00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
On air
15:58
1 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
On air
23:58
1 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Утро хорошего дня
Что такое мода и как найти свой собственный стиль
08:05
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00;Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
09:00
4 мин
Күн башат
Коомдук башталыштагы жардамчы-кеңешчилер кимдер, алардын милдеттери кандай?
09:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Будь в курсе
Как помочь фермерам Кыргызстана с реализацией рекордного урожая сахарной свеклы?
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкектеги коомдук транспорттордо тейлөө сапаты кандай? - Атайын рейддин жыйынтыгы
13:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кесиптик лицейлердин директорлору кантип тандалууда? - окуу жайды кимдер жетектей алат?
13:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Почему смех продлевает жизнь — беседа с кардиологом
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Сайтка саресеп
On air
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутат Бишкек мэрин тааныбай жаткан шаардыктарга "лайфхак" сунуштады

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов. Архив
 Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2023
Жазылуу
Депутаттын пикиринде, жакшы иштеген адамды тапмайынча 20 мэрди алмаштырса да эч нерсе болбойт.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов шаар тургундарынын Бишкек мэрин тааныбай калып жатабыз дегенин болбогон жосун деп атады.
Анын айтымында, ким калаа башчысын тааныгысы келсе интернетти ачса кенен маалымат бар.
"Кесиптештердин кайсы мэр келип-кеткенин билбей калып жатабыз дегени... Ар бир шаардын жашоочусунун колунда смартфон бар. "Бишкектин мэри" деп жаза койсоңор сүрөтү менен канча бала-чакасы бар экенинен бери чыгып калат. Анан "билбей жатат, менден сурап жатат" дегени болбогон жосун деп түшүнөм", — деди Сулайманов.
Ошондой эле ал Бишкек мэрин эл шайлашына каршы экенин айтып, мыйзам долбоорун демилгелеген депутат Жанар Акаевден азыркы иштеп жаткан системанын эмнеси жакпай жатканын сурады.
"Биз адам эмес, система жөнүндө талкуулап жатабыз. Эми президенттик башкаруу болгондон бери туруктуулук болуп кеткен жок. Мына, эки жылда Каржы министрлигинин орун басарлары 15 жолу алмашты. Башка тармактарда 7-10 жолу алмашып жатат. Бишкек мэри сегиз жолу алмашыптыр", — деп жооп берди Акаев.
Бирок Сулайманов жакшы иштеген адам чыкмайынча алмаштыра берсе эч нерсе болбой турганын айтты.
"Керек болсо 20сын алмаштырыш керек. Иштей албайбы, кетирүү абзел. Иштей ала турган адамды тапмайынча алмаштыра бериш керек. Азыр шайлоо кылып алсак, мэр 5 жылдык мөөнөткө шайланып отурат экен. Дайындоо гана болсо, туруктуулук болот. Иштей албагандарды дароо кетирет. Башка жолу жок, биз ал жолдон өткөнбүз. Кандай мафия болот, канча акча чачкандарын көргөнбүз. Азыр акчасы жок адамдар эле мэр болуп келип жатпайбы", — деди Сулайманов.
Белгилей кетсек, талкуунун соңунда Акаевдин мыйзам долбоору өтпөй калды.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2023
Депутат Самыйкожо: майыптыгы барлар иштеп баштаса пенсиясы кыркылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0