Согуш жылдары алгач кыргыздардын бекер окушуна уруксат берилген. Маек

© Sputnik / Владимир ГальперинАр турдуу улуттагы жоокерлерден турган пулеметтук бригада салгылашууда. Архив
Ар турдуу улуттагы жоокерлерден турган пулеметтук бригада салгылашууда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Жазылуу
Тарыхты карасак, СССР — дүйнөдөгү социалисттик саясатты ийгиликтүү жүргүзгөн алгачкы мамлекет. Улуу Ата Мекендик согуштун болорун божомолдоп, идеологияны ошол негизде жүргүзгөн. Кыргызстандын ушул улуу салгылаштагы маданий абалы, кошкон салымы кандай болгон?
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асанов жана Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ага окутуучусу Саламат Малабаев болду. Биз Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Кыргыз ССРиндеги искусство, маданият, илим-билимдин абалы тууралуу сүйлөштүк.
— Темиркул агай, согуш учурунда өндүрүш тармагы гана динамикалуу иштебестен, маданиятка да абдан көңүл бурулуптур...
Темиркул Асанов: — Ооба, бул багыт чынында согуш экенине карабай ушул жылдары дүркүрөп өскөн. Маданиятка көркөм өнөр, илим-билим тармагы да кирет. Улуу Ата Мекендик согушка чейин Кыргызстан эл комиссарлар кеңешинин эл агартуу комиссариатынын алдында 13 илимий мекеме болгон. Анда илимдин 13 доктору жана 45 кандидаты эмгектенген. Ошол кезде эле бизде илимдин базасы түптөлүп калган. Кийин Россиядан эвакуацияланып келген илимий мекемелердин жетекчилери менен толукталган. Ошол учурдагы илим комитетинин Александр Бернштам, Константин Юдахин баштаган окумуштуулары изилдөө багытындагы координациялык иштерди колго алган. Согуш убагында ок-дары чыгаруучу негизги компоненттерди изилдөөгө басым жасалгандыктан 1941-1945-жылдары Кыргызстанда геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп, негизинен Кыргыз ССРинде 321 экспедиция иштеп, алар баалуу металлдар, көмүр, мунай камтылган жерлердин баарын изилдешкен. Ошол кезде Кыргызстанда согушка эң керек сурьма, вольфрам, сымап сыяктуу баалуу металлдардын кени табылган. Медициналык жаатта да 40тан ашык коргонуу багытындагы темалар изилдене баштаган. Андан тышкары, айыл чарба тармагында да мөмө-жемиштин сорттуулугун көбөйтүү, мал чарбачылыгынын асылдуулугун жогорулатуу багытында да көп иштер жасалган. Борбордон келген биохимия, генетика, өсүмдүктөрдүн физиологиясы, микробиология өңдүү институттарда 235 илимий кызматкер эмгектенген. Генетикада да биздин окумуштуулар С витаминин (аскорбин кычкылы) табуу жолун изилдеп, Арстанбап жаңгак токоюндагы жаңгактын жетилбеген мөмөсүнөн жылына 500 миң доза аскорбин кычкылын чыгарышкан. Согуш учурунда аскерлердин иммунитетин көтөрүү керек эле. 1943-жылы СССР Илимдер академиясы Фрунзедеги кыргыз филиалын ачуу чечимин чыгарган. Азыр академиянын жоюлушу каралып жатканы туура эмес. Тескерисинче, изилдөө менен практиканы айкалыштыруу зарыл.
