Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Батыш Россия — Украина чырын курал сыноочу полигон катары пайдаланууда. Маек

© AP Photo / U.S. Air National Guard / Staff Sgt. Nicholas PerezАкталган уран кошулган ок-дарылар. Архив
Акталган уран кошулган ок-дарылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Жазылуу
Дүйнө экиге бөлүнүп, Батыш — Чыгыш тиреши күч алып турганда Улуу Британия Киевге акталган уран кошулган ок-дары берерин билдирди. Бул кадам чатакты канчалык деңгээлде курчутары талкууланып, кооптонуу туудурат.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде коомдук жана мамлекеттик ишмер, коопсуздук жаатындагы эксперт Артур Медетбеков болду. Биз Украинадагы саясий абал, атайын операция дүйнөгө кандай таасир берип жатканы тууралуу кеп кылдык.
— Лондондо Киевге акталган уран кошулган ок-дары берүү тууралуу айтылгандан бери талкуу күчөдү. Кооптуу экени талашсыз.
— Укранинадагы абал дүйнө жүзүн эки полярдуу дүйнөгө айланта баштады. Англосаксондук батыш өлкөлөрү Россияга каршы экономикалык жактан көптөгөн санкцияларды киргизишүүдө. Ал эми нейтралдуу позицияда калабыз деген же кандайдыр бир деңгээлде Россияга жан тарткан мамлекеттер ачык колдоп жатат. Саясат деңгээлинде Кытайдын лидери Си Цзиньпин Россияга келип, Путин менен жекеме-жеке коммуникация, мунай, газ жеткирүү, коргонуу өңдүү көптөгөн маселелерди талкуулап кеткени айтылды. Бул Батыш өлкөлөрүнүн бүткүл дүйнөгө жасаган гегемондук саясат жүргүзүүсүнө бөгөт коюу же болбосо алар менен сүйлөшүүдө Россия, Кытай мамлекеттери өзүнүн принципиалдуу позициясын тактап, аныктап, ошонун негизинде иш жүргүзүүсү болуп саналат.
Экинчиден, Англия мурда Украинага Challenger танкаларын жана жарылуучу заттарын кошо берген. Эми акталган урандын кошулмасы менен жасалган ок-дары жиберерин билдирди. Бул жарылуучу заттар убагында Жакынкы Чыгышта, Косоводо жана Иракта колдонулган. Муну 1980-жылдары Советтер Союзу, кийин Россия да жасай баштаган. Акталган урандан жасалган ок-дарылар Франция, Германия, Америкада жана Израилде бар. Өзгөчөлүгү — абдан бекем болуп, сооттолгон танканы тешип өтүп, буу чыгып, аны менен дем алган адамдар өлүп, жарадар болбосо да онкология менен ооруп калышы мүмкүн. Кан аркылуу ичине кирип кетсе, анда да айыкпас оорулардан жабыркап калат. Ал октор колдонулган аймакта же сууларга чачырандысы түшсө акырындык менен ар кандай оор дарттарды жаратары тууралуу маалыматтар бар. БУУнун атайын комиссиясынын изилдөөсүндө зыяндуулугу жогорку деңгээлде эмес. Радиоактивдүүлүгү бир-эки жылдан кийин гана жайылып, кесепетин тийгизе баштаарын айтышкан. Акыркы убакта саясатчылар акталган урандын колдонулушун, андан жасалган уранды пайдалануу боюнча көп маалыматтарды берип жатат. Бул ок-дарыны Россиянын колдонгонуна эч кандай далил жок.
Үчүнчүдөн, Англиянын мындай куралды Киевге берерин жарыялашын Россияга каршы чагымчылык жана ЖМКларда пайдаланган согуштук куралы катары карасак болот. Бул — ушундай ок-дары чыгарган компаниялардын пиары. Акыркы убакта жарактан чыккан украин куралдарына каршы согушка жаңы кирген Россиянын Т-90 танкаларын тешип өтөт деп берип жатат. Мындан тышкары, Батыш өлкөлөрүнүн коопсуздук күчтөрү өз куралдарын сынактан өткөрүү үчүн Украина — Россия согушун полигон катары пайдаланып жатат. Батыш өлкөлөрүнөн жалданма жоокерлер да согушуп жатканы белгилүү.
Андыктан бул согуш башка мамлекеттердин коргонуу күчтөрүн чыңдоого мажбур кылды. Коңшулар да ушундай позицияда иш жүргүзөт. Себеби Өзбекстан, Тажикстан Аму дарыясы менен чектешет. Дарыянын аркы бетинде "Өзбекстан ислам кыймылы", "Түркстан ислам кыймылы", "Ислам мамлекети", "Аль-Каида" өңдүү ар кандай экстремисттик кыймылдар бар. Мүчөлөрүнүн көбү — Борбордук Азиядан, өзгөчө Каратегин, Фергана өрөөнүнөн чыккандар. Бул жагдай өзүнчө потенциалдуу түрдө коркунуч жаратат.
