Кыргызстандагы кылмыштуулук кандай баскычтардан өткөн? Милиция полковнигинин маеги

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКурал кармп турган адам. Архив
Курал кармп турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2023
Жазылуу
Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүнүн өзгөчөлүгү жана анын тарыхы тууралуу милициянын отставкадагы полковниги Александр Зеличенко Sputnik радиосуна курган маегинде айтып берди.
Жыл башында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев ИИМ уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрүн жазалоону катаалдатуу жаатында мыйзамга өзгөртүү киргизе турганын айтты. Мындай билдирүү Оштогу кылмыштуу топтордун өз ара тирешүүсүнөн улам жасалган эле.
"УКТнын кадимки криминалдан эмне айырмасы бар?" деген суроого жооп берип жатып Александр Зеличенко уюшкан топтор таасирин кылмыш дүйнөсүнөн тыш да жайылтууга кызыкдар экенин айтып берди.
© Sputnik / Табылды КадырбековМилициянын отставкадагы полковниги Александр Зеличенко
Полковник в отставке Александр Зеличенко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2023
Милициянын отставкадагы полковниги Александр Зеличенко
— Көпчүлүк УКТ Кыргызстанга эгемендүүлүк менен кошо келди деп ойлойт, бул жаңылыш пикир. Уюшкан кылмыштуулук СССРде деле бар болчу, болгону ал криминалдык чөйрөдөн тышка чыкчу эмес. Бизге белгилүү кылмыш иерархиясы, кызылдар менен караларга бөлүнүү XIX кылымдын орто ченинде Россияда пайда болгон. "Мыйзамдагы ууру" сыяктуу терминдер да ошол мезгилде жайылды. Мен буларды көп жактыра бербейм, анткени мындай аталыштар кылмышкердин кадырын арттырат. Кийинчерээк киши өлтүрүүгө чейин барган көчө каракчылары чыкты. Чиркөөлөрдү карактап, көпөстөргө кол салып жүрүп, анан банктарга өтүштү. Уюшкан кылмыштуулук ушинтип башталган. Анткен менен бул адамдар өз дүйнөсүндө гана жашачу, өздөрүнүн тирештери жүрүп, өз иерархиясын түзүшкөн. Мындай топтордун таасири тышка жайылчу эмес.
— Лидерлеринин аты-жөнүн көпчүлүк билчү эмес экен да?
— Ооба. Ички иштер органына жаңы келгенде улуулардан мындай сөз уктум эле. "Ош" базарынын айланасында суунун боюнда "Париж" деп аталган жер бар экен. Кыйма-чийме болгон тар көчөлөр, бири-бирине учкаштырылып салынган жапыз тамдар... Ошол жерде көзгө көп уруна бербеген киши жашаптыр. Бутунда керзи өтүк, башында кулагы түшүрүлгөн тумак дейт, кичинекей бир үйдө баш калкалачу экен. Көзү өтөт, тажиясына Союздун булуң-бурчунан кишилер келиптир. Баарынын кебетеси өзгөчө, кылмышкер экени билинип турат дейт. Биздин кызматкерлер бул жагдайга көңүл буруп, териштире башташат. Натыйжада маркум аябагандай кадыр-барктуу мыйзамдагы ууру болуп чыгат. Анча "кадыры" бар экенин кылмыш дүйнөсүнөн сырт эч ким билбептир, жадагалса кошуналарынын да кабары жок экен.
© Sputnik / УтарбековБеспорядки на межнациональной почве в Узбекистане
Беспорядки на межнациональной почве в Узбекистане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2023
— Анан качантан баштап уюшкан кылмыштуулук тууралуу биле баштадык?
— Менимче, өткөн кылымдын 70-жылдардын аягы, 80-жылдардын башынан тарта. Дал ушул маалда коррупция гүлдөп, анын арты менен уюшкан кылмыштуулук баш көтөргөнү эч кимге деле жашыруун эмес. Алгач цыгандык, азиялык, славяндык этникалык кылмыштуу топтор пайда болду. Саны өтө көп эле, бири-бирине өч болчу. Алсак, Москвадагы Черкизовский базары бир метрине чейин секторлорго бөлүнүп калган. Бул жерде тажиктер болсо, тиги жеринде азербайжандар. Бирөөнүн чегине өтүп көр, дароо жооп кайтарылчу.
