Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылышта көз жумгандарды эскерди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2023
Жазылуу
Эки учурда баш-аягы 477 адам ар кандай жаракат алган. Алардын айрымдары ушу кезге чейин дарыланып келет.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууларда курман болгон жарандарды эскерүүгө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
Өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан кайрылуунун тексти толук келтирилет:
“Урматтуу мекендештер!
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Өлкөбүз 2021-жылдын апрель айында, андан кийин 2022-жылдын сентябрь айында соңку тарыхындагы оор сыноолорду башынан кечирди.
Кыргыз-тажик чек арасында эки ирет кайталанган каргашалуу окуяларды ар бир кыргызстандык жүрөгү сыздап, терең кайгыруу менен кабыл алды.
Айкөл Манас атанын урпактарыбыз деген көк жал жоокерлерибиз менен эл ичинен чыккан эр-азаматтарыбыз мамлекеттин бүтүндүгүн, өлкөнүн эгемендигин сактап калуу үчүн болуп көрбөгөндөй эрдик көрсөтүштү.
Тилекке каршы, бул каргашалуу окуяларда 99 жараныбыз курман болуп, орду толгус оор жоготууларга учурадык, 477 жараныбыз ар кандай жаракат алып, азыркы убакка чейин дарыланып келет.
Эл уулдарынын Мекен чегин көздүн карегиндей сактоодогу каармандыгы тууралуу эчендеген макала-баяндар, көркөм китептер жазылып, даректүү фильмдер тартылып, болуп өткөн окуяны келечек муундун көз алдына тасмадай тартып бере турган мезгилдер али алдыда.
Алардын Ата Мекен үчүн кан-жанын аябаган эрдиги, мекенчилдиги муундан-муунга даңазаланып, элибиздин эсинде түбөлүккө сакталып калат!
Жамы журтубуздун, жалпы мамлекетибиздин тикесинен тик туруп, жапа тырмак колдоо көрсөткөндүгүнүн натыйжасында 2021-жылдын апрелинде өрттөлгөн турак үйлөр кайра курулуп, толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Кагылышууда курман болгон мекендештерибиздин үй-бүлөсүнө да өз убагында үйлөр курулду.
Кагылышуунун кесепеттерин жоюу максатында 2022-жылдын 17-сентябрында “Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө”, андан кийин 2022-жылдын 10-октябрында “2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун Баткен районунун айрым калктуу конуштарын калыбына келтирүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыктарым чыкты.
Аларга ылайык, жарандардын талкаланган турак жайларын калыбына келтирүүгө мамлекеттин бюджетинен 1 млрд 385 млн 670 миң сом бөлүнүп берилди.
Учурда талкаланган 418 үйдүн 381и бүткөрүлдү, калгандарын калыбына келтирүү жаатында курулуш иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары, жапа чеккен жарандардын насыя берүүчү мекемелерге болгон 31 млн сомдук карызы жоюлуп, 63 млн сомдук насыялык келишимдердин шарттары жеңилдетилди.
Каргашалуу окуяда эл-жери үчүн курман болгондордун үй-бүлөсүнө, жабыр тарткан жарандарга мамлекет тарабынан компенсациялар төлөнүп берилди. Бул багытта даректүү жардам чаралары дагы улантылат.
Ардактуу агайын-туугандар!
Биринчи жолку кагылышуудан кийин мамлекетибиз чыйралып, чек ара коопсуздугун бекемдөө максатында кечиктирилгис чараларды кабыл алганын билесиздер. Өлкө тарыхында алгач ирет республикалык бюджеттен Куралдуу күчтөрүбүзгө заманбап аскердик техника жана башка керектүү жабдыктар сатып алынды.
Натыйжада экинчи жолку кагылышууда татыктуу жооп берилип мизи майтарылып, көптөгөн курмандыктардын болушуна жол берилген жок. Чек ара коопсуздугун бекемдөө, жоокерлерибизди зарыл болгон жабдыктар жана техника менен камсыздоо жумуштарын мындан ары да улантабыз.
Бул иш-чаралардын алкагында аскерлердин жана ички иштер кызматкерлеринин, айрыкча, Баткен жергесинде кызмат өтөгөндөрдүн айлык маяналарын кескин түрдө көтөрүп бердик.
Кадырлуу кыргыз калкым!
Биз мындай окуялардын кайталанбашы, эгемендүү өлкөбүздүн бүтүндүгү, калкыбыздын бакубат жашоосу үчүн болгон мүмкүнчүлүгүбүздү жумшайбыз!
Ата Мекенибиздин асманы ар дайым ачык болуп, жергебизде тынчтык өкүм сүрсүн!”
Эскерте кетсек, туура эки жыл мурун башталган чек арадагы кандуу жаңжалда 37, 2022-жылдын сентябрындагы кагылышууда 62 кыргызстандык көз жумган.
Коштошуу аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Чек арага чептей туруп курман болгон кыргыздын кыраандары
Жаңылыктар түрмөгү
0