Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Керимкулов: пластикти иштетүүдө кошуналар алдыга кетти

© Sputnik / Асель СыдыковаЖаратылыш ресусрстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин калдыктар менен иш жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси Тилек Керимкулов
Жаратылыш ресусрстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин калдыктар менен иш жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси Тилек Керимкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2023
Жазылуу
Жаратылыш ресусрстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин калдыктар менен иш жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси Тилек Керимкулов полиэтиленден баш тартуу боюнча аракеттер көрүлө баштаганын белгиледи.
Полиэтиленден баш тартуу жана аны кайра иштетүүдө коңшу өлкөлөр кыйла алдыга кеткен. Бул тууралуу Тилек Керимкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Керимкулов: пластикти иштетүүдө кошуналар алдыга кетти
Анын айтымында, Кыргызстанда да полиэтиленди кайра иштеткендер көбөйө баштады.
"Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да пластиктен жасалган буюмдар кеңири колдонулат. Ошол эле учурда анын зыяндуулугу дагы ар дайым айтылып келет. Алсак, аны утилизация кылууга көп убакыт талап кылынат. Ал эми өрттөлсө абага, адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Жөн эле калса айлана-чөйрөнү булгап, өсүмдүк, жаныбарларды илдетке кабылтат. Учурда пластик иргелбестен таштандыга ыргытылууда. Муну алдын алуу үчүн иштер жүрүүдө. Маселен, президенттин буйругу менен ишембиликтер уюштурулду. Мындан тышкары, Ысык-Көл тазаланды. Ушундай иш-чаралар кандайдыр бир деңгээлде өз натыйжасын берет. Бул багытта жакшы натыйжа көрсөтүү үчүн калк менен иштешүү зарыл. Адамдар пластикти ар кайсы жерге таштабашы керек. Эгерде мындай адат калыптанса, пластикти кайра иштетүүчү компанияларга жеңил болот. Ошого жараша аталган полиэтилендин экологияга терс таасирин азайтууга мүмкүндүк жаралат. Бул багытта коңшу өлкөлөр кыйла алдыга кеткен. Ал тургай пластикти Кыргызстандан кайра иштетүү үчүн алып кетип жаткан өнөктөш өлкөлөр бар", — деди Керимкулов.
Ошондой эле ал пластикти кайра иштетүү боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасы колдонулуп, тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0