00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
06:04
38 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
5 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Об экономике и не только
Будущее атомной энергетики в Кыргызстане: перспективы и вызовы
20:06
37 мин
Особый акцент
Эмне үчүн аутизм менен ооруган балдар көбөйүүдө? — белгилери, симптомдору жана себептери
23:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыздагы убакыт, аянт бирдиктери

Кыргыздагы убакыт, аянт бирдиктери

Sputnik Кыргызстан агенттиги окумуштуулар жараткан эмгектердин негизинде кыргыз эли колдонуп келген аянт, убакыт бирдиктерин чечмелеп берүүгө аракет кылды.
Аянт бирдиктери
Аянт бирдиктери
үй ордундай — боз үйдүн тигилүүчү ордундай аянт;

танап — бир гектарга чукул аянт. Андан сырткары, Орто Азия элдеринде мурун "теше" сөзү да гектар аянтына маанилеш болуп колдонулган;

батман — Фергана өрөөнүндө бир батман 10-12 гектар жерге барабар аянт болгон. Азыр бул түшүнүк архаизмге айланып кетти.
Үй ордундай
30 м2
Батман
10-12 га
Танап
1 га
Убакыт бирдиктери
Убакыт бирдиктери
чай кайнам — 15-20 мүнөт;

эт бышым — эки-үч саат;

бээ саам — эки саат;

күн бою — күн чыккандан батканга чейин;

түнү бою — күн киргенден таң атканга чейин;

бир жума — жети күн;

бир ай — 30 же 31 күн;

бир жыл — кыргыздардын ай санагы боюнча, бир жыл 12 айдан куралган. Көчмөн эл айдын жаңырышына, асмандагы жылдыздарга карап көчүп-конуп, чарбалык иштерин жүргүзгөн. Мисалы, малдын токтошу, желин салышын да Айдын чыгышына карата санап, туутка даярданган;

мүчөл — адам жашынын 12 жылдык цикли. 12 жаш бир мүчөл, 24 жаш эки мүчөл, 36 жаш үч мүчөл болуп уланып кете берген;

бир кылым — 100 жыл.

Ошондой эле Белек Солтоноев бир сутканын ичиндеги убакыттарды 33кө бөлүп жазган:
таң каракчы

таң дүмпөйү

таң куланөөк

таң кылаюу

таң аппак атуу

күн чыккан

күн тоонун башына тийген

күн көтөрүлгөн

күн текши тийген

шашке

улуу шашке

жалган түш

чак түш

түш кыя

түш оогон

сарт бешим

кыргыз бешим

ала көлөкө

дигер

күн батар

шам

үрүл-бүрүл

эл аягы басылган

куптан

тамак ичер

тамакты текши ичер, эл жатар

эл текши жатканда

уйкуга кирерде

текши уктаганда — оор уйку

түн ортосуна жакын

түн ортосу

түн ортосу оогондо

таңга жакын
Сан бирдиктер
Сан бирдиктер
Ал эми сан бирдиктери элдин, аскердин, мал-жандыктын санын аныктоодо кеңири колдонулган.

ондук — он аскерден турган топ;

элүүлүк — 50 аскерден турган топ;

жүздүк — 100 аскерден турган топ;

миңдик — 1000 аскерден турган кошуун;

түмөн — 10 миң аскерден куралган кошуун.

Андан сырткары, мал-жандыкты бир короо, бир үйүр деп да эсептешкен.
миңдик
түмөн
ондук
элүүлүк
жүздүк
Кыргыздар узундукту, аралыкты кантип ченеген?
Эскертүү: айрым бирдиктердин так өлчөмү жок, салыштырмалуу айтылды. Мисалы, күн жүрүш — эртең менентен кечке чейинки жол жүргөндөгү аралыкты билдирет. Ат менен 50-60 чакырым болсо, жөө 30-40 чакырымдай болот.
Алтын-күмүш, апийим, дары-дармекти кыргыздар кантип өлчөгөн?
Көчмөн турмушта кыргыздар бийиктикти, салмакты түрдүү эсептеп, жашоосунда аларды кеңири колдонгон. Айрымдары салыштырмалуу айтылган.
Кыргыз аялдары ийикти кантип, эмнеге колдонушкан?
Ийик — жүн, кебез, жибектен жип ийрүүчү аспап. Аны кыргыздын кыз-келиндери жип ийрип килем, таар, шалча, атка жабуу сыяктуу чарбалык керектүү буюмдарды жасоодо кеңири колдонуп келген.
Редактор
Мирбек Сакенов

Маалымат булагы
Константин Юдахиндин "Кыргызча-орусча сөздүгү", Э. Нуриев "Кыргыз тилиндеги нумеративдер", Белек Солтоноевдин "Кызыл кыргыз тарыхы" китеби

Дизайнер
Даниил Сулайманов
Жаңылыктар түрмөгү
0