© Sputnik / Табылды КадырбековМедетбеков: Россиянын согушканы Батышка жагат. Россияны согуш аркылуу алсыратуу, аскердик, экономикалык жана саясий жагынан да дүйнө жүзүнө жаман көргөзүү максаты бар
Ветеран спецслужб, экс-зампредседателя ГКНБ генерал Артур Медетбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Медетбеков: Россиянын согушканы Батышка жагат. Россияны согуш аркылуу алсыратуу, аскердик, экономикалык жана саясий жагынан да дүйнө жүзүнө жаман көргөзүү максаты бар
— Украинанын айланасында эле Батыштын Молдова өңдүү башка мамлекеттер аркылуу экинчи тирешти чыгарууга аракеттенгени айтылып жатат. Бул жагынан кандай божомол бар?
— Потенциалдуу түрдө экинчи фронт ачууга Батыш бардык шарттарды карап, башка мамлекеттердин эшигин түртүп көрүп жатат. Ошол эле Молдова тууралуу айтсак, акыбал өтө опурталдуу. Акыркы убакта Грузияда да элдин ортосунда массалык кагылышуулар болуп кетти. Борбордук Азияда да билинбегени менен уктап жаткан, белгисиз топтордо, андан тышкары, ЖМКларда, социалдык тармактарда ар кандай, кээде провокациялык маалыматтарды таркатуу иштери да жүрүп жатат. Ошондой эле Афганистандын үч провинциясында пуштундар менен афгандык тажиктердин арасында жаңжал чыгып, согуш болду. Былтыр талибдер Тажикстан менен Өзбекстанга эскертүү берди. Тажикстанга талибдер "Афганистандан чыгып кеткен учуучу аппараттарды жана башка техникалардын баарын кайтарып бергиле. Же болбосо биз бир жуманын ичинде эле күч менен алып коёбуз. Керек болсо басып алабыз. Жардам бергениңерди токтоткула" деген ультиматум коюшту. Анын артында кандай күч турганы белгисиз. Ал эми "Ислам мамлекети", "Түркстан ислам кыймылы" өңдүү тыюу салынган уюмдар Борбордук Азияда ислам халифатын курарын дагы эле айтып келишет. Өз колдоочуларын да чакырып, теракт жасоого үндөшү мүмкүн. Алар 2016-жылы Кытай менен болгон дипломатиялык мамилебизди суутуш үчүн Бишкектеги элчиликти жардырышкан. Бир киши каза болуп, бир нечеси жарадар болгон. Натыйжада "Ислам кыймылынын" кыргызстандык мүчөлөрү кармалган. Ошол жылдары көптөгөн кыргыз жарандары барып согушуп, каза болуп жатышты. Экстремисттик топтордун мүчөлөрү Борбордук Азия мамлекеттеринде жүрүшөт. Буларды Батыш өлкөлөрү пайдаланбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Себеби убагында "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмун түптөөгө жардам берип, лидери Ибрагимди түрмөдөн чыгарып, бардык жардамдарды берген НАТОнун генералы Петерс болгон. Ошол себептен билинбеген потенциалдуу түрдө коркунучтар бар.
— "Талибдерди кол салбайт" деп кепилдик бере албайбыз да. Биринчиден, ачка, Батыштын банкындагы акчасын толук кайтара албай жатышат. Анан да "куралды кайтарып бергиле" деген талабы бар...
— Талибдер да өз ара топторго бөлүнүп, ич ара келишпестиктери көп. Экономикасы абдан начар. БУУ аз-маз жардам берип жатат. Ошонун баарын эске алганда булар коркутканы менен иш жүзүндө чоң согушка бара албайт. Анткени учурдан пайдаланып өздөрүнүн 2-3-кландары бийликти басып алышы мүмкүн. Бул да коркунуч туудурат. Анан да коңшуларына кол салса аларга ЖККУнун, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) аскердик күчтөрү тартылат. Кытай да ШКУга кирди. Афганистандагы талаа командирлери аймактарда атышып же чакан локалдуу терактыларды жасашы мүмкүн. Бирок 1999-жылдагыдай мамлекетке кирип келе алышпайт. Ал эми Сириядагы, Ирактагы талаа командирлеринин качканы качып, кээ бирлери тоногон акчасынын арты менен легалдашып Түркияда, Иорданияда жашынып жашап жүрүшөт. Анткен менен булардын да колдоочулары абдан көп.
— Эми Молдова, Грузиядагы нааразычылыктарды айтсак. Муну атайын тутантып жатышабы? Кимдердин кызыкчылыгы бар?
— Муну тутантуу үчүн, албетте, финансылык жардам болушу керек. Экинчиден, алардын лидерлерине саясий идеялардын негизинде көптөгөн убадалар берилет. Молдовадагы окуя Батыш өлкөлөрүн чочутууда. Молдованын башчысы Санду Батышты колдоп, ошол эле учурда элине каршы чыккандай болуп жатат. Анын коррупцияга аралашканы да өлкөдө кыжырданууну жаратты. Батыш Сандуну колдойт, анткени кол алдында иштешин каалайт.
