Прокуратура мыйзамсыз өтүп кеткен 5 миң гектар жерди мамлекетке кайтарды

© Sputnik / Михаил ДудинОш областындагы эгин талаалары. Архив
Ош областындагы эгин талаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2023
Жазылуу
Өндүрүш жана социалдык багыттагы жерлер дагы менчикке ыйгарылып кеткени аныкталган.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Былтыр прокуратура органдары тарабынан мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен 5 039 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу баш прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
Ал жерлер төмөнкүдөй багытта болгон:
Калктуу конуш — 52,71 гектар;
Айыл чарба — 4 906,46;
Суу чарба — 7,76;
Социалдык маанидеги — 9,6;
Өндүрүш багытындагы — 63,29.
Баш прокурор мамлекетке келтирилген зыянды аныктоодо жана ордун толтурууда жер мыйзамдарынын аткарылышына, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тарабынан жасалган коррупциялык иштерге жана мыйзам бузууларга бөгөт коюуга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
Сом купюралары жана монеталары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2023
5,5 миллиард сом. Зулушев кайсы орган мамлекетке канча акча өндүргөнүн айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0