Мындай шартта иштөө өтө татаал эле, советтик милиция буга таптакыр даяр эмес болчу, анын үстүнө этникалык топторго кирип сиңип кетүү да мүмкүн эмес эле. Мисалы, кавказдык топ менен иштөө үчүн тилин, элинин салтын билүү зарыл да, тааныш-билиш керек болчу. Ушунун баарына ыңгайлашуу керек болду да.
Анча-мынча иштешип көнүшүп калганда кылмыш дүйнөсүн кайрадан бөлүштүрүүү башталды, мында этнос эмес, таасири бар аймагы боюнча бөлүнгөн кылмыш конгломераттары аренага чыкты. Мисалы, Свердловдун кылмыштуу тобу "Уралмашты" көзөмөлгө алат. Кирешесин элестетип көрүңүз! Бул өнөр жай дагы, продукция дагы, баалуу металлдар дагы да. Ушундай эле нерсе Москва менен СССРдин башка ири шаарларында да пайда боло баштады.
— Кылмыштуу синдикаттар укук органдарына чейин кирген деген кеп чынбы?
— Мен өзүм андайга туш болгон жокмун, бирок кандайча болорун уккам. Биз кылмышкер десе эле бычагын ала жүгүргөн кишини элестетебиз, алардын арасында абдан акылдуу адамдар да бар. УКТдан чыккан кишини милициянын жогорку мектебине окууга жөнөткөн практика бар болчу! Бул көп убакытты талап кылар эле. Кайсы бир "авторитеттин" уулун аныктап, ал акырындык менен даярдыктан өтчү. Орто мектепти бүтөт, армияга барат, милициянын орто мектебин аяктайт, аймактык тескөөчү болуп иштейт, башкармалыктын башчысы болот, ушинтип кете берет. Карьерасы андан ары өсүшү үчүн өзүнүн адамдары керектүү маалымат менен камсыздап турчу, мисалы, бирөөнү кармоого, куралсыздандырууга жардам беришчү. Натыйжада укук коргоо органдарында УКТдан чыгып абдан катуу конспирацияланган адамдар пайда болчу.
© Sputnik / Досхан НусупбековНациональный координатор проекта ЕС КАДАП Александр Зеличенко
Национальный координатор проекта ЕС КАДАП Александр Зеличенко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2023
— Кыргызстанда УКТ тууралуу кайсы мезгилден тарта биле баштадык?
— Болжол менен 1986-1987-жылдары. Бир нече оор кылмыш жасалып кеткен эле. Анын бири — Политехтин кассасына кол салуу. Бандиттер дыкат даярданышкан, инкассаторлордун графигин, качан айлык берилерин мыктап билип, өз кишилерин сиңиришкен экен. Мен ал кезде Ысык-Көл облустук кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болчумун. Кылмыштын таптакыр башка түрүнө туш болгунубузду, рэкет, опузалоо, акча талап кылуу, бизнеске "чабуул" сыяктуу системалуу кылмыш ишмердүүлүгү экенин түшүнүп турдук. Ишкерлерди "счетчикке отургузуп", баш ийбесе балдарын уурдап, үйлөрүн өрттөп жиберген учурлар болгон.
— Алкымы улам чоңое берди да...
— Дал өзүн айттыңыз! Эволюциясынын кийинки этабы — криминалды мамлекеттик органдарга киргизүү, сиңирүү болду. УКТ кылмыш жасап тапкан кирешесине ыраазы болуп жашаганга чейин гана УКТ болуп саналат. Качан гана пайда көрөм деп саясий бийликке умтула баштаганда бул топ "мафия" деп аталат. Батышта баңги картелдеринин жетекчилери бийликке андан да мурун кадам таштай башташкан. Максаты — депутат, өкмөт башчы, керек болсо президент болуу. Тилекке каршы, биз да кайсы бир учурда ушуга ооп барып токтодук. Дал ушул учурда мафия иштеп жаткан болот, ал эми бул кылмыш эволюциясынын эң кооптуу баскычы.
