Брест чебин коргогон кыргыз полку. Германиянын архивинен табылган тарых

© Sputnik / РождественскийКривоноговдун "Брес чебинин коргоочулары" сүрөтү. Архив
Кривоноговдун Брес чебинин коргоочулары сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2023
Жазылуу
Кыргыз полку тууралуу фактылар Германиянын архивинен россиялык тарыхчылар тарабынан табылган.
1941-жылы 22-июнда фашисттик Германия менен анын өнөктөштөрү Советтер Союзуна кол салып, Австриянын 45-жөө аскер дивизиясы Брест чебине чабуул жасаган. Советтик жоокерлер душмандын мизин кайтарып, кызыл аскерлер баскынчыларга бир ай туруштук берген. Бул жоокерлердин арасында кыргызстандык аскерлер да бар эле. Австриялык 45-аткычтар дивизиясынын офицерлери "бизге чептин ичиндеги кыргыз полку айыгышкан каршылык көрсөттү" деп расмий документтерде белгилешкен. 2010-жылы бул тарыхый фактыны Германиянын архивинен россиялык тарыхчылар Ростислав Алиев, Андрей Ефименко жана Юрий Фомин тапкан.
Ростислав Алиев менен колумнист Алмаз Батилов маектешти. Алиев "Брестская крепость: взгляд с немецкой стороны", "Штурм Брестской крепости", "Брест. Июнь. Крепость" (Илья Рыжов менен биргеликте) китептеринин автору, Генералиссимус Александр Суворов атындагы Бүткүл россиялык адабий сыйлыктын лауреаты.
© Фото / из личного архива Ростислава АлиеваРоссиялык тарыхчы Ростислав Алиев
Российский исследователь Брестской крепости Ростислав Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2023
Россиялык тарыхчы Ростислав Алиев
— Китеп жазууда кайсы тарыхый булактарга таяндыңыз?
— Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи күнүнөн баштап Брест чебиндеги коргоочулар немец баскынчыларга каршы салгылашканы — уникалдуу тарыхый факт. Бул боюнча белгилүү советтик жазуучу Сергей Смирнов менен Брест чебин коргоо боюнча музейдин биринчи директору Аркадий Крупенников чоң тарыхый эмгек жазышкан. Бирок дагы көп фактылар көз жаздымда калган. Кесибим тарыхчы болгондуктан Брест чебин коргоо темасы мени абдан кызыктырды.
1995-жылы Чечен Республикасына журналисттик сапарым да түрткү болду. Анда мен согуш кооз тексттерден асман менен жер болуп айырмаланарын көрүп, түшүндүм. Андрей Ефименко, Юрий Фомин менен биргеликте Брест чебин коргоо тарыхын кайрадан ийне-жибине чейин карап чыгууга аракет кылдык. Башка постсоветтик республикаларда бул тарыхый темага кызыккан изилдөөчүлөр пайда болгону да дем берди. 2006-жылы Германиянын Фрайбург калаасында жайгашкан аскердик архивден документтерди изилдей баштадык. Ал жерде мурда жарыяланбаган маалымат менен иштөө мен үчүн эле эмес, көптөгөн россиялык аскер тарыхчылары үчүн да таптакыр жаңы нерсе болду. Бул архивден көптөгөн ачылыштарды жасадык. Австриялык 45-аткычтар дивизиясынын архивдик фондунун документтерин изилдөө учурунда китеп жазсамбы деген ой келди. Натыйжада үч томдон турган китеп чыкты.
© Sputnik / Александр МоклецовЧеп дубалынын урандысы. "Брест баатыр чеби" мемориалдык комплекси
Вид на развалины крепостной стены. Мемориальный комплекс Брестская крепость-герой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2023
Чеп дубалынын урандысы. "Брест баатыр чеби" мемориалдык комплекси
— Улуу Ата Мекендик согуш учурунда көп жерде айыгышкан кармаш жүргөн. Брест чеби ушул салгылаштардан эмнеси менен айырмаланат?
— Эске сала кетсек, 1939-жылы сентябрда Батыш Беларусь менен Украинаны Советтер Союзу Польшадан бөлүп, өз курамына кошот. Анын ичинде Брест чеби да болгон. Бул чеп совет-герман чек арасында болгондуктан Кызыл армия бөлүктөрүн жыш жайгаштырган. Аскерлердин саны он миңден ашык эле. Көпчүлүгүнүн аскердик тажрыйбасы болгон эмес. Буга карабастан, согуштун биринчи күндөрүнөн баштап чептин коргоочулары Германиянын армиясына (вермахт) абдан катуу каршылык көрсөткөн. Согуштун эң алгачкы мезгилинен эле вермахт оор жоготууларга учураган. Чепке чабуул койгон австриялык 45-аткычтар дивизиясы үчтөн бир бөлүгүнөн ажыраган. Буга чейин вермахт Польша менен Францияны басып алууда мынчалык жоготууга учураган эмес. Чептеги жоокерлер эрдиги менен Германия армиясын моралдык жактан алсыраткан. Бул тарыхый фактыны австриялык дивизиянын документтеринен көрдүк. Мисалы, совет-герман чек арасынын жанында жайгашкан Кызыл армиянын 131-жеңил артиллериялык полку баскынчылардын чабуулуна туруштук берип, бир нече мүнөт уткан. Анын аркасы менен аскердик бөлүктөр чептен чыгып кетүүгө үлгүргөн.
