Өлкөдө спиртти мамлекет гана чыгарат, менчик заводдордун баары жабылды

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүАлкоголдук продукцияларды чыгаруу. Архив
Алкоголдук продукцияларды чыгаруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2023
Жазылуу
Мамлекеттик монополиянын киргизилишинен улам 400дөй адам жумушсуз калган.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстанда этил спиртин чыгарган төрт жеке менчик завод жабылды, мындан ары бир гана "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынан өндүрүлөт. Бул тууралуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмаз Токтогулов билдирди.
Ал бүгүн парламентке этил спиртине мамлекеттик монополия киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун алып келип, биринчи окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

Өлкөдө канча менчик спирт заводу бар эле?

Токтогуловдун айтымында, Кыргызстанда жалпы беш спирт заводу иштечү, учурда төртөө жабык турат. Бир гана мамлекетке караштуу "Кара-Балта спирт заводу" иштеп жатат. Жабылгандардын экөө Токмок жана Сокулукта жайгашкан "Аюу" компаниясына тиешелүү болчу. Дагы бири Москва районунда иштеп турган. Баарына Кыргызстан жарандары ээлик кылган.
Чет өлкөдөн этил спиртин импорттоого тыюу салынды, алкоголдук продукцияларды гана алып келсе болот.
Мындай иштер президенттин былтыр декабрда чыгарган жарлыгынын негизинде жасалууда. Эми мыйзам аркылуу бекемдөө үчүн долбоор иштелип чыккан.

Канча адам жумушсуз калды?

Агенттиктин директору жабылган ишканаларда 400гө чукул адам эмгектенип келгенин айтты. Ал заводдордун ээлери модернизация кылып, өндүрүшүн башка тармакка которууга аракет кылып жатышат. Болбосо дистиллятор чыгарганга өтүшөт.

Жеке менчик заводдор эмне үчүн жабылды?

Спиртти көзөмөлдөгөн агенттиктин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2013-жылы 1,5 миллион декалитр спирт чыгып турган, бирок 2020-жылы 325 декалитр болуп, өндүрүш беш эсе түшүп кеткен. Анализдеп көргөндө 2 миллиарддан ашык декалитр спирт көмүскөдө жүргөнү аныкталган. Ушундан улам президенттин жарлыгы чыгып, этил спиртин мамлекет гана чыгара баштаган.
"Негизги милдетибиз — көмүскөнү ачыкка чыгаруу. Жеке компаниялар спирт заводдорун ачып, эсепке алынбай калууда. Токмокто 264 тонна акциздик маркасы жок спирт кармалганын көрдүңүздөр. Биз бирдиктүү аянтча түзүп жатабыз, арак заводдору бир баада алгандай болот", — деди Токтогулов.

Мамлекеттик башкаруу натыйжа береби?

Депутат Жанар Акаев Баш мыйзамдын 15-беренесинде "Менчик кол тийгис, эч ким өз билемдик менен мүлкүнөн ажыратылбайт" деп жазылганын эскертип, өкмөттүн кадамдарын сынга алды.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша Жанар Акаев
Депутат Жогорку Кенеша Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2023
"Азыр күч менен эле спирт заводдорун жаап, алып коёбуз деп жатасыңар. Мамлекеттин иши — менчиктен салык жыйноо, айлык берүү. Эмне үчүн ишканаларды өзүнө алам деп жатат? Эгер бюджетке каржы көбөйтөбүз десеңер алкоголдук ичимдик менен тамекинин салыгын көбөйтпөйсүңөрбү. Эми монополист болдуңар, атаандаштык токтойт. Тууган-туушкандардын башкаруусуна өтөт. Минте берсек чоң бизнесмендердин баары чыгып кетет", — деди Акаев.
Аткаминер мындай пикирге кошулган жок. Токтогуловдун айтымында, 2022-жыл ичи 561 миң декалитр этил спирти чыгарылган, ал эми монополия кирген 2023-жылдын биринчи кварталында эле 211 миң декалитр өндүрүлүп жатат. Муну менен акциз түрүндөгү кирешелер жылына 2 миллиард сомго жакын көбөйөт.

Кооптуу жагдайлар

Эл өкүлү Чыңгыз Айдарбеков көмүскөдөн чыгаруу үчүн ишканасын тартып алууну өтө жаман прецедент деп сыпаттады.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша Чингиз Айдарбеков
Депутат Жогорку Кенеша Чингиз Айдарбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2023
"Сөзсүз эле улутташтырыш керекпи? Жер жүзүндө атаандаштыкты колдоого максималдуу түрдө аракет кылышат. Силер башка жолго түшүп жатасыңар. Мамлекетке таандык мүлк натыйжалуу иштебейт. "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингин көрдүк, акчасын жеп алып кайра жабышты. Бул кооптуу жагдай. Андай болсо көмүскөдөн чыгаруу үчүн деп башка тармактагы ишканалар дагы мамлекетке өтүп кетеби?" — деди Айдарбеков.
Агенттиктин директору этил спиртине гана монополия киргизилгенин, ал эми арак өндүрүү жагында атаандаштык бар экенин белгиледи.
Заводдогу спирт ичимдиктерин куюу линиясынын жумушчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2023
Агенттик директору Токтогулов: "Аюнун" директору өзү келип заводун берем деди
Жаңылыктар түрмөгү
0