Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн продукциянын сапатын кантип жакшыртат? — лабораторияларды модернизациялоо жардам береби?
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жаңы дары заводу ачылды. Ал импорттун азайышын шарттай алабы?
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Почему молодежь стала чаще страдать от инфарктов — беседа с врачом
14:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Особый акцент
Эмне үчүн аутизм менен ооруган балдар көбөйүүдө? — белгилери, симптомдору жана себептери
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Үй бүлөдө балдарды гендердик бөлүп тарбиялоо маанилүүбү?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как накопить на первоначальный взнос и приобрести жилье от ГИК - о программе "Накопительная ипотека"
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Будущее атомной энергетики в Кыргызстане: перспективы и вызовы
20:06
37 мин
Особый акцент
Эмне үчүн аутизм менен ооруган балдар көбөйүүдө? — белгилери, симптомдору жана себептери
23:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Кыргыздар узундукту, аралыкты кантип ченеген?
Кыргыздар узундукту, аралыкты кантип ченеген?
Көчмөн кыргыз күнүмдүк жашоосунда колдонгон узундук, аралык, салмак бирдиктери азыр унутулуп бара жатат. Sputnik Кыргызстан агенттиги аларды чечмелеп берүүгө аракет кылды.
Көчмөн кыргыз күнүмдүк жашоосунда колдонгон узундук, аралык, салмак бирдиктери азыр унутулуп бара жатат. Sputnik Кыргызстан агенттиги аларды чечмелеп берүүгө аракет кылды.
Эскертүү: айрым бирдиктердин так өлчөмү жок, салыштырмалуу айтылды. Мисалы, күн жүрүш — эртең менентен кечке чейинки жол жүргөндөгү аралыкты билдирет. Ат менен 50-60 чакырым болсо, жөө 30-40 чакырымдай болот.
кары — сунулган колдун учунан көкүрөктүн ортосуна чейин. Болжолдуу бир метр;
төш чары — колдун учунан ийинге чейин;
кез — бир колдун учунан экинчи колдун ийнине чейин. Болжол менен 105 сантиметрге барабар узундук. Айрым булактарда 0,71 метрге барабар деп да жүрөт;
тапан — адамдын таманынын узундугу. Болжол менен 25-30 сантиметр;
кулач – эки колду кергенде ортодогу аралык;
кадам — адамдын орточо арышы. Бир метрдин тегереги;
сере – болжол менен 6-8 сантиметр. Төрт элини да сере дешкен (бээнин казысы сере чыгыптыр);
эли — бир манжанын туурасы. Болжол менен 2-2,5 сантиметр. Аны кыргыздар көбүнчө кара малдын эттүүлүгүн аныктоодо колдонот;
таман – төрт элини билдирет. Ал да малдын эттүүлүгүнө карата айтылат;
укум – баш бармактын учунан сөөмөйдүн экинчи муунуна чейин;
сөөм — баш бармак менен сөөмөйдүн аралыгы;
карыш — баш бармак менен ортондун аралыгы;
кере карыш — баш бармактан чыпалактын учуна чейин;
бута атым — мылтыктын огу так тие турган 100 метрге чейинки аралык. Кыргыздар ошондой эле ат байлам сөзүн да кеңири колдонгон. Ал боз үйдөн ат байлоочу мамыга чейинки аралык. Дөөлөттүүлөр ат мамысын конок үйдөн оолак жайгаштырган;
саржан — 2,134 метрге барабар узундук. Ошондой эле ал жер эсептөөдө азыркыга чейин элет жеринде колдонулуп келет;
тай чабым — үч чакырым;
кунан чабым — беш-жети чакырым;
ат чабым — 25-30 чакырым;
таш — сегиз чакырым;
күн жүрүш — эртең менентен кечке чейинки жол жүргѳндѳгү аралык. Ат менен 50-60 чакырым — болжол менен Бишкектен Кара-Балта шаарына чейин. Ал эми жөө 30-40 чакырымдай — борбор калаадан Сокулукка чейинки аралык.
козу кѳчтүк — 4-5 чакырым, кой кѳчтүк – 6-8 чакырым аралык;
шашкелик жер — күн чыккандан тарта күн шашке болгонго чейин жѳѳ же атчан ѳтүүгѳ мүмкүн болгон аралык.
Кыргыздар жаргылчакты эмне максатта кантип колдонгон?
Кыргыз эли күнүмдүк жашоо турмушунда жаргылчактын жардамы менен жасалган азыктарды кеңири пайдаланган. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул буюм тууралуу инфографика сунуштайт.
Ийик — жүн, кебез, жибектен жип ийрүүчү аспап. Аны кыргыздын кыз-келиндери жип ийрип килем, таар, шалча, атка жабуу сыяктуу чарбалык керектүү буюмдарды жасоодо кеңири колдонуп келген.
Маалымат булагы Константин Юдахиндин "Кыргызча-орусча сөздүгү", Э. Нуриев "Кыргыз тилиндеги нумеративдер", Белек Солтоноевдин "Кызыл кыргыз тарыхы" китеби