Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Defender-23 — НАТОнун Россия менен кармашка даярдыгыбы?

© Photo / U.S. Army / Staff Sgt. Keith AndersonНАТОнун машыгуулары. Архивдик сүрөт
НАТОнун машыгуулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2023
Жазылуу
АКШ Армиясынын Европадагы Defender-23 масштабдуу машыгуулары Украина Куралдуу күчтөрүнүн 30-апрелге белгиленген "контрчабуулуна" туш келиши тегин жерден эмес. Айтмакчы, бул иш-чарага НАТОнун дээрлик бардык мүчөлөрү тартылды.
Украиналык күчтөрдүн чабуулдук аракеттеринен майнап чыкпаса, АКШ менен НАТО күчтөрүнүн стратегиялык жайгашуусу киевдик режимди ыкчам колдоо жана Россия менен түз аскердик жаңжалга айланып кетиши толук ыктымал деп боолголойт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Европанын он өлкөсүнүн аймагында эртең, 22-апрелде, АКШ Армиясынын эки айга созула турган Defender-23 ири аскердик машыгуусу башталмакчы. Ага америкалык 9000 жоокерден тышкары, 26 союздаш өлкөдөн 17 миң аскер кызматкери тартылган. Пентагон европалык согуштук аракеттер театрына 7000ден ашуун техника бирдигин жиберген.
Defender-23 аскердик окууларына мурда Европага алдын ала жайгаштырылган америкалык запастан баш-аягы 13 миң бирдик аскердик техника, ошондой эле альянстын Аскер-аба күчтөрү да жапырт катышат өңдүү. 24 өлкөдөн 230 учак катышмакчы.
Defender-23 машыгуулары – "дүйнөгө жана Европага коркунуч туудургандарды ооздуктап, континентти агрессиядан коргоодо" АКШ Куралдуу күчтөрүнүн согушка жарамдуу аскердик бөлүктөрдү жана техниканы ыкчам жайгаштыра билерин тастыктоо. Мурдараак, украиналык жаңжалдан улам Европадагы америкалык коргоочулардын контингенти 100 миң жоокерге чейин көбөйгөн. Мындай учурларда акылман кытайлыктар "гүл жыттаган жолборско ынанба, ал секиргенге камынууда" деп коюшат эмеспи.
Defender-23 аскердик окуулары Украина Куралдуу күчтөрүнүн көктөмдөгү "контрчабуулуна" туш келип калганы шек туудурбай койбойт. Анан да жакында эле АКШ Конгресси Украинада иш алпарып жаткан америкалык жоокерлердин санын ачыктоо жөнүндөгү резолюциянын долбоорун кароого алып чыкты.
F-35 истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Румынияга F-35 истребителинин кереги эмне? Аскерий сереп
АКШ менен НАТО киевдик режимди тынымсыз курал менен жабдууда. Украинадагы коргоо боюнча байланыш тобунун кезектеги жыйыны (50 "донор өлкөнүн" өкүлдөрүнөн турган) бүгүн, 21-апрелде, Германиядагы Рамштайн авиабазасында өтөт. Башында АКШ коргоо министри Ллойд Остин жана Штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасы Марк Милли турат. Негизинен анда Украина Куралдуу күчтөрүн ок-дары, ок өткөрбөс техника, аба чабуулунан коргонуучу жана сокку уруучу каражаттар, айрыкча, МиГ-29дар менен камсыздоо талкууланат.
Киев кайра-кайра натолук истребителдерди сурап келет, бирок Вашингтондун F-16 учагын берүүгө түк ниети жок. Балким украиналык армиянын "эң оор күнүнө" сактап жатышкандыр...
Батыштын олуттуу талдоочулары "контрчабуулдун" алгачкы 24 саатын чечүүчү деп баалап жатышат. Андан ары Drang nach Osten алдыга жылышына Украина Куралдуу күчтөрүнүн ок-дарысы жетпейт.
