Батышты банк каатчылыгы каптап барат. Ой толгоо

© AP Photo / Seth WenigНью-Йорк биржасы фонддук биржасы. Архив
Нью-Йорк биржасы фонддук биржасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2023
Жазылуу
АКШ бийлиги өткөн айдагы банк тармагындагы кыйроону жөнгө салып, каатчылыкты жоюп койгондой түр көрсөтүү далалатында. Кырдаал чындыгында ошондойбу?
Жергиликтүү ири банктарды тобокелдиктер тооруп, аманатчылар алардан акчаларын чыгарып кетүүгө шашылып жаткан убак. Ушул абалга байкоо салган серепчи Виктория Никифорованын макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Банкроттукка кабылчудай абалда турган кезектеги каржылык мекеме — Кошмо Штаттарда көлөмү боюнча 14-орундагы First Republic банкы. Мындай жагдай туурасында да көп сөз жүргөн, эң оболу бул капиталы триллион доллардан ашкан үлкөн банктарга пайдалуу экени айтылган. Алар атаандаштарын атайын кыйратып, ал жактагы салымдарды өзүнө тартууну көздөйт имиш. Чынбы, жалганбы, айтор, бул ирет АКШ Федералдык резерви каржы багытындагы алптарды First Republic банкын сактап калууга мажбурлап туру.
First Republic банкынын акциялары наркы жогору кезде 147 доллар турса, азыр 12-14 доллардан коюлууда. Аманатчылар акчаларын алып кетип жатышат. The Wall Street Journal First Republic банкынын бул "бороондон" соо калбай турганын боолголойт. Америкалык маалымат каражаттары жарандардан каржы жаатындагы жагымсыз чындыктарды жашырууга кынык алганы менен азыр бул басылма баарын ачык эле жазууда.
Банкрот "илдети" ушул тапта Европага да тарап, швейцариялык айтылуу Credit Suisse да кыйрады. Анын артынан үлкөндөрдүн бири Deutche Bank да ошондой тагдырга кабылды. Ушул тапта салык төлөөдөн качкан деп шектелип франциялык эки ири BNP Paribas жана Societe General банктары кайра-кайра текшерүүдөн өтүүдө. Батыш банктарынын жапырт жабыркашы ыктымал экенин адистер бул системада топтолуп калган эбегейсиз карыз менен түшүндүрүп жатышат.
Каржылык институттар жылдап бири-бирине насыя берип, кайра насыялап келишет. Натыйжада алардын акчасынын 90 пайызына жакыны бересе экени жашыруун эмес. Ал эми мындай МММ качан кыйрап калары – мезгилдин маселеси. Өкмөттөрдүн алды-артын ойлобой иш кылганы жана банктардын ач көздүгү ушундай кооптуу кырдаалга тушуктурганы каржы тармагынан алыс кишиге деле даана байкалат.
Бийлик акча басуучу станокту "күпүлдөтө" иштеткени АКШ менен Европада инфляцияга кептеди. Бул көрсөткүч өткөн жылы аларда сегизден жыйырмадан ашык пайызга чукулдады. Аманат чендери дээрлик көтөрүлгөн жок. Мисалга Англияны алалы. Расмий инфляция он бир пайыздан ашат, бирок иш жүзүндө абал андан да начар. Ал эми өлкөнүн үлкөн банктары жылдык 1,3%дан да аз сунушташат.
Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2023
ЭВФ дүйнөлүк экономика тушуга турган кыйынчылык тууралуу эскертти
Америкада деле ошондой кырдаал. Федералдык резерв ставканы улам жогорулатып келгени менен инфляция дээрлик он пайызга чыкты. Ал эми жылдык аманат боюнча орто "кирешелүүлүк" — 1,28%, ал эми беш жылдык — 1,21%ды түзүүдө. Ала кушту атынан атай турган болсок, аманатчы акчасын сактаганы үчүн кыйла көп төлөп калат. Анан, албетте, жарандар акчаларын эсептерден алып, башка нерселерге сала башташат. Жардыраак жашагандары бир нерселерди сатып алууга ашыгат, антпесе баары бир инфляция "жеп" коёт. Бизнестер жана байыраактары акция, алтын сатып алууга белсенишет. Бирок мында да кооптуу бир жагдай бар, бийлик күтүүсүздөн баалуу металлдарды тартып алышы ыктымал. Кошмо Штаттарда 1933-жылы жеке адамдардын алтынга ээ болушуна тыюу салынып, бул мыйзам 1974-жылга дейре иштеп турганы тарыхтан маалым. Кандай болсо да азыркы көрүнүштөрдөн улам аманатчылар банктардан өз акчаларын чыгарып кетүүгө шашылышат.
