Министр: Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1ге дагы 200 млн. доллар грант берди

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүГЭСтин кызматкерлери жумуш учурунда. Архив
ГЭСтин кызматкерлери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2023
Жазылуу
Ибраев учурда Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга Россия баштаган бир катар мамлекеттердин компаниялары кызыгып жаткандыгын билдирди. Ал эми ДБ бул долбоорго бөлгөн гранттын жалпы суммасы 400 млн. доллар болгонун айтты.
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 (КА-1) ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) актуализация (жаңылап, иштеп чыгууга) кылууга дагы 200 миллион доллар кошумча грант бөлүп берди. Бул туурасында энергетика министри Таалайбек Ибраев "Биринчи радионун" эфиринде айтты.
Министр буга чейин аталган банк 2014-жылы 200 млн. долларлык каражат бергендигин, бирок андан бери бир топ убакыт өтүп кеткенин белгилеген. Эми аны кайрадан жаңылоо зарылдыгы турат.
"Өткөндө Лондондо Дүйнөлүк банк Азиядагы беш мамлекетти энергетикалык союзга кандай көз караштасыңар деп чогултту. Казакстан, Өзбекстандагы кесиптештер (энергетиктер) КА-1ге финансылоо боюнча жардам бергиле деп суранды. Акыркы иш сапарда Дүйнөлүк банк менен Вашингтонго министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаровдун жетекчилиги менен барып, жолуктук, презентация кылдык. ДБ мурдагы 2014-жылы жасалган ТЭНди актуалдаштырууга 200 млн. доллар берген. Биз баргандан кийин дагы 200 млн. доллар грант, баш-аягы 400 млн. доллар грант берди. Буга документти бүгүнкү күндүн рыногуна ылайыкташ керек", — деди министр Ибраев.
Министр бул жерде Дүйнөлүк банктын да чоң кызыкчылыгы бар экендигин жана учурда аталган долбоорго инвесторлор чыгып жатканын кошумчалады.
"2014-жылы жасалган техникалык-экономикалык негиздеменин баасы 2 млрд. 800 млн. доллар эле, эми андан бери канча жыл өттү. Көп нерсе кымбаттады. Азыр ошону жаңыртып жасап алып, баасын чыгарсак... кызыкдар болгондор да көп. Россия да "кошулуп курабыз" деп кызыкдар. Андан сырткары, Кытайдан кызыгып жатышат. Концорциумдагы Пакистан, Түркия жана Кытай компаниялары келген. Кыскача айтканда, бүгүн бизде тандоо бар. Техникалык керектөөлөрдү ДБга жөнөттүк, макулдашылса ТЭНди конкурска чыгарабыз. Андан утуп алган компания актуалдаштырууну жасайт. Баасын билгенден кийин аны коебуз да, кызыккандарга сунуштайбыз", — деген ал.
Эске салсак, 6-январда Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери КАГЭС-1 боюнча "жол картага" кол коюшкан. Коңшу мамлекеттер Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна каражат салууга ниеттенүүдө, ордуна электр энергиясын алышат.
Кыргызстан бийлигинин айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСи ата мекендик энергетиканын флагманы болмокчу. Кубаттуулугу 1 860 мегаватты түзүп, болжол менен жылына 5,6 миллиард киловатт-сааттык электр энергиясын өндүрөт.
КАГЭС-1дин курулушуна даярдык 2022-жылы 8-июнда башталып, Садыр Жапаров барган.
Бийик кабаттуу электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2023
Пресс-борбор
Камбар-Ата-1 ГЭСине акча салса Казакстанга кандай пайда алып келет? Түшүндүрмө
Жаңылыктар түрмөгү
0