Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жер мунапысына 1000ден ашуун үй кирбей калышы мүмкүн

© Sputnik / Асель СыдыковаЖергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун жер маселелери боюнча эксперти Айнур Кенжебаева
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун жер маселелери боюнча эксперти Айнур Кенжебаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2023
Жазылуу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун жер маселелери боюнча эксперти Айнур Кенжебаева жер мунапысы токтомун ишке ашырууда Аламүдүн, Сокулук райондорунда гана көйгөй болуп жатканын айтты.
2022-жылдын 1-апрелинде "Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу боюнча" мыйзамы кабыл алынган. Мыйзамдын мындай аталышынан эле анын тарыхый мааниси бар экенин билсек болот. Анткени жерге мунапыс берүү Кыргызстандын тарыхында буга чейин кездешкен эмес. Бул тууралуу Айнур Кенжебаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Жер мунапысына 1000ден ашуун үй кирбей калышы мүмкүн
Анын айтымында, жер мунапысы мыйзамын ишке ашырууда Аламүдүн, Сокулук райондорунда гана көйгөй жаралбаса, республика боюнча башка аймактарда алгылыктуу иштер жүрүп жатат.
"Жер мунапысы боюнча мыйзам кабыл алынганда жумушчу топтун мүчөсү катары бат эле ишке ашат деп ойлогом. Анткени элге зарыл, көптөн күтүп келе жаткан мыйзам эле. Бирок бир жылдын жүзү болсо да иш алдыга жылбай, көйгөйлөрдүн жаралып жатканына күбө болуп жатабыз. Көрсө, токтом өзү так, кыска жазылганы менен биринчи жолу жана бир эле ирет ишке ашырыла турган мыйзам болгондуктан жер-жерлердеги аткаруучу адистер, түзүлгөн райондук комиссия мүчөлөрү түшүнбөй калган учурлар көп экен. Анын кесепетинен элге туура эмес чечмелеп беришип, абал татаалдашып кеткен жагдайлар жаралган. Буга кошумча ишти аткарууда ар бир комиссия мүчөсү керт башы менен жооп берет деген пункту да артка тарткан. Комиссия мүчөлөрү мындан чочулап, чечкиндүү кадамдарга барып, чечимдерди кабыл алгандан кетенчиктеген учурлар бар. Аларды да түшүнсө болот. Анткени биринчи ирет болуп жаткан соң тажрыйба жок же үйрөнөлү десе аналог болгон эмес. Мындан улам Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу аймактардагы бийлик өкүлдөрүнүн көмөгү менен атайын окутууларды уюштурдук. Баткен облусунда үч күн, Ош облусунда төрт күн адистерди окуттук. Алдыда башка облустарды да окутуудан өткөрүү пландалган. Жер мунапысында негизинен төрт объект камтылган. Алар: мыйзамсыз салынган үйлөрдү жана пайдубалдарды аныктоо, алардын арасында калып кеткен жараксыз жерлерди белгилөө, үчүнчүдөн, мамлекеттик актысы барлар, төртүнчүсү 2009-жылдын 31-июлуна чейин айыл чарба багытындагы жер турак жай багытына трансформациялансын деп токтом чыгып калгандарды аныктоо. Комиссия иштин жүрүшүндө мына ушул төрт аныктаманы бере албай кыйналган. Жер мунапысынын толук кандуу ишке ашчу мөөнөтүн айтуу кыйын. Бирок тиешелүү жерлердин бардыгы ушул мыйзамдын алкагында трансформацияланып, турак жайлар документтерин алган соң 1000-1200дөй үй мыйзам талаасынан сыртта калары болжолдонууда", — деди Кенжебаева.
Ал жер мунапысы мыйзамынын ишинин кечеңдеп жатышына тарыхый баалуу жерлерди аныктоодо болгону жети археолог иштеп жатканы да себеп экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0