Жаанчыл болобу? Чүй менен Бишкектеги бир жумага күтүлгөн аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги жамгырдан кийинки абал. Архивдик сүрөт
Бишкектеги жамгырдан кийинки абал. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2023
Жазылуу
Жуманын орто ченине барып жаан-чачын токтоп, күн ачылат.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Чүй облусунда жана Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Борбор калаада 9-11-апрелде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ал эми 12-апрелден 15-апрелге чейин асман ачык болот.
Сары-Өзөн Чүйдө 9-апрелде күндүз жана 10-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
10-апрелде күндүз жана 11-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
12-14-апрель күндөрү жаан-чачын болбойт. Бирок 15-апрелде күндүз айрым жерлерде жамгыр жаашы ыктымал.
9-11-апрель күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетери болжолдонууда.
Кудум кинодогудай! Боомдо жол боюн каптаган өрттүн үрөй учурган видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2023
Кудум кинодогудай! Боомдо жол боюн каптаган өрттүн үрөй учурган видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0