https://sputnik.kg/20230515/turkiyadagy-prezidenttik-shayloodo-erdogan-kop-dobush-aldy-1075321326.html
Түркиядагы шайлоо: бюллетендердин 99,9%ы саналып бүттү. Жыйынтык кандай?
Түркиядагы шайлоо: бюллетендердин 99,9%ы саналып бүттү. Жыйынтык кандай?
Sputnik Кыргызстан
Кечээ түркиялыктар 13-президентин шайлоо үчүн добуш беришти. 15.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-15T09:51+0600
2023-05-15T09:51+0600
2023-05-15T09:51+0600
дүйнөдө
түркия
президенттик шайлоо
режеп тайип эрдоган
жеңиш
добуш берүү
https://sputnik.kg/img/07e7/05/0f/1075320261_0:151:3104:1897_1920x0_80_0_0_38af96745aa8c2cd900c67c1de6c1b0f.jpg
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Түркиядагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгында Режеп Тайип Эрдоган добуштардын 49,34 пайызын, ал эми анын негизги атаандашы Кемал Кылычдароглу 45 пайыз алганын TRT Haber агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды.Шайлоо аяктагандан кийин Эрдоган Анкарада шайлоочулар менен жолуккан.Эске салсак, Түркияда кечээ президенттик жана парламенттик шайлоо өттү. Мамлекеттин азыркы башчысы Режеп Тайип Эрдоганга негизги атаандаш болуп "Элдик альянстан" Кемаль Кылычдароглу чыккан. Андан сырткары, үчүнчү талапкер — Ata альянсынан Синан Оган болгон. Ал эми төртүнчү адам Memleket партиясынан аттанган Мухаррем Инже бир нече күн мурда талапкерлигин алып салганы менен бюллетенде ысымы кала берген. Кечээки шайлоодо ага да добуш бергендер болгону менен өтө аз үлүштү түзгөн.Жогорку шайлоо кеңеши шайлоонун акыркы жыйынтыгы 19-майда расмий басылмага жарыяланарын, ал эми алдын ала жыйынтыкты түндө чыгарышарын билдирген.Эгерде талапкерлердин бири добуштардын 50 пайызын ала албаса, шайлоонун экинчи туру 28-майда болору айтылган.
https://sputnik.kg/20230514/turkiyadagy-shayloodo-erdogan-aldyda-bara-zhatat-1075319608.html
түркия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/05/0f/1075320261_187:0:2918:2048_1920x0_80_0_0_38ecc15b8c81a5ba0ba151b762046778.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, түркия, президенттик шайлоо, режеп тайип эрдоган, жеңиш, добуш берүү
дүйнөдө, түркия, президенттик шайлоо, режеп тайип эрдоган, жеңиш, добуш берүү
Түркиядагы шайлоо: бюллетендердин 99,9%ы саналып бүттү. Жыйынтык кандай?
Кечээ түркиялыктар 13-президентин шайлоо үчүн добуш беришти.
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Түркиядагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгында Режеп Тайип Эрдоган добуштардын 49,34 пайызын, ал эми анын негизги атаандашы Кемал Кылычдароглу 45 пайыз алганын TRT Haber агенттигине таянуу менен
РИА Новости жазды.
Шайлоо аяктагандан кийин Эрдоган Анкарада шайлоочулар менен жолуккан.
Эске салсак, Түркияда кечээ президенттик жана парламенттик шайлоо өттү. Мамлекеттин азыркы башчысы Режеп Тайип Эрдоганга негизги атаандаш болуп "Элдик альянстан" Кемаль Кылычдароглу чыккан. Андан сырткары, үчүнчү талапкер — Ata альянсынан Синан Оган болгон. Ал эми төртүнчү адам Memleket партиясынан аттанган Мухаррем Инже бир нече күн мурда талапкерлигин алып салганы менен бюллетенде ысымы кала берген. Кечээки шайлоодо ага да добуш бергендер болгону менен өтө аз үлүштү түзгөн.
Жогорку шайлоо кеңеши шайлоонун акыркы жыйынтыгы 19-майда расмий басылмага жарыяланарын, ал эми алдын ала жыйынтыкты түндө чыгарышарын билдирген.
Эгерде талапкерлердин бири добуштардын 50 пайызын ала албаса, шайлоонун экинчи туру 28-майда болору айтылган.