© Sputnik / Табылды КадырбековМедетбеков: Акталган уран кошулган ок-дары — сооттолгон танканы тешип өтүп, буу чыгып, аны менен дем алган адамдар өлүп же онкология менен ооруп калышы мүмкүн
Ветеран спецслужб, экс-зампредседателя ГКНБ генерал Артур Медетбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Медетбеков: Акталган уран кошулган ок-дары — сооттолгон танканы тешип өтүп, буу чыгып, аны менен дем алган адамдар өлүп же онкология менен ооруп калышы мүмкүн
— Учурда дүйнө экиге бөлүнүп калды. Мурда бир нерсе болсо эле үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып кетиши мүмкүн, өзөктүк курал деген коркунучтар айтылчу. Азыр бул жоромол жакындагандай сезилет...
— Украинадагы абал көп мамлекеттерди ар тараптан өзгөрттү. Акыркы убакта курал-жарактар да мурдагыдай эмес. Акталган урандан тышкары согушка кандай курал кошулары белгисиз. Үчүнчү дүйнөлүк согушка түрткөн чагымчыл аракеттер да болушу мүмкүн. Бирок Батышы да, Чыгышы да дүйнөлүк согуш башталып кетсе өзөктүк курал колдонууга алып барышы мүмкүндүгүн түшүнөт. Анда бир да жеңүүчү болбойт, баары утулат. Аны менен коркутуп-үркүтүү маалыматтык согуш катары гана кабылданып жатат. Украина менен Росиянын ортосундагы согушта адамдык фактор өзгөчө роль ойноодо. Себеби Украинанын көп аскерлери кырылып, жарадар болуп жатат. Көбү качып кетти. Украин элинин саны да аз. Батыш берген жардам да системдүү эмес. Эгер объективдүү карай турган болсок, Украинанын утулушу күтүлүүдө. Ошол эле Россиянын да аскер адамдары жоготууга дуушар болуп, ресурсу азайып баштайт. Экономикалык жактан 140 миллион элди багыш да кыйын. Ошол себептен жакын арада, 1-1,5 жылдын ичинде булар бир чечимге келишет. Россиянын аскерлери турган аймактарда референдум жүрүп, анын негизинде келишимдер чыгышы мүмкүн. Экинчиден, азыр позициялык, тактикалык согуш болуп жатат. Ошол себептен үчүнчү дүйнөлүк согуш тууралуу айтуу жаңылыштык. Согуштан пайдаланып, экономикалык, саясий упай топтоону каалаган өлкөлөр ар кандай чагымдарды таратып, өз үлүшүн алууга аракет жасап жатышат. Мындан улам маалымат айдыңында сак болуу керек.
— Элдешип калышы мүмкүндүгүн айтып жатасыз. Буга чейин Түркия аракет жасады. Эми Израиль жасашы мүмкүн деп жатышат. Кытай сунуштарын айтууда. Тынчтыкты орнотуу келишимин түзүүгө кимдин таасири күчтүүрөөк?
— Менимче, буга Англия, Франция, Америка, Германия, бул жактан Россия, Кытай, Түркия өңдүү мамлекеттер өз салымын кошо алат. Мисалы, Дональд Трамп "мен президент болсом бир күндө эле согушту токтотом. Бийликте болсом мунун баары болмок эмес, Путин абдан акылдуу киши, мени түшүнөт" деп жарыялап, азыркы мамлекет башчысын аябай мазактап жатат. Американын Батышта таасири чоң. Ошол себептен ушундай лидер келип калса Батыштын позициясы өзгөрүп кетиши мүмкүн. Батыш да энергетикалык, жылуулук жагынан согуштун азабын тартып жатат. Ошону менен бирге Россияга болгон санкцияларды алгыла деген талаптар айтылууда. Россия элди жөн жерден аткылап, концлагерлерди курган жок.
Россиянын согушканы Батышка жагат. Анткени Россияны согуш аркылуу алсыратуу, аскердик, экономикалык жана саясий жагынан да дүйнө жүзүнө жаман көргөзүү максаты бар. Өздөрүнүн курал-жарагын, согуштук тактикаларын ал жерде сынап, иштерин жүргүзүп жатат. Мындан тышкары, 15-20 миңге жакын жалданмалар тажырыйба топтоп, алардын тамак-ашынан баштап кийимине чейин кемчиликтери менен артыкчылыктарын изилдеп жатышат. Кээ бир Чыгыш өлкөлөрүндө Россия менен Украина согушу жүрүп турса, Түштүк-Чыгыш жакта согуш болбойт деген тымызын ой-пикирлер бар. Акыры бул тиреш сүйлөшүү жолу менен чечилерине ишенем.
Талибан кыймылынын мүчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2022
"Талибандан"* Кыргызстанга коркунуч жок, өзүбүздүн "талибдер" өтө кооптуу. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0