© Sputnik / Асел АкматЖусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асанов
Заведующий кафедрой истории Кыргызстана в КНУ, доцент, кандидат исторических наук Темиркул Асанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асанов
Тарыхчы: согуш жылдары Кыргыз ССРинде 321 геологиялык экспедиция жасалган
Саламат Малабаев: — 1939-жылы Кыргызстандын коммунисттер партиясынын биринчи катчысы болуп Алексей Вагов дайындалат. Азыр борбордогу "Ала-Тоо" кинотеатры ошол кишинин мезгилинде курулган. 1939-жылы Москвада кыргыз маданиятынын биринчи декадасы өткөн. Иосиф Сталин Ваговдон "сен кыргыз тилин билесиңби?" деп сураса "кичине билем" деп жооп бериптир. Анан келип "ар бир жетекчи күнүнө эки саат кыргыз тилин үйрөнсүн. Аткарбагандар кызматтан алынсын" деген токтом чыгарат. Орус мектептерге кыргыз тилин окутууну киргизген. Мунун баары Вагов менен Төрөбай Кулатовдун эмгеги. Кечкисин окутулуучу мектептерди ачышкан. Ал кезде окуучулардын билим деңгээли да жогору болгон. Ленинграддагы Дене тарбия институтунун базасында бизге да институт ачылат. Кыргыз медициналык академиясы да ошондой жол менен негизделген. 1943-жылы Төрөбай Кулатов кыргыздардын медициналык академияда билим алышын демилгелеп, үндөгөн.
Согушта Панфилов дивизиясынын эрдигин элге жайылтууда Аалы Токомбаев баштаган акын-жазуучулардын да салымы чоң. Мугалимдер бир нече ай айлык албай иштеген учуру болот. Ошол кезде мугалимдер Төрөбай Кулатовго кат жазып, ал киши социалдык жактан жардам берип турган. Бул көрүнүш 1990-жылга чейин уланып, педагогдор коомдо абдан сыйлуу адамдар болгон.
Ал эми артисттер жарадар болгондорго, фронтко концерт коюп барып санитар болуп иштеген да фактылар бар. Маданият тармагы ооруктагы элдин, фронттогу жоокерлердин духун көтөрүү кызматын аткарган. 1942-жылы Фрунзе шаарында Орто Азиянын музыкалык декадасы ийгиликтүү өтөт. Ошол оор жылдардагы ачкачылыкка карабастан кыргыз эли ушундай да жеңишке жеткен. Согуш жылдарындагы кыйын кырдаалда окуу, маданият ташталып калбай, өнүккөн.
© Sputnik / Асел АкматКусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ага окутуучусу Саламат Малабаев
Преподаватель Бишкекского государственного университета имени Кусейна Карасаева Саламат Малабаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ага окутуучусу Саламат Малабаев
Малабаев: Сталин бийликтен жергиликтүү элдин тилин үйрөнүүнү талап кылган
— Мугалимдер да согушка катышкан да.
Т.А.: — Майданга бизден 1 919 мугалим кеткен. Жогоруда белгилегендей, эвакуацияланып келген илимий мекемелердин баарын мектеп, госпиталдардын имаратына жайгаштырып отуруп, имарат да тартыш болуп калган. Мугалимдер да жетишчү эмес. Ошентсе да билим берүү тармагы токтогон жок. Мындан тышкары, Ошко, Караколго Россиядан университеттер да көчүрүлүп келген.
— Адабияттын да Улуу Жеңишке жетишибизге салымы чоң болгон экен.
