Ош шаарында дагы үч окуучу кыз атырга ууланды

© Sputnik / Табылды КадырбековОш шаарындагы мектеп окуучулары. Архив
Ош шаарындагы мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2023
Жазылуу
Окуучулардын бири жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, экөө медициналык жардам алган соң үйүнө жиберилген.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Ош шаарындагы №8 мектеп гимназиясынын үч окуучу кызы атырга ууланып, ооруканага түштү. Маалыматты аталган гимназиянын директору Зульфия Кадырова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине тастыктады.
Анын айтымында, 14-апрель күнү 6-класстын окуучулары өздөрү менен кошо ала келген атырды себинишкен. 38 окуучунун ичинен үч окуучу кыздын абалы начарлап, Тез жардам кызматын чакырышкан.
Өспүрүмдөр Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген. Окуучулардын бири жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, экөө медициналык жардам алган соң үйүнө жиберилген. Учурда үчөөнүн тең абалы жакшы.
Эске салсак, 29-мартта Кара-Суу районуна караштуу Таштак айылындагы мектепте 6-класстын окуучусу атыр чачып ойноп, кесепетинен 43 бала ууланган. Алардын 18и ооруканага жаткырылган, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калгандары да болгон.
Оорукананын балдар бөлүмүндө тамчылатуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2023
Кара-Суудагы мектепте 43 окуучу атыр жытына ууланып ооруканага түштү. Чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0