Башында триллионер банктар мындай экономикалык бороонго кабылбайт деген пикир бар эле. Бирок андай эмес экени ырас. Ири америкалык банктардын былтыркы жылга карата отчёту катуу кооптондурат. АКШдагы төртүнчү саптагы Wells Fargo Group банкынын 2022-жылы көргөн кирешеси мурдагы жылкыга караганда он үч эсеге төмөндөп кеткен. Анын акциялары ушул тапта былтыркыга караганда 27% арзан.
Көлөмү боюнча экинчи орундагы Bank of America акциялары быйыл 2021-жылкыга караганда 35%га төмөн. Мындай көрүнүш бардык жерде байкалат. Анан да отчёттору жарыяланар замат банктардын акциялары арзандап кеткени кызык. Балким, ушундан уламбы, азыр АКШнын каржылык алптарынын бири JP Morgan Chase отчётун жарыялоого ашыкпай турат. Анткен менен айтылуу бул банк ири жаңжалга кабылды.
CNBC телеканалы банктын кожоюндары дегеле алмашпай келген CEO, келишимдүү миллиардер, Демократиялык партиянын ашынган күйөрманы Жейми Даймонду кызматтан кетирүү чечимин кабыл алышканын кабарлады. Айтмакчы, дал ушул киши 2023-жылы дүйнө "экономикалык бороонго" кабыларын жоромолдогон.
Көп өтпөй Жейми Даймон 2019-жылы Нью-Йорктогу түрмөдө табышмактуу каза тапкан белгилүү сутенёр Жефри Эпштейн менен байланышы бар экени тууралуу маалымат күтүүсүздөн ачыкталды. Банкирге азырынча кандайдыр бир айып тагыла элек, бирок федералдар ал кишинин жашы жете элек кыздарды жогорку мартабалуу кишилерге сатып акча табуу үчүн Эпштейнге жардамдашкан деп шектенип жатышат. Алардын баамында, андай иштен түшкөн акча JP Morgan Chase эсептеринде сакталып, инвестициялоого пайдалуу болгон. Жейми Даймон бул боюнча сотто көрсөтмө берүүгө сөз берди. Бул киши ондогон жылдар бою дүйнө кыдырып, климатты коргоого чакырып, трансгендерлик боюнча да оң пикирлерин айтып келген. Эми жаш кыздардын жапырт сатылышы тууралуу иш боюнча көрсөтмө бергени турат. Балким мындай чоң жаңжал JP Morgan Chase жылдык отчётун бурмалоого да жол берер. Анткени мындай алп банктын да акциялары арзандап кетиши ажеп эмес.
Расмий бийлик канчалык жаап-жашырууга тырышканы менен банк каатчылыгы бүтүндөй Америка менен Европаны каптап баратат. Бирок бул дүйнөнүн калган бөлүгүнө канчалык коркунучтуу? Себеби америкалыктар өз көйгөйлөрүн дүйнөгө жайылтууга маш эмеспи.
Россиянын банк секторунун алардан оолак экени артыкчылык берет. Европалык банктардын арасынан 2022-жылдагы кирешелер боюнча алдыңкы сапка австриялык Raiffeisen банкынын суурулуп чыкканы бүйүр кызытпай койбойт. Буга анын россиялык рынокто калышы себеп болгон. Сбербанктын жагдайы кыйла дурус эмеспи. Ушул тапта европалык бийлик Россиядан чыгып кетиши үчүн Raiffeisen банкына болгон күчүн жумшоодо. Демек, ушул өңдүү көрүнүштөр азыркыдай экономикалык бороондо РФтин ынанымдуу "баш калкалаар жай" экенин айгинелейт.
АКШнын финансы министри Жанет Йеллен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2023
АКШнын финансы министри болушу мүмкүн делген дефолттун кесепетин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0