Министрлик Ошто окуучу кыздар атырга ууланган эмес деген билдирүү таратты

© Sputnik / Эмиль СадыровОкуучулар. Архив
Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2023
Жазылуу
Буга чейин гимназиянын директору окуучулардын ууланганын тастыктаган.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Ош шаарындагы №8 Максим Горький атындагы мектеп гимназиясынын 6-классынын үч окуучусу атырга ууланган эмес. Мындай маалыматты Ош шаардык билим берүү башкармалыгына таянып Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Эске салсак, үч окуучу кыз атырга ууланып, ооруканага түштү деген маалыматты аталган гимназиянын директору Зульфия Кадырова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине тастыктаган.
Билим берүү жана илим министрлиги 15-апрелде болгон окуяны төмөнкүчө түшүндүрдү.
“Танапис учурунда 6-“З” классынын үч окуучусу атыр себинген. Мындан улам класстагы 38 окуучунун үчөө жагымсыз жыттан жана орозо кармагандыктан башы айланып, бул тууралуу мугалимге билдиришкен. Мектеп директору буга чейинки окуучулар арасында атырга ууланган окуялардан улам чочулап, окуучуларды ооруканага өзү алып барган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эки окуучу кыздын абалы туруктуу болгондуктан ата-энелерине тапшырылган. Ал эми бир окуучу кыз ата-энесинин өтүнүчү менен бир күнгө ооруканада калтырылып, эртеси үйүнө чыгарылган”, — деди министрликтен.
Ведомство окуучулардын абалы жакшы болгондуктан ата-энелер тарабынан мектепке даттануулар түшкөн эмес деген маалыматты кошумчалады.
Эске салсак, 29-мартта Кара-Суу районуна караштуу Таштак айылындагы мектепте 6-класстын окуучусу атыр чачып ойноп, кесепетинен 43 бала ууланган. Алардын 18и ооруканага жаткырылган, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калгандары да болгон.
Адам кишини тизеси менен тепти. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2023
Сузакта улуу балдардын ур-токмогунан кийин 15 жаштагы окуучу каза болду
Жаңылыктар түрмөгү
0