Кызыл-Кыяда аткаминерлер 6 млн. евролук ишти жасоодо акча кымырганы аныкталды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРКызыл-Кыя шаарынын "Суу-Канал" муниципалдык ишканасы
Кызыл-Кыя шаарынын Суу-Канал  муниципалдык ишканасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2023
Жазылуу
"Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жана "Суу-Канал" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 6 миллион евролук долбоорду ишке ашырууда акча кымырганы аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызмат кабарлады.
Аталган кызматкерлер кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.
"Кызыл-Кыя шаарынын суу менен камсыздоо системасын жаңылоо долбооруна 2017-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан 6 миллион евро бөлүнгөн. Ишти жүзөгө ашырууда сапатсыз аткарылганы жана иштин көлөмү ашыкча бааланганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тиешелүү экспертизаларды дайындоо жана тергөө амалдарын жүргүзүү менен келтирилген чыгымды так аныктоо жүрүп жатканы белгиленди.
Жогорудагы фактынын негизинде УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголду.
Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2023
Чалкалап жатып пара алып. Транспорт министрлигинин 13 кызматкери кармалган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0