Ден соолукту чыңдоо борбору чылымды таштоого жардам берчү ыкмаларды тизмектеди

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүТамеки. Архивдик сүрөт
Тамеки. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2023
Жазылуу
Борбордун адистери тамеки тартуу үчүн шарт түзбөй, тескерисинче, чылым чегүүнү кыйындатуучу жагдайларды жаратууну сунушташат.
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору чылымды таштоонун ыкмаларын сунуштады.
Пульмонолог Анара Калиеванын айтымында, тамеки тартууну токтоткондо иммунитет көтөрүлөт, ден соолук жакшырат. Эгерде адам бир жыл чекпесе өпкөнүн, майда дем алуу органдарынын иштеши жакшырат. Жүрөктүн иштеши да оңолуп, артериалдык кан басым төмөндөйт, кандагы глюкоза калыбына келет.
Адаттан арылуу үчүн сунушталган ыкмалар:
Чылымдан баш тартууга ынанымдуу аргументтердин тизмесин жазып алыңыз. Тамеки тарткыңыз келген учурда ошол тизмени окуп туруңуз;
Чылымдан баш тарта турган күнгө чейин күндөлүк ачыңыз. Ага тамеки тарткан сайын ошол саатты, ага чейинки өткөн убакытты, кандай учурда чылым чеккиңиз келип кеткенин жазып туруңуз. Кечинде бул жагдайды жакшылап ойлонуп көрүп, анын сизге керек же керек эместигин карап чыгыңыз. Кандай учурда чылым чегүүнү каалай турганыңызды аныктап алган соң анын күнүмдүк санын кескин кыскартууга же такыр таштоого өзүңүздү ынандырыңыз;
Чылым чегүү сизге бир топ түйшүк жарата турган абалды шарттаңыз. Аны бөлмөдөн же иш ордуңуздан алыс жакка коюңуз, бир канча таңгакты сатып албаңыз, күйгүзүүдө ширеңкени пайдаланыңыз, тамекини тартканда жагымсыз болгондой сортторун сатып алыңыз;
Чылым чеккиңиз келгенде балким бир стакан суу ичип, алма жеп, таза абага чыгып, жөө басып, айтор, өзүңүздү алаксытып, аралыгын алыстатыңыз;
Мурда чеккенге ыңгайлаштырып алган абалдарды алмаштырыңыз. Маселен, мурун отуруп алып тамеки тартсаңыз эми туруп чегиңиз, сизге ыңгайсыз боло тургандай кармаңыз;
Жай баракат эс алыңыз. Тынч жерде жаратылышка, кооздуктарга көңүл буруп алаксыңыз.
Кыз тамеки чегип жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Чылым чеккен өспүрүмдүн организми кандай кыйналат. Түшүндүрмө
Жаңылыктар түрмөгү
0