Пентагондогулар Украина Куралдуу күчтөрүнүн "контрчабуулу" аба чабуулунан коргонуучу жакшы системасыз максатына жетпейт деп чочулап жатышат. Анткен менен андай дурус тутумдар НАТОнун өзүндө жок. Даңазалап келишкен америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплекстери 40 жыл аралыгында душман тараптын (ар кандай өлкөлөрдө) эч бир учагын атып түшүрө алган эмес. Азыркы (сынамык) IRIS-T жана NASAMS зениттик-ракеталык комплекстеринин күчү да түкшүмөл жаратпай койбойт.
Россия украиналык согуштук аракеттер театрында аба мейкиндигин ынанымдуу көзөмөлдөп жаткан маал. Ок өткөрбөс жана ок жаадырмай күчкө да ээ. Ошол эле учурда Батыштын "маалыматка эгедер булактары" АКШ менен НАТО Россия армиясынын "экстремалдуу тактикасына" камынып жатканын белгилеп жатышат. Алар ойдон чыгарган ошол "экстремалдуу тактика" эмес, дал ушул Defender-23 машыгуулары Европа менен Түндүк Американы өзөктүк кыяматка кептеп коюшу ыктымал.
Кошмо Штаттар менен НАТОнун аракеттери аргасыз Наполеондун 1812-жылдагы "du sublime au ridicule" деп айтканын аргасыз эске салат. Башкача айтканда, "гегемондон покемонго* чейинки аралык – бир кадам".
Артемовск шаарындагы Россиянын аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин өзү Херсон багытында. РФтин атайын аскердик операциясынын жүрүшүнөн
78 жылдан бери америкалыктар менен алардын союздаштары 200дөн ашуун согуштук жаңжалдарды демилгелешти. Планетанын жарымын – 120 өлкөнү бомбалашты. Жамааттык Батыш улам шыкактап отуруп Украинада согуш отун тутандырышты. Дагы да кырдаалды курчутуп, киевдик режимди тынымсыз курал менен камсыздап, атайын аскердик операцияны украиналык согуштук аракеттер театрынын чегинен чыгарууга тобокелдиктерди жаратууда.
Америкалык конгресс 17-апрелде Крым жээгинде АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн MQ-9 Reaper учкучсузунун атып түшүрүлүшү үчүн РФтин жоопкерчилиги жөнүндөгү катаал резолюцияны бекитти. Эми мындан кийин Батыш Москваны "каалаган куралын" (кеп тактикалык өзөктүк курал жөнүндө жүрүп жатканы айкын) пайдаланууда деп айыптоого тырышат.
АКШ жана НАТО өлкөлөрүнүн (планета калкынын 12 пайызы жашаган жер) текеберленген лидерлери суверендүү жана күчтүү Россия тарыхтын нугун, улуттук коопсуздук чек араларын, технологиялык деңгээлин жана коргоо өнөр жай көлөмүн, күчтөрдүн операциялык активдүүлүгүн, курал-жарак колдонуу спектрин, душманын жок кылуунун убактысын, ордун жана зонасын өз алдынча аныктай аларын акыры түшүнгөндөрү оң.
Болбосо украиналык согуштук аракеттер театрында россиялык салмактуу аргументтеринен соң көп полярдык дүйнөнүн реалдуулугуна кайтаруу Батыш үчүн оор болору турулуу.
Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес Вашингтондо Украинадагы жаңжал келерки жылы да уланарын, реалист болуу керектигин, "Россиянын кыйрап калган керемет учурун күтүүнүн кажети жоктугун" билдирди. Чындап эле далай кылым карыткан тарыхтагы окуяларга кулак салсак (ошондой эле Карл XII, Наполеон III жана Гитлер), баарынан оболу АКШнын "украиналык долбоору", ал тургай бүтүндөй НАТО аскердик блогу алда канча тез кыйрап каларын шыбырайт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар
АКШдан Украинага жиберилип жаткан аскердик техника. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон Киевге көрсөтүүчү аскерий жардамы чексиз эмес экенин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0