Сом КМШдагы туруктуу валюталардын бирине кантип айланды? Түшүндүрмө

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом купюралары жана монеталары. Архив
Сом купюралары жана монеталары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2023
Жазылуу
Акчаны Кыргызстандын аймагында кармап, экономикалык жана каржылык эсептөөлөрдү жүргүзүү сомдун кыска убакта девальвацияланышына мүмкүнчүлүк берген жок.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Сомдун баасы эмне үчүн коңшу өлкөлөрдүн улуттук валюталарына караганда жайыраак арзандагандыгын экономист Гурас Жапаров Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде түшүндүрүп берди.
© Sputnik / Асель СыдыковаЭкономист Гурас Жапаров
Экономист Гурас Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2023
"Бул көрүнүштүн бир нече себеби бар. Биринчиси — биздин алтын-валюта резервибиз негизинен доллар менен сакталган. Экинчиден, Улуттук банктын төлөмдөргө, системаларга, алмашууларга жана эмиссиялык саясатка катуу талаптарды киргизгендиги өз натыйжасын берди. Акчаны Кыргызстандын аймагында кармап, экономикалык жана каржылык эсептөөлөрдү жүргүзүү сомдун кыска убакта девальвацияланышына мүмкүнчүлүк берген жок", — деди экономист.
Гурас Жапаров сом өлкө ичинде өзүн туруктуу акча каражаты катары түптөп алганын белгиледи.
"Эл белгилүү бир деңгээлде кыргыз сомуна ишенет. Россия менен Казакстан дагы өз валютасын колдоп келет. Бирок алардын экономикасы дүйнөлүк рыноктон көз каранды болгондуктан кээде валюта курсу түшүп кетет. Мисалы, 1998-жылы Азиядагы каржы кризиси рублга катуу сокку урган. Ал эми биздин дүйнөлүк соодадагы үлүшүбүз аз болгонуна байланыштуу сом көп деле жабыркаган эмес", — деди Жапаров.
АКШ доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2023
Доллардын курсу өссө да баа-баркы кетип жатат. Экономисттин түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0