Бир топ адам иштен бошойт. Нарында айыл аймактары ирилештирилет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКочкор районундагы айылдардын бири. Архив
Кочкор районундагы айылдардын бири. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2023
Жазылуу
Иштен бошогон муниципалдык кызматчыларды жумушка орноштуруу, компенсация төлөө жана аларды кайра даярдоо маселелерин облустун жергиликтүү администрациялары чечет.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.
Бул иштер административдик-аймактык түзүлүштү өркүндөтүү, Кыргызстанды жана региондорду өнүктүрүү боюнча президенттин жарлыктарынын алкагында ишке ашмакчы.
Ак-Талаа району боюнча:
Кош-Дөбө, Жерге-Тал жана Коңорчок айыл аймактарын бириктирип, Чолок-Кайың айылын административдик борбор деп аныктоо менен Ала-Буга айыл аймагын түзүү;
Ак-Чий жана Кара-Бүргөн айыл аймактарын бириктирип, Ак-Чий айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кара-Бүргөн айыл аймагын түзүү;
Баетов, Терек жана Үгүт айыл аймактарын бириктирип, Баетов айылын административдик борбор деп аныктоо менен Баетов айыл аймагын түзүү;
Ак-Тал, Жаңы-Талап, Көк-Жар, Тоголок Молдо жана Кызыл-Белес айыл аймактарын бириктирип, Жаңы-Талап айылын административдик борбор деп аныктоо менен Тоголок Молдо айыл аймагын түзүү;
Ат-Башы району боюнча:
Ат-Башы, Ак-Жар жана Ача-Кайыңды айыл аймактарын бириктирип, Ат-Башы айылын административдик борбор деп аныктоо менен Ат-Башы айыл аймагын түзүү;
Казыбек жана Кара-Коюн айыл аймактарын бириктирип, Кызыл-Туу айылын административдик борбор деп аныктоо менен Казыбек айыл аймагын түзүү;
Ак-Моюн жана Ак-Муз айыл аймактарын бириктирип, Ак-Моюн айылын административдик борбор деп аныктоо менен Ак-Моюн айыл аймагын түзүү;
Баш-Кайыңды жана Талды-Суу айыл аймактарын бириктирип, Баш-Кайыңды айылын административдик борбор деп аныктоо менен Баш-Кайыңды айыл аймагын түзүү;
Кара-Суу жана Ак-Талаа айыл аймактарын бириктирип, Кара-Суу айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кара-Суу айыл аймагын түзүү;
Жумгал району боюнча:
Жаңы-Арык жана Куйручук (Кырчын айылынан башкасы) айыл аймактарын бириктирип, Жаңы-Арык айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кызарт айыл аймагын түзүү;
Жумгал жана Чоң-Дөбө айыл аймактарын бириктирип, Жумгал айылын административдик борбор деп аныктоо менен Жумгал айыл аймагын түзүү;
Түгөл-Сай жана Таш-Дөбө айыл аймактарын бириктирип, Түгөл-Сай айылын административдик борбор деп аныктоо менен Түгөл-Сай айыл аймагын түзүү;
Байзак жана Баш-Кууганды айыл аймактарын бириктирип, Байзак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Байзак айыл аймагын түзүү;
Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айыл аймактарын бириктирип жана Куйручук айыл аймагынын Кырчын айылын кошуп, Чаек айылын административдик борбор деп аныктоо менен Чаек айыл аймагын түзүү;
Миң-Куш жана Кабак айыл аймактарын бириктирип, Миң-Куш айылын административдик борбор деп аныктоо менен Миң-Куш айыл аймагын түзүү;
Кочкор району боюнча:
Кочкор, Ак-Кыя, Кош-Дөбө, Көк-Жар айыл аймактарын бириктирип жана Семиз-Бел айыл аймагынын Семиз-Бел айылын кошуп, Кочкор айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кочкор айыл аймагын түзүү;
Кум-Дөбө айыл аймагына Семиз-Бел айыл аймагынын Арсы жана Кара-Тоо айылдарын кошуп, Кум-Дөбө айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кум-Дөбө айыл аймагын түзүү;
Чолпон айыл аймагына Семиз-Бел айыл аймагынын Чекилдек айылын кошуп, Чолпон айылын административдик борбор деп аныктоо менен Чолпон айыл аймагын түзүү;
Кара-Суу жана Талаа-Булак айыл аймактарын бириктирип, Мантыш айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кара-Суу айыл аймагын түзүү;
Сары-Булак жана Соң-Көл айыл аймактарын бириктирип, Сары-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Сары-Булак айыл аймагын түзүү;
Нарын району боюнча:
Дөбөлү жана Орток айыл аймактарын бириктирип, Дөбөлү айылын административдик борбор деп аныктоо менен Дөбөлү айыл аймагын түзүү;
учурдагы чек араларын өзгөрүүсүз калтыруу менен Чет-Нура айыл аймагын түзүү;
Миң-Булак, Он-Арча, Эмгекчил жана Кара-Кужур айыл аймактарын бириктирип, Куйбышев айылын административдик борбор деп аныктоо менен Миң-Булак айыл аймагын түзүү;
Жерге-Тал жана Казан-Куйган айыл аймактарын бириктирип, Жерге-Тал айылын административдик борбор деп аныктоо менен Жерге-Тал айыл аймагын түзүү;
Жан-Булак жана Достук айыл аймактарын бириктирип, Жан-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Жан-Булак айыл аймагын түзүү;
Учкун жана Сары-Ой айыл аймактарын бириктирип, Куланак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Учкун айыл аймагын түзүү;
Эмгек-Талаа жана Ак-Кудук айыл аймактарын бириктирип, Ак-Талаа айылын административдик борбор деп аныктоо менен Эмгек-Талаа айыл аймагын түзүү.
Жарлыкка ылайык, Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин учурдагы депутаттары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин облустун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары болуп калат.
Ал эми иштен бошогон муниципалдык кызматчыларды жумушка орноштуруу, компенсацияларды төлөө жана аларды кайра даярдоо маселелерин облустун жергиликтүү администрациялары чечет.
Пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде бириккен айыл аймактардын жергиликтүү бюджеттерине республикалык бюджеттен кошумча 10 миллион сомдон бөлүнөт.
Жогорку Кеңештин V, VI чакырылышынын депутаты, республикалык Аялдар кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2023
Радио
Алтыбаева: райондук кеңештерди түзүүнүн кажети жок
Жаңылыктар түрмөгү
0