Келе жаткан аптада Ошто аба ырайы кандай болору айтылды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшРеконструкция мостов в Оше
Реконструкция мостов в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2023
Жазылуу
Синоптиктердин божомолу боюнча, жуманын орто ченине барып жаан-чачын токтоп, күн ачылат.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан апатада Ош облусунда жана шаарында аба ырайы кандай болору туурасында божомолун таратты.
9-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, тоолорго кар түшөт.
10-11-апрелде айрым аймактарга жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 12-апрелде түнкүсүн тоо этектеринде жамгыр жаайт.
13-14-апрелде күндүн көзү бузулбайт, бирок 15-апрелде айрым жерлерде жамгыр жаайт.
Жума ичинде абанын эң жогорку температурасы 26 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкектеги жамгырдан кийинки абал. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2023
Жаанчыл болобу? Чүй менен Бишкектеги бир жумага күтүлгөн аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0