https://sputnik.kg/20230413/apta-ichinde-rossiyaga-kajradan-forel-ehksporttolot-1074407889.html
Өлкө апта ичинде Россияга кайрадан форель экспорттой баштайт. Бир шарты бар
Өлкө апта ичинде Россияга кайрадан форель экспорттой баштайт. Бир шарты бар
Sputnik Кыргызстан
Жаныбеков балык менен алектенген ишкерлердин көпчүлүгүнүн бизнес жүргүзүүсү талапка жооп бербегендиктен учурда мамлекет алардын түйшүгүн тартып жатканын... 13.04.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-04-13T15:07+0600
2023-04-13T15:07+0600
2023-04-13T15:07+0600
кыргызстан
россия
экономика
форель
экспорт
бизнес
аскарбек жаныбеков
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/0c/1071021133_0:183:2991:1865_1920x0_80_0_0_216406655df69f453eed2cc7f28e4295.jpg
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстан ушул жуманын ичинде Россияга форель экспортун жанданта турганын айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков парламентте билдирди.Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Россельхознадзор Кыргызстандын ветеринардык кызматына Россияга жөнөтүлгөн форель жана форель икрасынын сертификациясын токтотууну өтүнүп кайрылган. Мекеме эки жылдан бери Кыргызстандан Россияга жөнөтүлгөн форель жана форель икрасында тыюу салынган жана зыяндуу заттардын нормадан ашып кетип жатканын аныктап келерин белгилеген. Мындан тышкары, аталган кызматтын адистери Кыргызстандан барган бул балыктын көлөмү кадимки форелден чоңураак экенин аныкташкан. Мекеме ушунун өзү эле күмөн саноого негиз болорун белгиледи. Мындан улам Россельхознадзор 2023-жылдын январында балык чарбачылыгы менен алектенген 9 компанияны текшерүүнү демилгелеген.Министрдин айтымында, Кыргызстандын ветенария кызматынын жетекчиси дал ушул маселе менен Москвада жүрөт.Жаныбеков өлкөдө балык менен алектенген ишкерлердин көпчүлүгүнүн бизнес жүргүзүүсү талапка жооп бербегендиктен учурда өлкө алардын түйшүгүн тартып жатканын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20230204/balyk-forel-kyrgyzstan-ehksport-dollar-1072607848.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/0c/1071021133_129:0:2860:2048_1920x0_80_0_0_b82590030d018e52624faffef868b40b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, экономика, форель, экспорт, бизнес, аскарбек жаныбеков
кыргызстан, россия, экономика, форель, экспорт, бизнес, аскарбек жаныбеков
Өлкө апта ичинде Россияга кайрадан форель экспорттой баштайт. Бир шарты бар
Жаныбеков балык менен алектенген ишкерлердин көпчүлүгүнүн бизнес жүргүзүүсү талапка жооп бербегендиктен учурда мамлекет алардын түйшүгүн тартып жатканын кошумчалады.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстан ушул жуманын ичинде Россияга форель экспортун жанданта турганын айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков парламентте билдирди.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Россельхознадзор Кыргызстандын ветеринардык кызматына Россияга жөнөтүлгөн форель жана форель икрасынын сертификациясын
токтотууну өтүнүп кайрылган. Мекеме эки жылдан бери Кыргызстандан Россияга жөнөтүлгөн форель жана форель икрасында тыюу салынган жана зыяндуу заттардын нормадан ашып кетип жатканын аныктап келерин белгилеген. Мындан тышкары, аталган кызматтын адистери Кыргызстандан барган бул балыктын көлөмү кадимки форелден чоңураак экенин аныкташкан. Мекеме ушунун өзү эле күмөн саноого негиз болорун белгиледи. Мындан улам Россельхознадзор 2023-жылдын январында балык чарбачылыгы менен алектенген 9 компанияны текшерүүнү демилгелеген.
Министрдин айтымында, Кыргызстандын ветенария кызматынын жетекчиси дал ушул маселе менен Москвада жүрөт.
"Ал Россельхознадзордун жетекчиси менен жолукту. Макулдашуу бар, буюрса, ушул жуманын ичинде талаптарга жооп берген, кемчиликтерин оңдогон мекемелер менен экспортту ачабыз", — деди министр.
Жаныбеков өлкөдө балык менен алектенген ишкерлердин көпчүлүгүнүн бизнес жүргүзүүсү талапка жооп бербегендиктен учурда өлкө алардын түйшүгүн тартып жатканын кошумчалады.