Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

"Тоня апа". Алтыбасарова Ленинграддан эвакуацияланган 150 баланы кантип баккан?

© Sputnik / Табылды КадырбековЭстеликтерди сактоо жана түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын төрайымы, Чоң-Арыктагы музейдин директору Калбүбү Менсеитова
Эстеликтерди сактоо жана түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын төрайымы, Чоң-Арыктагы музейдин директору Калбүбү Менсеитова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2023
Жазылуу
Эстеликтерди сактоо жана түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын төрайымы, Чоң-Арыктагы музейдин директору Калбүбү Менсеитова Ленинграддан эвакуацияланган 150 баланы асырап алган Токтогон Алтыбасарованын ат көтөргүс эмгеги тууралуу баяндап берди.
1941-жылы Ленинградды фашисттик Германиянын аскерлери курчоого алып, шаардагы балдар эвакуацияланган. Алардын айрымдары Кыргызстанга да жеткирилген. Ошол каат жылдары Ленинграддан эвакуацияланган 150 бала Ысык-Көлдүн Түп жергесине жеткирилген. Аларды Ак-Булак колхозунун 16 жаштагы катчысы Токтогон Алтыбасарова асырап алып, он жылдай баккан. Бул тууралуу Калбүбү Менсеитова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
"Тоня апа". Алтыбасарова Ленинграддан эвакуацияланган 150 баланы кантип баккан?
Анын айтымында, Токтогон Алтыбасарова 16 жашта болгонуна карабай балдарга энелик мээримин, жылуу мамилесин арнаган.
"Токтогон Алтыбасарова 1924-жылы Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда туулган. Карапайым дыйкан болгон. Согуш башталганда 16 жашта экен, ошол учурда Күрмөнтү айылына айылдык кеңештин төрагалыгына дайындалат. Ал кезде комсомолдук уюштуруучу болуп иштеп жүргөн эле. Алтыбасарова 1942-жылдын 27-августунда Ленинграддан эвакуацияланган 150 баланы камкордукка алат. Алар жергиликтүү колхоздун жатаканасында он жылдай чогуу жашап, билим алып, 1952-жылы көчүп кетишкен. Балдар ачка, арыктыгынан баштары чоӊ, колдору ичке, жыртык кийимчен же жылаӊач болуп алып келинген экен. Келген балдардын эң кичүүсү бир жашта, эң улуусу 10 жашта болот. Чоңураак, эс тартып калгандары аттарын айтышат. Калгандарынын жашын Алтыбасарова дарыгерлер менен чогуу болжолдуу аныктап, алардын көбүнө фамилия, ысымдарды ыйгарган. Ленинграддан Ысык-Көлгө чейинки жол узак болгондуктан, аты жазылган кагаздар жоголуп кеткен экен. Ошентип айылдагылар келген балдарды камкордукка алышат. Ар бири колунан келген тамак-ашын, кийим-кечесин берет. Алтыбасарова күндүз өкмөттүн жумушу менен алек болсо, кечкисин балдарды кароо менен күн кечирет. Балдар да ага көнүп, баары тең "мама Тоня" деп калышат. Токтогон Алтыбасарова балдарды жөн эле баккан эмес. 16 жашта болгонуна карабай ал балдарга энелик мээримин, жылуу мамилесин арнаган. Өмүрүнүн аягына чейин баккан балдарынан кат алып, аярлап сактаган. Токтогон Алтыбасарова Күрмөнтү айылында 44 жыл айылдык советтин катчысы болуп иштеген. 23 жолу айылдык, райондук жана облустук советтерге депутат болуп шайланган. Кыргыз ССРинин Жогорку Сотунун коллегиясынын мүчөсү болгон", — деди Менсеитова.
Токтогон Алтыбасарова 2015-жылы 11-июнда 91 жашында дүйнө салган.
Жаңылыктар түрмөгү
0