Кара-Суудагы мектепте 43 окуучу атыр жытына ууланып ооруканага түштү. Чоо-жайы

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүОорукананын балдар бөлүмүндө тамчылатуучу. Архив
Оорукананын балдар бөлүмүндө тамчылатуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2023
Жазылуу
18 окуучу бир күн ооруканада жатып, бүгүн эртең менен 14ү үйүнө чыгарылган.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүндө 43 окуучу атыр жытына ууланды. Маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, окуя Таштак айылындагы №101 Кумар Момбекова атындагы мектепте болгон. 6-класстын окуучусу атыр чачып ойноп, кесепетинде 43 окуучунун абалы начарлай баштаган.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги кечээ, 29-мартта, балдар Ош облустук балдар ооруканасына саат 16:00дөн тарта түшө баштаганын билдирди.
"Алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүлүп 18 окуучу жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Калганы үйүнөн дарыланууга жөнөтүлгөн. Баарынын абалы канааттандырарлык. Эмнеден ууланганын аныктоо үчүн балдардын канынан анализ алынды. Азыр консилиум болуп, төрт бала калды, калганы үйүнө чыгып кетти", — деп айтылат маалыматта.
Мындан улам алар Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилип, дарыгердин кароосунан өтүшкөн. Арасынан 18 окуучу бир суткага медиктердин көзөмөлүндө болушу үчүн стационарда калтырылды.
Саламаттык сактоо министрлиги балдардан анализ алынганын, анын жыйынтыгы менен гана кайсы затка ууланганы аныкталарын айтышты.
Адам кишини тизеси менен тепти. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2023
Сузакта улуу балдардын ур-токмогунан кийин 15 жаштагы окуучу каза болду
Жаңылыктар түрмөгү
0