https://sputnik.kg/20230406/mulktu-legaldashtyruu-korruptsionerlerdi-aktoo-1074215123.html
Мүлктү легалдаштыруу мыйзамы коррупционерлерди кечирүүбү? Министрдин жообу
Мүлктү легалдаштыруу мыйзамы коррупционерлерди кечирүүбү? Министрдин жообу
Sputnik Кыргызстан
Депутат мыйзам долбоору 7 миллион калкка эмес, 70тей эле аткаминердин жыргалчылыгы үчүн жазылган деп эсептейт. 06.04.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-04-06T17:28+0600
2023-04-06T17:28+0600
2023-04-06T17:32+0600
кыргызстан
саясат
мүлк
легалдаштыруу
мыйзам долбоору
данияр амангелдиев
адахан мадумаров
https://sputnik.kg/img/07e6/03/0b/1062772882_54:145:1396:900_1920x0_80_0_0_7a28a152d93c8afc68d5073ee78551bb.jpg
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеште мүлкүн ачыктап декларациясына жазган жарандарга аны каяктан алганын текшербөөгө кепилдик берген мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.Талкуу учурунда депутат Адахан Мадумаров "Муну менен коррупциялык схеманы легалдаштырып жаткан жоксуздарбы? Соңку бир канча жылда чөнтөктөрүн толтуруп алган кишилерге жол ачуу эмеспи?" деп сурады.Жоопко канааттанбаган депутат дүйнөлүк практиканын башка мисалын келтирди.Өз кезегинде министр документте жасаган кылмышына эмес, мүлкүнө мунапыс берилип жатканын айтты."Декларацияда жарандын байлыгы көрсөтүлөт. Анан ал кайдан пайда болду деген суроо туулат. Алган айлыгы 60 миң сом, ээлеген байлыгы 60 миллион доллар болуп жатат. Декларация ушуну анализдеш үчүн берилет да. Бул мыйзамдын 7 миллион калкка түк тиешеси жок, 70тей эле аткаминерге тиешелүү", — деди Мадумаров.Амангелдиев депутат идеяны туура эмес багытка буруп жатканын айтып, декларация мүлктүн жыйынды гана маалыматы экенин билдирди. Эгер кандайдыр бир операциялар болсо, ал бухгалтердик баланста, отчёттордо сакталарын белгиледи.Министрдин айтымында, эң негизги максат — 2026-жылга чейин экономиканы ачык-айкындуулукка чыгаруу. Мунун саясий жагынан карай бербей, экономикалык тарабына көңүл бурса пайдасы көп.Ал эми башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкобаева мыйзам долбоорунун эч кандай тобокелчилиги жоктугун айтты.Аны менен катар депутат Өмүрбек Бакиров мамлекетти талап-тоногондордун байлыгын легалдаштыруунун ордуна бирден кармап мүлкүн мамлекетке алууну сунуштады.Натыйжада мыйзам долбооруна 63 "макул", 4 "каршы" добуш берилди.
https://sputnik.kg/20230406/deputat-bishkek-merin-tanuu-layfkhak-1074209805.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/03/0b/1062772882_23:0:1439:1062_1920x0_80_0_0_89bbbac035351d5c3b00b24c22e05052.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, саясат, мүлк, легалдаштыруу, мыйзам долбоору, данияр амангелдиев, адахан мадумаров
кыргызстан, саясат, мүлк, легалдаштыруу, мыйзам долбоору, данияр амангелдиев, адахан мадумаров
Мүлктү легалдаштыруу мыйзамы коррупционерлерди кечирүүбү? Министрдин жообу
17:28 06.04.2023 (Жаңыртылды: 17:32 06.04.2023) Депутат мыйзам долбоору 7 миллион калкка эмес, 70тей эле аткаминердин жыргалчылыгы үчүн жазылган деп эсептейт.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеште мүлкүн ачыктап декларациясына жазган жарандарга аны каяктан алганын текшербөөгө кепилдик берген мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.
Талкуу учурунда депутат Адахан Мадумаров "Муну менен коррупциялык схеманы легалдаштырып жаткан жоксуздарбы? Соңку бир канча жылда чөнтөктөрүн толтуруп алган кишилерге жол ачуу эмеспи?" деп сурады.
"Бул дүйнөлүк практиканын негизинде иштелип чыккан документ. Көмүскөдө жүргөн мүлктү экономикага жүгүртүүгө киргизүүгө багытталган. Кийинки жылы бардык жарандар декларация тапшырууга милдеттендирилет, бул ошого даярдык катары да жасалууда", — деп жооп берди экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.
Жоопко канааттанбаган депутат дүйнөлүк практиканын башка мисалын келтирди.
"Андай болсо Кытай мүлктү мыйзамсыз менчиктештирип алганы үчүн нечендеген аткаминерлерди өмүр бою эркинен ажыратты, атуу өкүмүн чыгарды. 60 триллион юань кайтарып алды. Дүйнөлүк практика ушундай. Ал эми бизде уурдаган, каткандарга ар эки жылда мунапыс берип турабыз. Силер бул мыйзам менен элдин эсебинен мыйзамсыз байыгандарды толук түрдө боштондукка чыгарып жатасыңар. Бул эртеби-кечпи жоопко тартылышы керек", — деди Мадумаров.
Өз кезегинде министр документте жасаган кылмышына эмес, мүлкүнө мунапыс берилип жатканын айтты.
"Декларацияда жарандын байлыгы көрсөтүлөт. Анан ал кайдан пайда болду деген суроо туулат. Алган айлыгы 60 миң сом, ээлеген байлыгы 60 миллион доллар болуп жатат. Декларация ушуну анализдеш үчүн берилет да. Бул мыйзамдын 7 миллион калкка түк тиешеси жок, 70тей эле аткаминерге тиешелүү", — деди Мадумаров.
Амангелдиев депутат идеяны туура эмес багытка буруп жатканын айтып, декларация мүлктүн жыйынды гана маалыматы экенин билдирди. Эгер кандайдыр бир операциялар болсо, ал бухгалтердик баланста, отчёттордо сакталарын белгиледи.
Министрдин айтымында, эң негизги максат — 2026-жылга чейин экономиканы ачык-айкындуулукка чыгаруу. Мунун саясий жагынан карай бербей, экономикалык тарабына көңүл бурса пайдасы көп.
Ал эми башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкобаева мыйзам долбоорунун эч кандай тобокелчилиги жоктугун айтты.
Аны менен катар депутат Өмүрбек Бакиров мамлекетти талап-тоногондордун байлыгын легалдаштыруунун ордуна бирден кармап мүлкүн мамлекетке алууну сунуштады.
Натыйжада мыйзам долбооруна 63 "макул", 4 "каршы" добуш берилди.