Россельхознадзор Кыргызстандын эки ишканасынан балык алууну жандантты

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүЖумушчу форель балыгын уулап жатат. Архив
Жумушчу форель балыгын уулап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2023
Жазылуу
Чечим өлкөдөгү ишканаларга видео менен текшерүү жасалып, анын жыйынтыгы чыккандан кийин кабыл алынган.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Россельхознадзор бүгүндөн баштап Кыргызстандын "Аква Пром" жана "Тянь-Шань-Фиш" ишканаларынан Россияга балык жөнөтүүгө коюлган убактылуу чектөөлөр алынганын маалымдады.
Мындай чечим 25-26-апрелде ишканалардын россиялык адистер менен видеотааныштыруунун жыйынтыгында кабыл алынганы айтылды.
"Видео маалымдоо Кыргызстандын Ветеринардык кызматынын аталган ишканаларга кемчиликтерин жоюу, өлкөдөгү балык азыктарына байкоо жүргүзүүнү калыптандыруу жаатында улантылып жаткан иштин бирдиктүү системасын түзүү жана балыктардын илдеттери боюнча эпизоотикалык жакшы абалды жаратуу кепилдигин тастыктады", — деп айтылат Россельхознадзордун маалыматында.
Бул эки ишкананын продукциялары Россияга ЕАЭБдин ветеринардык мыйзамында каралгандай күчөтүлгөн лабораториялык көзөмөл менен, сапаты жана коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча текшерилип, андан соң экспорттолот.
Ушул жылдын февраль айында Россельхознадзор Кыргызстандын Ветеринардык кызматына Россияга жөнөтүлүп жаткан форель жана форель икраларын сертификатташтырууну токтотуу өтүнүчү менен кайрылган. Буга азыктарда тыюу салынган жана зыяндуу заттар уруксат берилген чектен көп болуп жатат деген жүйө келтиришкен.
Жакында Кыргызстандын айыл чарба министри балык жөнөтүү кайра жанданышы керектигин айтып, бирок бул кетирилген кемчиликтерди жойгон ишканаларга гана тиешелүү экендигин белгилеген.
Кийинчерээк кыргызстандык төрт компания кайрадан Россияга балык экспорттоого уруксат алары белгилүү болгон.
Супермаркеттеги кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Россияга балык жана сүт азыктарынын экспорту кандай шартта жанданары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0