https://sputnik.kg/20230425/sut-maselesi-boyuncha-zhaparov-menen-overchuk-menen-suyloshtu-1074742596.html
РФке сүт экспорттоого салынган тыюу: Жапаров менен Оверчук сүйлөштү
РФке сүт экспорттоого салынган тыюу: Жапаров менен Оверчук сүйлөштү
Sputnik Кыргызстан
Жакында Кыргызстанга Россельхознадзордун адистери келери макулдашылды. 25.04.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-04-25T21:48+0600
2023-04-25T21:48+0600
2023-04-25T23:44+0600
кыргызстан
россия
сүт азыктары
экспорт
тыюу салуу
акылбек жапаров
алексей оверчук
сүйлөшүүлөр
https://sputnik.kg/img/07e7/04/19/1074743924_0:317:3076:2047_1920x0_80_0_0_98475eb8d8030abeb9648f845f7d4627.jpg
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук сүт азыктарынын экспорту токтотулганы боюнча маселени талкуулады. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.Алар видеобайланыш форматында сүйлөшкөн. Ага эки өлкөнүн тармактык структураларынын, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышкан. Жапаров менен Оверчук — Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын тең төрагалары.Ошондой эле алар энергетика, санариптик экономика, транспорттук коопсуздук, айыл чарба жаатында өз ара иштешүү боюнча маселелерди карашкан.Белгилей кетсек, Россия 21-апрелден тартып Кыргызстандан сүт азыктарын алууну токтоткон. Россельхознадзор ага бир нече эреже бузуулар себеп болгонун айтууда.
https://sputnik.kg/20230424/rossiyaga-sut-eksporttoo-sebebi-1074689858.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/04/19/1074743924_1092:823:2303:1731_1920x0_80_0_0_4089f0168edae0b2c64b9f73c3c10fdc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, сүт азыктары, экспорт, тыюу салуу, акылбек жапаров, алексей оверчук, сүйлөшүүлөр
кыргызстан, россия, сүт азыктары, экспорт, тыюу салуу, акылбек жапаров, алексей оверчук, сүйлөшүүлөр
РФке сүт экспорттоого салынган тыюу: Жапаров менен Оверчук сүйлөштү
21:48 25.04.2023 (Жаңыртылды: 23:44 25.04.2023) Жакында Кыргызстанга Россельхознадзордун адистери келери макулдашылды.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук сүт азыктарынын экспорту токтотулганы боюнча маселени талкуулады. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.
Алар видеобайланыш форматында сүйлөшкөн. Ага эки өлкөнүн тармактык структураларынын, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышкан. Жапаров менен Оверчук — Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын тең төрагалары.
“Тараптар Кыргызстандан Россияга экспорттолгон сүт азыктарынын сапатына байланыштуу маселеге кенен токтолушту. Жакынкы күндөрү Кыргызстанга Россельхознадзордун адистери келери макулдашылды. Алардын максаты лабораториялык жабдууларды баалоо жана керектүү тесттерди жүргүзүү”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле алар энергетика, санариптик экономика, транспорттук коопсуздук, айыл чарба жаатында өз ара иштешүү боюнча маселелерди карашкан.
Белгилей кетсек, Россия 21-апрелден тартып Кыргызстандан сүт азыктарын алууну
токтоткон. Россельхознадзор ага бир нече эреже бузуулар себеп болгонун айтууда.