Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Вашингтон каарына келди: Украина контрчабуулду үзгүлтүккө учуратууда

© AP Photo / LibkosАвдеевкага жакын жерде украиналык жоокер гранатомет менен аткан учурда
Авдеевкага жакын жерде украиналык жоокер гранатомет менен аткан учурда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2023
Жазылуу
Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагыдай эле бандерачылардын зулумдугу Батыштагы кожоюндардын да этин үркүтүп келет.
Вашингтон менен Киев учурда кудум ажыраша турчу жубайлардай: үйдө урушуп-талашып, эл көзүнө келгенде экөөнөн өткөн ынак киши жок. Бирок акыркы күндөрү абал өтө эле начар. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен украиналыктарга контрчабуул үчүн керектүү нерсенин баары колунда турганын көрсөтүп, колдон чыгарган аймактарды кайтарууга убакыт жеткенин айтты. Кырдаалга журналист Виктория Никифорова баам салып, макаланы РИА Новости агенттиги жарыялады.
Бирок Украинадагылар буга макул боло койгон жок. Коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов контрчабуулдун ийгилиги дегенди кандай түшүнүүгө болорун, жеңиш кайсы учурда келерин айтып ой чубай баштады. ТИМ башчысы Дмитрий Кулеба да ага үндөш обон созууда.
Ал эми Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужныйдын дайыны такыр эле чыкпай калды. НАТОнун Аскер комитетинин жыйынында сүйлөшү керек эле, барган жок. Бир айдан бери көрүнө электиги айтылууда. Эмне болду? Россиянын Аба-космос күчтөрүнүн таамай тийген соккусунан мертиндиби? Көз будамайлап эптеп чет өлкөдөгү эсептерине жетүү аракетиндеби? Же Гитлер сымал бункерде кыйналып отурабы?
Бардык божомол-жоромолдорго Владимир Зеленский өзү чекит койду. Батыш ЖМКларынын өкүлдөрүн чогултуп, өлкө бир чети контрчабуулга даяр экенин, бирок экинчи жагынан мындай кадам оор жоготууга дуушар кыларын айтты. Мындан улам, президенттин айтымында, контрчабуулду жылдыра туруу керек.
Согушту бир сөз менен токтотуп коюунун ордуна 315 миң жаранын өлүмгө жөнөткөн адамдын бир заматта пайда боло калган гумандуулугу таң калтырбай койбойт.
Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагыдай эле бандерачылардын зулумдугу батыштагы кожоюндардын да этин үркүтүп келет. "Биз ушундай тездик менен ресурстарыбыздан кол жууп жатсак да (Украинада) өлүмдүн көптүгү жүрөктүн үшүн алууда", — деди америкалык генерал Блейн Холт.
Бирок Зеленский адам өлүмүнө көп санааркабайт. Ал үчүн азыр контрчабуулга жасалчу катаал жоопко бүт дүйнө жүзүнүн күбө болуп жатканы маселе жаратууда. Эмне үчүн жанын берип жатканын түшүнбөгөн жоокерлер жапырт кырылары турулуу эмеспи. Жакындары, тууган-туушканы дооматты Зеленскийге коёт, Зеленский жооп бериши керек болот. Ал ушундан коркуп жатат.
Украин аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аскер эксперти Украина канча киши менен контрчабуул жасай турганын ачыктады
Бирок Украинага ээлик кылган АКШнын эсеби башка. Конгресске келген республикачылар АКШнын аскер машинасын 180 градуска буруп жатат. Бирок Кытайга чабуул жасаар алдында Европадагы согуштук аракеттердин театрын бүткөрүп, кандайдыр бир жыйынтык көрсөтүүсү кажет. Он миллиарддаган доллардын эсебин бериш керек. Маалымат агенттиктери үчүн да "мына, украиналыктар контрчабуул жасоодо", "мына, берилген техника" деген сыяктуу жаңылыктарды да берип туруу зарыл.
Эгер контрчабуул болбой турган болсо "акча кайда кетти?" деген суроо кабыргасынан коюлат. Американын казынасынан чыккан миллиарддын баары Украинага жетпей калган болсочу? Демократтар өздөрү кымырып алган болсочу? Анда республикачылар АКШ бийлигине тургандардын баарын соттон-сотко сүйрөп, абийирин кетирет да 2024-жылы боло турган президенттик шайлоодон оңой эле жеңип чыгышат. Мында кеп Байдендин үй-бүлөсү башында турган жогорку кызматтагы адамдардын камакка алынуусу тууралуу кеп болуп жатат.
Ал эми босогодо турган дефолтту айтпай тек коёлу: республикачылар чыгымды азайтууну талап кылып, мамлекеттик карыздын чегин жогорулатуудан баш тартып жатышат. Зеленскийди контрчабуулга өт деп Блинкендин шаштырганы да ошондон. Согуш көп нерсени жууп кетет эмеспи.
Мунун баарын Киев жакшы түшүнүп турат, кетенчиктемиш болуп акыры контрчабуулга барат. Стратегиясы жөнөкөй эле. Миңдеген украиналыкты окко тосуп берип, дагы миллиарддаган доллар алышат. Алардын баарын офшорго бөлүштүрөт да, "аз беришти, дагы керек" деп өлүмтүгүн артат.
Азыр болсо кожоюнунан көбүрөөк курал алыш үчүн убакытты чоюуда. Мисалы, англиялыктардан 560 чакырымга чейин учкан Storm Shadow ракеталарын күтүп жатат. Жозеп Боррель миллион снаряд убадалаган.
Британия берген ракеталар менен россиялык шаарларга, аэропортторго, Крымга жана жаңы региондорго сокку урумуш болот, мына, Батыш ЖМКлары үчүн сюжет даяр. Ал эми калааларга урулган соккунун видеолору киевдик нацисттер жана алардын америкалык кожоюну үчүн Украина чырын уланта берүүгө жакшы негиз болуп бермек.
Демек, Зеленскийдин кейип-кепчип наалыганына алданбаш керек. Контрчабуул акыры болот, согуштан пайда көргөндөр үчүн бул абдан чоң пайда алып келе турган кадам. Украинаны Россияга таптакыр жок болуп кеткиче тукурушат, мындан кандуу булоон күчөй бермекчи.
Украиналык жоокерлер БТРде баратышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина Куралдуу күчтөрүнүн "контрчабуулу" акылга сыйбаган өңүт алууда
Жаңылыктар түрмөгү
0