Кудай жалгап этек-башыбызды жыйып алууга үлгүрдүк, кесепетин анча тарткан жокпуз. Криминал бийликке келүүгө катуу аракет кылган, бирок алардын жапырт келишин алдын алуучу механизмдер табылды.
— УКТнын активдүү мүчөсү катары укук коргоо органдарынын каттоосунда турат дегенди көп угабыз. Анда эмнеге ал эркиндикте жүрөт? Эмнеге баарын камап салууга болбойт?
— Абдан жакшы суроо. Көп берилгени мыйзам ченемдүү көрүнүш. Тартип сакчыларынан ишин сапаттуу аткаруусун талап кылыш керек. Бирок кылмыштуулук — бул жакырчылык, оору-сыркоо, алкоголизм жана башка ушул сыяктуу социалдык көрүнүш. Советтик мезгилде "Кылмыштуулукту жеңебиз" деген ураандар бар эле, мен профессионал катары бул ишке ашпай турган нерсе экенин жакшы түшүнчүмүн. Кылмыштуулук жок коом — бул утопия. Анткен менен кылмыштуулукту түп-тамырынан жок кыла албасаң да, аны көзөмөлдөп турушуң керек. Эгер мамлекет бул жагынан чабал болсо, УКТ эртеби-кечпи, бийликти басып алат.
© Фото / Юрий КузьминыхЗадержание членов ОПГ в Бишкеке
Задержание членов ОПГ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2023
— Кантип көзөмөлдөш керек?
— Ошто УКТ мүчөсүнүн киши колдуу болгон учурун эске салалычы. Маркум укук коргоо органдарынын байкоосунда болчу дешти, анда милиция кантип анын өлтүрүлүшүнө жол берди деген туура суроо жаралды. Мында кептин баары коомчулуктун "байкоо" деген терминдин маанисин билбегенинде. Бул адамды аңдуу, тыңдоо эмес, андай мүмкүнчүлүк эч кимде жок. Кимдир бирөөдөн мындай иштер тууралуу уксаңар эч убакта ишенбегиле!
Эгер адам "байкоодо" болсо, демек, анын жүрүм-туруму ыкчам органдардын көңүлүн бурган, уюшкан кылмыштуу ишмердүүлүккө шектелүүдө. Ал келечекте жасала турган кылмыштарды өзү жасабаса да анын уюштуруучусу болуп чыгышы мүмкүн. Таласта милициянын начальниги болуп иштеп жүргөндөгү бир окуя эсиме түштү. Таласка апийим айдалганын көпчүлүк биле бербесе керек. Баарын тыптыйпыл жок кылгандан кийин кайсы бир бөлүгү калган экен, бул бандиттердин кызыгуусун туудурат. Өз аймагын курутуп бүткөн жамбылдык топ Таласка келип дымын чыгарбай жүрөт. Аларга бардык жактан апийим алып келип беришет. Акча таап алып үйлөрүнө кайтып кетишчү. Дал ушул "байкоонун" аркасы менен, башкача айтканда, шек жараткан адамдарга байкоо салып жатып алчы-таасын жеген тогуз кылмышкерди кармаганбыз.
— Бирок кандай болгон күндө да УКТнын мүчөлөрү көп учурда жазаланбай же өтө эле жеңил жазаланып калышат.
