылган эң акыркы кыргыз тасмасы. "Тобокелдеги" таберик сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат. 24.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-24T20:09+0600
2023-05-24T20:09+0600
2023-05-31T16:23+0600
кыргызстан
маданият
таберик сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e7/05/18/1075607293_0:441:2200:1679_1920x0_80_0_0_692ebf8f7a70561faf2bded4e26f22b0.jpg
© Sputnik / Александр ФедоровСолдо биринчи отурган белгилүү кинорежиссер Жали Соданбек, ортодо кинооператор Манас Мусаев жана актриса Чолпон Касымбекованын сүрөтү 1991-жылы Бишкек шаарында тартылган.Ал жылы киночулар Адам аттуу учкуч жигит менен студент кыз Айшанын ортосундагы сүйүүнү баяндаган "Тобокел" тасмасын тартышкан.Ошол кезеңди таланттуу кинооператор, КРдин эл артисти Манас Мусаев мындайча эскерет:Тасманын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында тартылган. Кинофильмде Бакыт Жунушев, Аман Садыков, Владимир Подоляк, Рустам Жунусов, Гүлнур Бейшеева, Меруерт Утекешева, Елена Лёщина, Имануэль Мерседес да роль жараткан.Тема боюнча:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/05/18/1075607293_0:235:2200:1885_1920x0_80_0_0_3f14bec7ad6910bd9c2acdd795650884.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
кыргызстан, маданият, таберик сүрөт, инфографика
кыргызстан, маданият, таберик сүрөт, инфографика
СССРде тартылган эң акыркы кыргыз тасмасы. "Тобокелдеги" таберик сүрөт
20:09 24.05.2023 (Жаңыртылды: 16:23 31.05.2023) Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.
© Sputnik / Александр Федоров
Солдо биринчи отурган белгилүү кинорежиссер Жали Соданбек, ортодо кинооператор Манас Мусаев жана актриса Чолпон Касымбекованын сүрөтү 1991-жылы Бишкек шаарында тартылган.
Ал жылы киночулар Адам аттуу учкуч жигит менен студент кыз Айшанын ортосундагы сүйүүнү баяндаган "Тобокел" тасмасын тартышкан.
Ошол кезеңди таланттуу кинооператор, КРдин эл артисти Манас Мусаев мындайча эскерет:
"Кинофильм авиация тармагында эмгектенгендерге арналгандыктан бизге учкучтар көп жардам берген. Алар менен бийиктен тартылчу кадрларды тартып, учкучтардын ишин ачып бергенге аракет кылганбыз. Ал кезде азыркыдай дрондор, техника жок болчу. Бийиктен тартыла турчу эпизоддорду учак же кран менен гана тартчубуз. Биз толук тартып бүткөндөн кийин Советтер Союзу тарап кетти. Тасманын директору Иманкул Абдыкулов режиссер экөө материалдарды Москвага өткөргөнү барса, ал жактагы мамлекеттик мекемеде башаламандык болуп жаткан экен. Эптеп өткөзүп келген. Сүрөттө учактын ичинде отурган Чолпон Касымбекова режиссерлукту бүтүп бизде роль аткарган. Кийин өзү да тасма тартып калган. Ал эми Жали Соданбек — "кыргыз кереметинин" баштоочулары делген Болот Шамшиев, Мелис Убукеев, Төлөмүш Океевдин ишин улаган кийинки муундагы таланттуу кинорежиссерлордун бири. Ал экөөбүз Москвада таанышып, жогорку окуу жайда бирге окуп, кийин көп фильмде иштешип калдык", — деди Мусаев.
Тасманын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында тартылган. Кинофильмде Бакыт Жунушев, Аман Садыков, Владимир Подоляк, Рустам Жунусов, Гүлнур Бейшеева, Меруерт Утекешева, Елена Лёщина, Имануэль Мерседес да роль жараткан.