© Sputnik / Юрий Сомов"Брест баатыр чеби" мемориалдык комплексинин башкы монументиндеги барельеф
Барельеф на Главном монументе в мемориальном комплексе Брестская крепость-герой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2023
"Брест баатыр чеби" мемориалдык комплексинин башкы монументиндеги барельеф
— Брест шаарынын ичинде советтик аскерлерге кылмышкерлер менен айрым теги поляк козголоңчулар кол салган деген маалымат бар. Чынында эле ушундай фактылар катталганбы?
— Ооба. Жогоруда 1939-жылы Брест шаары менен чеби СССРдин курамына кошулганын айтпадыкпы. Дал ушул себептен айрым жергиликтүү поляктар Совет өкмөтүнө нааразы болуп, Кызыл армиядан өч алууну көксөгөн. Согуш башталганда алар Совет өкмөтүнүн өкүлдөрү, офицерлер менен жоокерлерге, алардын үй-бүлөлөрүнө кол салышкан. Ошол эле убакта гитлерчилердин биринчи тобу шаардагы түрмөнүн дарбазасын талкалап, миңдеген кылмышкерди бошотушкан. Алар жергиликтүү тургундарды жана дүкөндөрдү тоноп, айрым кызыл жоокерлерди жана Кеңеш өкмөтүнүн өкүлдөрүн мамыга аскан учурлар болгон. Ушул зөөкүрлөрдөн советтик офицерлер менен кызматкерлердин жубайлары чепке кире качышкан деген маалымат айрым коргоочулардын эскерүүлөрүндө бар.
© Sputnik / Ян Тихонов"Брест баатыр чеби" мемориалдык комплекси
Мемориальный комплекс Брестская крепость-герой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2023
"Брест баатыр чеби" мемориалдык комплекси
— Эмгегиңизде австриялык 45-аткычтар дивизиясынын отчётторунда аларга Брест чебинде "кыргыз полку" каршылык көрсөткөнү жөнүндө маалымат бар экенин жазгансыз. Бул тарыхый факт сизди таң калтырса керек?
— Албетте. Брест чебин коргоочулардын арасында борбор азиялык аскерлердин болгону баарыбызды таң калтырды. Көрсө, 1939-жылы Кеңеш өкмөтү советтик Орто Азия менен Кавказ республикаларындагы түпкү улуттарды да аскердик милдетин аткарууга армияга чакыра баштаган экен. Аларды Советтер Союзунун батыш чек арасындагы аскердик бөлүктөргө жиберишкен. Жоокерлердин көпчүлүгү орус тилин билбегендиктен командачылык аларды бир бөлүккө чогултууга аргасыз болуптур. Мисалы, 125-аткычтар полкунун курамынын басымдуу бөлүгүн теги казак аскерлер түзгөн. Мындан тышкары, өзбек жоокерлердин тизмеси табылды. Ошол эле убакта кыргыздар да болгону тастыкталды. Бүгүнкү күндө теги кыргыз алты аскердин аты-жөнү такталды. Андан тышкары, Кыргызстандан чакырылган башка улуттун өкүлдөрүн вермахттын архивинен таптык. Менин пикиримде, Брест чебин коргоодо теги кыргыз аскерлер мындан көп болушу мүмкүн. Борбор азиялык жоокерлер баскынчыларга аябай каршылык көрсөткөнү гитлерчилерди таң калтырган. "Кыргыз полку жанын аябай согушту" деп австриялык 45-аткычтар дивизиясынын офицерлери отчётунда жазышкан. Эмне үчүн гитлерчилер казак же өзбек полку деп жазышкан эмес? Мага да бул тарыхый факт абдан кызык.
Вермахттын архивинен Брест чебинде латын тамгасы менен жазылган теги өзбек аскердин каты да табылды. Белгилей кетчү жагдай, 1940-жылга чейин Казакстан жана Орто Азия республикалары латын арибин колдончу. 2014-жылы Новосибирск шаарындагы ошол учурда генералдык консул Абдурахим Каюмовго бул катты орус тилине которуп берүүнү өтүнүп кайрылдым. Ал которуп, жогорудагы тизмеден айрым жоокерлердин дарегин таап берүүгө көмөктөштү. Мындан сырткары, айрым кыргызстандык аскерлер тууралуу маалыматты ошол маалда Новосибирск калаасындагы КР вице-консулдуктун атташеси Мээримбек Апышев, Ош шаардык кеңешинин депутаты Темир Жоробеков жана "Ошское эхо" гезитинин журналисти Татьяна Кушнарева табууга жардам беришти. Андан тышкары, УТРКнын "Биринчи радиосу" да Брест чебин коргогон кыргыз жоокердин бир туугандарын тапкан. Ошол эле учурда Чолпон-Ата калаасында Брест чебин коргоого катышкан жоокер Василий Коваленко да табылды. Анын эскерүүлөрүн жаздырып алууга үлгүрдүк. Брест чебин коргоо боюнча изилдөөнү ушу тапта да улантып жатабыз.
Концлагерде да багынбаган кыргызстандык жоокер. Согуш баатырларын издөө иши - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2023
Концлагерде да багынбаган кыргызстандык жоокер. Согуш баатырларын издөө иши
Жаңылыктар түрмөгү
0