https://sputnik.kg/20230419/kattamdardy-onlajn-karoo-bishkek-shaary-1074565693.html
Маршрутка каттамын онлайн көргөндөрдүн саны 50 миңден ашты
Маршрутка каттамын онлайн көргөндөрдүн саны 50 миңден ашты
Sputnik Кыргызстан
Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулу маршруткаларды онлайн көрүү үчүн коюлган... 19.04.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-04-19T11:42+0600
2023-04-19T11:42+0600
2023-04-19T11:42+0600
радио
коом
бишкек
онлайн
каттам
санарип
https://sputnik.kg/img/07e7/04/13/1074565073_0:197:3067:1922_1920x0_80_0_0_fb399c251b1e2a0206029ed0431a7460.jpg
Маршрутка каттамын онлайн көргөндөрдүн саны 50 миңден ашты
Sputnik Кыргызстан
Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулу маршруткаларды онлайн көрүү үчүн коюлган трекерлерге муниципалитет акча бөлгөнүн айтты.
"Менин шаарым" мобилдик тиркемесин колдонгондордун саны трекерлер орнотулгандан кийин кескин жогорулады. Бул тууралуу Нурбек Сагынбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, учурда каттамдарды онлайн 50 миңден ашык киши көрүүдө.Ал Бишкек шаарында 120 кыймыл чийме (багыт) бар экенин кошумчалады.
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/04/13/1074565073_165:129:2723:2047_1920x0_80_0_0_b9911e35a38492d165cde58225ab21d9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, бишкек, онлайн, каттам, санарип, аудио
коом, бишкек, онлайн, каттам, санарип, аудио
Маршрутка каттамын онлайн көргөндөрдүн саны 50 миңден ашты
Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулу маршруткаларды онлайн көрүү үчүн коюлган трекерлерге муниципалитет акча бөлгөнүн айтты.
"Менин шаарым" мобилдик тиркемесин колдонгондордун саны трекерлер орнотулгандан кийин кескин жогорулады. Бул тууралуу Нурбек Сагынбек уулу
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда каттамдарды онлайн 50 миңден ашык киши көрүүдө.
"Маршруткаларга трекер орнотуу чыгымдарын муниципалитет өз мойнуна алды. "Менин шаарым" мобилдик тиркемеси шаар тургундарына ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. Башында аталган тиркеменин колдонуучуларынын саны 10 миңдей болчу. Каттамдарды онлайн көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөндөн кийин кескин жогорулап, трекерлердин орнотулушу менен тиркемени колдонгондордун саны 50 миңден ашты. Башкача айтканда, бир айдын ичинде 40 миң адам кошулду. Бул жерде кошумчалай кетсек, "Менин шаарым" тиркемеси аркылуу каттамдарды гана онлайн көрбөстөн, ал жерден шаардагы маселелерди да жазып, чечкенге салым кошсо болот", — деди директордун орун басары.
Ал Бишкек шаарында 120 кыймыл чийме (багыт) бар экенин кошумчалады.