Т.А.: — 1939-жылдагы декада кыска мөөнөттүн ичинде кыргыз совет маданиятынын өскөнүнөн кабар берет. Өнөрүн көргөзгөн таланттарга союздун биринчи жетекчилери ушунчалык таң калып, баа беришкен. Мукай Элебаев, Жекшен Ашуубаев, Ясыр Шиваза, Жусуп Турусбеков, Узакбай Абдукаимов, Темиркул Үмөталиев сыяктуу акын-жазуучулардын баары фронтко аттанган. Театр тармагында да мыкты иштер жасалган. Бул жаатта да советтик жоокерлердин майданда көрсөткөн эрдиктерин даңазалоо биринчи орунга коюлган. Ошого байланыштуу Касымалы Жантөшевдин "Чолпонбай", Аалы Токомбаевдин "Ашырбай" деген повести (легендарлуу чалгынчы Ашырбай Коёнкөзовго арналган — ред.) жарык көрөт. Мунун баары элди жеңишке, биримдикке үндөп, шыктандырган. Кыргызстанда музыкалуу театр болгон. Андан 1942-жылы азыркы Опера жана балет театры бөлүнүп чыгып, өзүнчө түзүлгөн. 1941-жылдын июлунан баштап, 1942-жылдын апрелине чейин өнөрпоздор тылда, госпиталда жалпы 763 концерт бериптир. Муса Баетов, Мыскал Өмүрканова, Анвар Куттубаева, Сайра Кийизбаева, Атай Огонбаевдер согушта үч жыл катары менен кан күйгөн тилкелерге чейин барып, баш-аягы 2500дөн ашык концертке катышкан. ГИТИСти (Россиялык театралдык искусство институту — ред.) бүтүп келген кыргыз жаштары жаңыдан Кыргыз музыкалык драма театрын түзө турган болуп, бирок ал арада согуш башталып кетип, ишке ашпай калган. Алардын айрымдары фронтко концерт менен барып, жардам берип калып калат. Мисалы, жаш ырчы Канипа Алиева окууну Москвадан бүтүп келип Бабуржан Момуш уулу жетектеген Панфилов дивизиясында калып, санитарка болуп 500дөн ашык жоокердин өмүрүн сактап калган.
— Жогорку окуу жайларында окутуу уланганбы?
С.М.: — Совет маалында окууга тапшырып жатканда Конституцияны, Коммунистик партиянын тарыхын жакшы билиши керек болчу. Совет бийлиги 1940-жылдардан тарта мектептен баштап жогорку окуу жайларына чейин аскерге даярдык сабагын киргизген. Пединституттун ректорунун буйругу менен күнүнө эртең менен 15 мүнөт студенттер көнүгүү жасачу экен. Идеология абдан катуу жүргүзүлүп, спортко үндөө унутулган эмес. 1942-жылы Сталиндин кыргыздарды окуу контрагынан бошотуу токтому чыккан. Ага чейин айылдыктар жогорку окуу жайына жылына 75 рубль, ал эми шаардыктар 100 рубль төлөшчү. 1950-жылдан баштап баарын бекер окута баштаган.
Мындан тышкары, азыр мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү айтып жатабыз. Бирок азыркыга чейин улуту орус болсо да кыргыз-орус сөздүгүн түзүп кеткен Константин Юдахиндин китебин пайдаланабыз. Совет өкмөтү ар бир элди өз тилинде окутууну да талап кылган. Ал эмес согуш мезгилинде бизге көчүрүлүп келген поляк, карачайларды да өз тилинде окутушкан. Алар кийин мекенине көчүп кетти.
— Совет учурунда динге тыюу салынган дешет. Бирок согушта диний кызматкерлер да керектүү сумманы чогултуп, өздөрү да фронтко аттанып жардам берип турушат. Ошондон улам 1944-жылдан баштап саясат жумшарып, Меккеге барууга да уруксат берилген экен...
С.М.: — Атеизм саясаты болгону менен 1920-жылдары деле Айтты майрамдашкан. Иштеген адамдарга Айт күнү эс алуу болсо да маянасы сакталып калган. 1942-жылы согуш учурунда "Түркстан легиону" деген уюм түзүлөт. Алардын максаты мусулмандардын башын бириктирүү болчу. Ошондон улам Сталин динге бир аз боштондук берет. Бул эми саясат.
Т. А.: — Союздун негизги катачылыгынын бири — атеизм саясатын жүргүзгөнүндө. Басмачылык кыймылынын совет бийлигине каршылыгы да ошондон келип чыккан. Архивди казсак, динчилдердин согуш учурунда мекен үчүн кошкон салымы табылат.
Кыргыз ССРинде дайындалган танк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2023
Кыргыз ССРи Улуу Ата Мекендик согушта негизги тыл болгон. Тарыхчылардын маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0