— Уюшкан кылмыштуулук боюнча үч берене бар. Эң олуттуусу — уюшкан кылмыштуулукту каржылоо; экинчиси — кылмыштуу топтун мүчөсү болуу; үчүнчүсү — жардам көрсөтүү. Бирок ушул беренелердин негизинде күнөөнү далилдөө өтө кыйын. Эч ким көрсөтмө бербейт, берген киши катуу кысымга кабылат. Азыр, албетте, көрсөтмө берген кишини ачыкка чыгарбоо, үнүн өзгөртүү сыяктуу ыкмалар бар, кээде күбөлөр сотко да чакырылбайт. Ал эми күбөнү кайтаруу, документтерди өзгөртүү сыяктуу методдор Батыштын айлап-жылдап иштелген, калыпка түшкөн ыкмалары. Уюшкан кылмыштуулук менен көптөн берип күрөшүп келе жаткан өлкөлөр бул ыкмаларды бери дегенде 50 жылдан бери колдонуп келе жатышат. Көп акчаны талап кылат, бизде андай каражат жок. Ошондуктан милиция кызматкерлери баңгизат, курал менен кармоо сыяктуу жөнөкөй жолду тандашат. Бул жеглов принциби — ууру түрмөдө отурушу керек. Кайсы жазыгы үчүн абакка баратканы маанилүү эмес, тынч жашаган элге залакасын тийгизбесе болду.
Мен "байкоону" терең жасоого ыктаган адаммын, бирок жогорудагы милиция кызматкерин да түшүнөм. Аны да "эмне ушу кезге чейин эркиндикте жүрөт? Отургузбайсыңбы эртерээк" деп үстүнөн чокуга чаап турган жетекчилиги бар да. Албетте, артынан беш жыл жүргүчө чөнтөгүнөн 5 грамм кокаин таап кылмышкерди абакка жөнөтүп жиберген оңой. Анын үстүнө ал кылмышкердин ошол беш жылдан кийин да түрмөгө түшөрү күмөн, себеби прокурор, сот дегендер бар, алар да бала-чакалуу, бүлөлүү кишилер.
© Sputnik / Азамат ТотубаевИзвестный публицист, полковник милиции в отставке Александр Зеличенко
Известный публицист, полковник милиции в отставке Александр Зеличенко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2023
— УКТ таптакыр чектен чыгып кетпеши үчүн эмнелерди өзгөртүү керек?
— Биринчиден, так жазылган мыйзамдык база болушу керек. Экинчиден, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкөн бөлүмдөргө кызматкерлерди алууга жакшылап көңүл буруу зарыл. Үчүнчүдөн, саясий эрк. Саясий эрк бар, бирок аны катаалдатыш керек. Бардык жерден дайыма УКТга каршы экенибизди, бул багытта иш алып барган милицияны, УКМКны колдой турганыбызды тынбай айта беришибиз кажет. УКТ менен күрөшүп жаткан милиция кызматкери артында бекем чеп бар экенин билиши керек. Эгер андай экенин сезбесе, ал корко баштайт: азыр кармап кеткен кылмышкерди эртең кое берип жиберишсечи, бала-чакама залакасы тийип калбайбы, мага мунун эмне кереги бар деп кетенчиктей берет. Кесиптештер менен, жаш кызматкерлер менен сүйлөшүп калганда корккону билинип турат. Совет убагында мен коркчу эмесмин. Бирок кулаар алдында кыйынчылыктар башталды. Мурункудай баарын мыйзам чегинде иштедим, бардык жерде меники туура чыгат деген ишеним сээлдей түштү.
Айтылбай турган сөз эле, бирок айтышым керек болуп турат. Биздин өлкөдө уюшкан кылмыштуулук саясий максаттарга жетүү үчүн колдонулган учурлар болгон. УКТны шайлоо учурунда элге кысым көрсөтүү үчүн пайдаланышкан. Баарыбыз буга күбө болгонбуз. Бул ыкманы таптакыр унутуп, эсибизден чыгарып салышыбыз керек! Бул үчүн милициянын деле кереги жок, бийлик өзү баарын жолго кое алат! Ошондо кылмыштуулук өзүнөн өзү бийликтен куулуп, өз ордуна кайтат. Мына ушул жерден аны менен укук коргоо органдары күрөшөт.
Тапанчадан атып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2023
Ош: миллиондогон доллар ташыган жолтандабасты аткылоо учурунун видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0