"Кулаган учак изи". Пентагон F-35тин тегерегиндеги окуяга тынчсызданууда

© AP Photo / Petros Karadjias F-35 истребители. Архивдик сүрөтү
 F-35 истребители. Архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2023
Жазылуу
АКШнын союздаштары жаңы чыгарылган F-35 истребителдерин сатып алышууда. Бирок Пентагон алардын мүчүлүштүктөрүн айтып жатат: бул үлгүдөгү учактардын үчтөн бири өз милдетинин баарын аткарууга даяр эмес.
Тарыхтагы эң кымбат авиациялык программа кандай "бечелдиктеринен" арыла элек? Ушул тууралуу серепчи Давид Нарманиянын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Пентагондун аяр сыймыгы

Коомчулукка F-35 Lightning II ("Молния") тааныштырылбай жатып АКШнын Түндүк атлантикалык альянстагы өнөктөштөрү кезекке турушту. Жакында эле 20 чакты мамлекеттин тизмесин Румыния да толуктады. Анткен менен Бухарест кеминде эле сегиз жыл күтөт. Бул НАТОнун жок эле дегенде жарым жыл бою негизги истребители катары саналары бышык. Ошондуктан анын жабдыктарынын бир бөлүгү АКШдан башка жактарда чыгарылат. Долбоорго баш-аягы тогуз өлкө катышмакчы.
Аталган учакка талаптар жогору, атап айтканда, көзгө көрүнбөс, ыкчам, маневрлүү, сокку урушу, өзөктүк куралды көчүрүп жүрүүгө ыңгайлуу. Айтор, генералдар кыялдангандай эле талаптар.
Үлгү үч вариантта иштелип чыккан:
F-35A — технологиялык жактан кыйла жөнөкөй, эң арзан (бир даанасы – 80 миллион доллар) жана кыйла көбүрөөк сатылат. Союздаш мамлекеттер 2,5 миңден ашуун бирдикти сатып алууга ниеттенишет;
F-35B — америкалык деңиз пехотасы жана британ флотунун бул бирдиктер кыска аралыкка учуп, тик коно алышат. Жогорудагы үлгүсүнөн 25 миллион долларга кымбат турат. Пентагондогулар буларды 2010-жылы катарга алынган "Америка" тибиндеги десанттык кемелерде пайдаланууну пландайт.
F-35С — канаттары жайылган, куйрук жагы тик, авиаташуучуларды орнотуучу илмеги бар палубалык вариант. Наркы 95 миллион доллардын тегерегинде.
F-35тен болгону үч жарым миңге чейин топтоону каалашкан, бирок кыйынчылыктар жаралды...

Алгачкы коңгуроо бул эмес

Сынамык үлгүсү көккө көтөрүлгөн 2007-жылы эле буларды F-16 учактарынын "мураскери" деп аташкан. Биринчи карлыгачтарын армия ошондон беш жыл өтүп алган.
2001-жылы Lockheed 2010-жылга чейин 2852 бирдикке буйрутма алууга чамынган. Бул үчүн корпорация 233 миллиард доллар сураган. Андан үч жыл өтпөй ошол сумма эки эсеге өскөн. Ал эми 2013-жылы графиктер туура жети жылга кечигишти. Былтыр аталган программа 1,7 триллион долларга чыгып кетти. Ошондо бул учактын бир сааттык учушу, АКШнын Эсеп палатасынын эсебинде салык төлөөчүлөрдүн 42 миң долларын "кагып" коёт. Бирок эң көйгөйлүүсү – истребитель үмүттөрдү актабай калышы. Эки жыл мурун Пентагондогулар мындай машиналардын 36 пайызы гана жарактуу экенин билдирген. Андан бери керекке жарабай калган бирдиктердин саны дагы артты.
F-35 истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Румынияга F-35 истребителинин кереги эмне? Аскерий сереп

Бешинчи муунбу?

Мандемдери ондоп эмес, жүздөп тизмектелүүдө. Оор мүчүлүштүктөрүнүн бири — күч орнотмосунун мүчүлүштүгү. Декабрда Форт-Уэрт базасындагы тик конуу убагында дал ушул көйгөйдүн айынан F-35B талкаланып калган. Учкуч секирип кетүүгө үлгүрүп, бирок башкаларга жөнөтүү жана өткөрүп алууга сынамык учуштар эки айга токтотулган. Март айында өндүрүшчү компания иштин чоо-жайын териштиргенин жарыялап, бирок мүчүлүштүгүн дароо түзөтүп жиберүүгө мүмкүн эместиги айтылган. Ал аз келгенсип моторлорунун таңсыктыгы чыккан. Бешинчи муундагы истребителдер үндөн ыкчам учууга тийиш, бирок. Анткен менен F-35тин палубалык версиялары ошондой режимде кыйла көбүрөөк учушса, каптоолору кыйрап, көзгө көрүнбөс "касиетин" жоготот. Стелс каптагычы көөп чыгат. Ошондой эле куйрук жагындагы антенналары жабыркайт.
Пентагондогулар үндөн ыкчам ылдамдыкта учууну ондогон секунддар менен чектөөнү чечип, бирок баары бир мындай мандемди жоюунун өзү өтө кымбатка түшөрүн белгилешти. Учкучтар да көп машакаттанышат. Негизинен F-35А истребителинин гипоксиясы эле 40тай эпизод. 2020-жылдын май айында ушунун айынан бир учак кыйрап, учкучу аман калган. Кийин ошол кырсыкка кычкылтек берүү тутуму себеп болгону аныкталган. Ошондой эле кабинасында баротравмаларга кептей тургандай басым кескин көтөрүлүп кеткен.
Бир нече машина программалык камсыздоодогу үзгүлтүктөрдөн улам кулаган. Ошондой эле дисплейиндеги "жашыл жарыкка" да дооматтар көп. Анысы эле спорттук унаанын баасындай, 400 миң долларды түзөт. Айрым инциденттер тагдырдын тамашасындай эле, Пентагон катуу чагылган менен коштолгон жаан маалында учууга тыюу салды. Себеби колго жасалган "Чагылгандар" табигый чагылгандын өзүнө туруштук бере албайт.
Өндүрүшчүлөр машинаны иштеп чыгууну улантууда. Бул ансыз да асман чапчыган нарктагы программа үчүн кошумча чыгашаларды жаратууда. Айтор, келишимдер мөөнөтүндө аткарылары арсар.
Маркум сенатор Жон Маккейн белгилегендей, F-35 "коргоо жаатындагы сатып алуулардын америкалык тутуму канчалык бузулганына ачык далил". Бирок АКШнын союздаштары бул "капта катылган шибегени" баары бир сатып алууга аргасыз.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Столтенберг: НАТО өлкөлөрү Киевге мындан да көп курал жөнөтүшү керек
Жаңылыктар түрмөгү
0